Плакаттар сынагы "Ушул тапта, ушул жерде: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу»

Сынак иштери 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап 2022-жылдын 17-январына чейин кечки саат 17:00дөн кечиктирбестен тапшырылышы керек.

Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда.

Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик жана чечимдерди кабыл алуу процессине активдүү катышуусу менен ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү бюджеттик каражаттарды ачык жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу.

Долбоордун негизги өнөктөштөрү: «Муниципалитет» журналы, Кыргызстан Сүрөтчүлөр Союзу, «Билимкана» мектептер тармагы, Ысык-Көл облусунун сүрөтчүлөр Союзу, «Лидерство» жаштар бирикмеси (Каракол ш.), Ош областтык көркөм сүрөт музейи, Кыргызстан Сүрөтчүлөр Союзунун Жалал-Абаддагы бөлүмү, «СХ» журналы.

Негизги маалымат аянтча: ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы (www.myktyaimak.gov.kg)

ПЛАКАТТАР СЫНАГЫ

"УШУЛ ТАПТА, УШУЛ ЖЕРДЕ:
Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу”

Плакаттардын темалары:

  • Жергиликтүү бюджетти түзүүгө жана аткарууга жарандардын катышуусу. Жергиликтүү бюджетте жарандардын артыкчылыктуу муктаждыктары эске алынышы керек. Жарандар бюджет жөнүндө бардык маалыматтарды билүүгө, өз сунуштарын киргизүүгө жана бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөөгө укуктуу. Жергиликтүү бюджетте ар кандай топтордун, анын ичинде аялдардын, жаштардын жана башка аярлуу топтордун муктаждыктары эске алынышы керек.
  • Жергиликтүү өнугүү бардык тараптар үчүн, анын ичинде аярлуу топтор: аялдар, жаштар, карылар, мигранттар, азчылыктар ж.б. Жергиликтүү өнүгүү бул - «Эч кимди артта калтырба!» аттуу принциби боюнча жергиликтүү коомчулуктун бардык топторунун жашоо шарттарын жакшыртуу. Жергиликтүү коомчулуктун бардык топторуна өздөрүнүн социалдык, экономикалык жана саясий укуктарын өнүктүрүү жана ишке ашыруу үчүн шарттар түзүлүүгө тийиш.
  • Жеткиликтүү кызматтар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарга ыңгайлуу шартта жашоо үчүн кызматтарды түзүүгө зарыл, анын ичинде ичүүчү сууну, канализацияны, көчөлөрдү жарыктандырууну, ички жолдорду жана тротуарларды, таштандыларды чыгарууну, парк аймактарын, бала бакчаларды, маданий тейлөөнү, спортту ж.б.

Сынактын максаты – жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга болгон укуктары жөнүндө түшүнүктү визуалдык образдар жана көркөм чечмелөө аркылуу кеңейтүү.

Сынактын тапшырмалары

  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу конституциялык принципти дагы да масштабдуу сакталышына көмөктөшүү (КР Конституциясынын 37-беренеси, 6-п.), анын ичинде гендердик теңчиликти эске алуу менен жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө иш жүзүндө катышкан жарандардын санын көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү;
  • жергиликтүү бюджетти түзүү, аткаруу жана жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү көйгөйлөрүнө жарандардын көңүлүн буруу жана кызыгуусун күчөтүү;
  • калктын аярлуу катмарынын, анын ичинде аялдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен жергиликтүү бюджетти түзүү боюнча жергиликтүү кеңештердин, шаардык мэриялардын, айыл өкмөттөрдүн тажрыйбасын жана каалоосун кубаттоо.

Катышуучулар

Сынактын катышуучулары Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган 14 жаштан жогору жеке адамдар же жеке адамдардын топтору болуп саналат. Кесипкөй сүрөтчүлөр жана дизайнерлер, ошондой эле чыгармачыл студенттер катышууга чакырылат жана кубатталат.

Тандоо шарттары

Сынактык иштер сынакка катышууга жарамдуулугуна жараша бааланат.

  • Сынакка А3 көлөмүндөгү эркин техникада (компьютерге же колго) жасалган автордук плакаттар кабыл алынат.
  • Бир автордон (авторлор тобунан) 3төн ашпаган иш катыша алат.
  • Плакаттар өзүнө графикалык, шрифттик (кыргыз же орус тилдериндеги ураандар) же фотографиялык элементтерди камтый алат.
  • Арткы бетине төмөнкүлөрдү жазыңыз:
    • автордун (авторлордун) аты жана фамилиясы
    • автордун (авторлордун) жаш курагы
    • автордун (авторлордун) үй дареги, телефон номери (жумуш, үй, чөнтөк телефондор)
    • автордун (авторлордун) электрондук дареги
    • студенттер үчүн ЖОЖдун аталышы, жана кеңеш берген окутуучунун аты-жөнү (эгерде ошондой окутуучу болсо)
    • студенттер жана жогорку класстын окуучулары үчүн: окуу жайынын аталышы, консультант-окутуучунун толук аты-жөнү (бар болсо).
  • Плакаттын бет жагында автор (авторлор) тууралуу эч кандай маалымат БОЛБОШ КЕРЕК.
  • Сынакка сынак комиссиясынын жана сынактын уюштуруучуларынын үй-бүлө мүчөлөрү КАТЫША АЛБАЙТ.

Сынактын шарттарына жооп бербеген иштер КАБЫЛ АЛЫНБАЙТ.

Байгелер

Сынактын жалпы байге фонду – 130 000 сом. Байге фондунун каражаты Өнүктүрүү саясат институтунун Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору тарабынан берилген.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар төмөнкү тартипте ыйгарылат:

  • I орун – 50 000 сом;
  • II орун – 30 000 сом;
  • III орун – 15 000 сом (эки байге);
  • атайын байге “Айым жана жергиликтүү бюджет” – 5 000 сом;
  • шыктандыруучу байге – 5 000 сом (үч байге анын ичиниде “Аймактан түшкөн мыкты иш” жана “14 – 18 жашка чейинкилер тобундагы мыкты иш”).

Уюштуруучулар акча каражаттарын байгелердин ортосунда бөлүштүрүүнү өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.

Маанилүү: Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр кармалып калгандан кийин берилет.

Автордук укук: Бардык укуктар плакаттардын авторлоруна жана Өнүктүрүү саясат институтуна таандык. Сынактын уюштуруучусу (Өнүктүрүү саясат институту) конкурстук иштерди маалымат каражаттарында жана Өнүктүрүү саясат институтунун башка басылмаларында, анын ичинде коммерциялык продукцияда жарыялоо укугун өзүнө калтырат.

Сынак комиссиясы

Жеңүүчүлөрдү курамына төмөнкү тараптардан түзүлгөн Сынак комиссиясы аныктайт:

  • Татьяна Зеленская, сүрөтчү – сынак комиссиясынын төрайымы;
  • Айнура Чандыбаева, Борбордук Азиянын ЖӨБ Академиясынын директорунун м.а.
  • Бекболот Бекиев, Долбоордун жетекчиси;
  • Гамал Бөкөнбаев, искусство таануучу
  • Дмитрий Лысогоров, сүрөтчү, дизайнер;
  • Замир Ыманкалиев, КР ЖӨБ Союзунун эксперти;
  • Нюргуяна Иннокентьева, сүрөтчү, графикчи.

Комиссия келип түшкөн сынактык иштерди карап чыгып, сынактын акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдын ичинде жеңүүчүлөрдү аныктайт.

Сынактын жеңүүчүлөрү Сынак комиссиянын отурумунун аягында билдирилет.

Сынактык иштерди кабыл алуу мөөнөтөрү:

Сынак иштери 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап 2022-жылдын 17-январына чейин кечки саат 17:00дөн кечиктирбестен төмөнкү даректер боюнча тапшырылышы керек:

  • Бишкек ш., Өнүктүрүү саясат институту, Шевченко көч.114 (Абдымомунов көч. менен кесилишет). Координатор: Жылдыз Керимова. Тел.: + (996 312) 976-530, + (996 555/770) 436 660.
  • Ош ш., Ош областтык көркөм сүрөт музейи, Алебастров көч. (Кол өнөрчүлөр) 31. Координатор: Бактыгуль Мединова. Тел.: + (996 3222) 72416,
  • Каракол ш., “Лидерство” жаштар бирикмеси, Ленин көч.,138. Координатор: Анастасия Стыценко. Тел.: + (996 555) 837 225
  • Джалал-Абад ш., “Билимкана Джалал-Абад” мектеби, Могол пер. 19. Тел.: + (996 770) 110 018. Координатор: “Билимкана” мектеби.
  • Чолпон-Ата ш., А. Осмонов ат. гимназия. 3 микрорайон, №1. Координатор: Душобек Искаков. Тел.: + (996 777) 305 741

Сынактын куратору: Наталья Андрианова

Сынактын консультанты: Гамал Боконбаев

Долбоордун координатору: Жылдыз Керимова

Көмөкчү маалымат булактары:

Версия для печати: print

Иш-чаралар