«Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун иш аракеттери (VAP) (www.vap.kg) жалпы максатка жетүүгө багытталган: “жарандардын жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске катышуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жана ЖӨБ органдарынын мамлекеттик кызматтар менен камсыздоодо тийиштүү деңгээлде каражаттарды колдонуу аркылуу өз милдеттерин аткаруусун кепилдөө”.

Долбоор Кыргыз Республикасындагы Швейцария Өкмөтүнүн каржылык колдоосунда ишке ашууда. Швейцария Өкмөтү Кыргызстандын өнүгүүсүнө көмөктөшөт жана саламаттык сактоо, мамлекеттик сектордун реформалары жана инфраструктура, жеке менчик сектордун өнүгүүсү сыяктуу чөйрөлөрдө ишке ашырылуучу долбоорлорду координациялайт.  

Долбоор Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) тарабынан ишке ашырылат. ӨСИ – бул мыйзам иштеп чыгуу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун өнүгүүсү, стратегиялык пландоо, экономикалык өнүгүү жана маалымат алмашуу чөйрөлөрүндө көп жылдкы иш тажрыйбасына ээ болгон эксперттерден түзүлгөн кыргызстандык коммерциялык эмес бейөкмөт уюм. ӨСИнин миссиясы — жергиликтүү жамааттарга жана башкаруу органдарына адамдын татыктуу жашоого болгон укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүнө ашыруусуна көмөктөшүү. 

Долбоордун мөөнөтү жана географиясы:

III фаза

Жыйынтыктоочу фазанын максаты – жетишилген жыйынтыктарды бириктирүү жана алынган тажрыйбаны бардык КРнын ЖӨБ органдары арасында жайылтуу.

– Долбоордун жалпы максаты болсо мурдагыдай бойдон кала берүүдө (туюндурмада бир аз өзгөрүүлөр болгонун эсепке албаганда): жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарды чечим кабыл алуу процессине тартуу менен, мамлекеттик финансыны дагы да ачык-айкын, жоопкерчиликтүү башкарышат.

 

II фаза 

Максаты:
– ЖӨБ органдары жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусун бир кыйла жогорулатуу менен коомдук финансыны дагы да ачык-айкын жана эффективдүү башкара башташат.

Кошумча маалымат

I фаза 

Максаты: 

– Жарандардын жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесске катышуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкка кызмат көрсөтүүдө жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу багыттоосун камсыздоо.  

Толук маалымат