Кыргызстандын жарандары жергиликтүү өз алдынча башкарууга ишенет жана ага ийгиликтүү катышууда

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”Долбоорунун Биринчи фазасын аткаруунун жыйынтыктары, 2011 - 2015

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) 2011-жылдын ноябрь айында Швейцария Өкмөтүнүн демилгеси менен башталган. Швейцария – дүйнөгө күчтүү федерализм жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу салттары менен таанылган. Бул өлкөдө жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуу укуктары бекем сакталат. Ошондуктан 2010-жылдагы окуялардан кийин Швейцария Өкмөтү жергиликтүү жамаат менен кызматташтыкты күчөтүп, жарандарды бюджетти пландоо процесстерине жигердүү тартып, муниципалдык башкаруунун жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүүнү чечти.

2011-жылы кыргыз өкмөтүндө бир топ көйгөйлөр болсо да, негизги көңүл мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, парламенттик башкаруунун жаңы формаларын түзүүгө, социалдык туруктуулукка жетүүгө, экономикалык өсүштүн ыргактарын калыбына келтирүүгө бурулду. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу маселелерине кирген эмес. Ошондуктан Швейцария Өкмөтү тарабынан колдоо өтө маанилүү жана өз убагында болду. Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) эл аралык деңгээлдеги таза атаандаштык күрөштүн натыйжасында бул долбоордун аткаруучусу болуп тандалды. Эл аралык тендерди уткан жергиликтүү уюм катары ӨСИ Швейцариянын Өкмөтү жана Элчилиги алдында да, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алдында да өз жоопкерчилигин толук сезип турду. 

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Биринчи фазасы Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылып, 130га жакын айылдык аймакты камтыды. 2015-жылдын жаз мезгилинде ЭҮЖӨБОЖ Долбоору биринчи фазасын аталган эки облуста жыйынтыктап, экинчи фазага өттү. Анын алкагында Долбоор эми Чүй, Ош жана Нарын облустарында иш алып бармакчы.