Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын мектеби

Конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөр 2020-жылдын 11-декабры, саат 17:00гө чейин төм. дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Шевченко көчөсү, 114 же электрондук дарекке жөнөтүңүз: ABuzurmankulova@dpi.kg

Өнүктүрүү саясат институту Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (мында ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) долбоорунун алкагында Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын мектебин уюштурууда. Мектептин максаты – жигердүү аялдардын, анын ичинде кыз-келиндердин элеттик муниципалитеттердеги жергиликтүү кеңештерде өз потенциалын ишке ашыруусу үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү.

Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусун күчөтүү үчүн жергиликтүү кеңеш жакшы көпүрө болуп бере алат. Аярлуу топтордун кызыкчылыктарын коргоо үчүн жергиликтүү кеңештердин курамында аялдар менен жаштардын болгону өтө маанилүү. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун изилдөөлөрү жана тажрыйбасы көрсөткөндөй1, аялдардын жергиликтүү шайлоого катышуу көрсөткүчүнүн төмөн болушунун бир нече себеби бар: аялдар өз күчүнө ишенишпейт (өзүнө берген баасы өтө төмөн), жамаат аларды уяткарат деп коркушат, өз билимине болгон ишеними аз. Жаштарда болсо такыр башка көйгөйлөр бар – алар кеңешке барууга даяр, бирок депутаттын иш-милдеттерин сапаттуу аткаруу үчүн атүгүл баштапкы билими да жетпей калууда. Мунун натыйжасында жергиликтүү кеңештердеги жаштардын бөлүгү же деструктивдүү күчкө айланууда, же улуу депутаттар аларды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып кетүүдө.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын билими жетишсиз болгонунун натыйжасында ЖӨБ органдарынын ишинде өтө көп кыйынчылыктар бар экенин КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу да тастыктайт. ЖӨБ Союзу жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин сапаттык курамын жогорулатууга кызыкдар. Союз шайлоо мыйзамдардын талабына ылайык, анын ичинде гендердик теңдик талаптарын сактоо менен өткөрүлүшүн каалайт.

Бул маселени чечүү үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоору 2020-жылы Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын мектебин уюштурууда.

Мектепти уюштурууда Долбоордун негизги өнөктөшү – КР ЖӨБ Союзу.

Мектептин аянтчасы – Кыргыз Республикасынын Мыкты тажрыйбаларынын порталы.

Максаттуу аудитория – Кыргыз Республикасынын жараны болгон жана айылдарда жашаган 20 аял (28 жаштан жогору курактагылар) жана 10-20 кыз-келин (28 жашка толо электер).

Аял талапкерлерге коюлган талаптар:

Мектепке катышуу үчүн кызыкдар жактар жогоруда айтылган критерийлерге шайкеш келиши керек; өз тажрыйбасын жана пландарын сүрөттөп бергенде жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу каалоосу бар болгонун, буга умтулганын далилдеши керек. Катышуучулар өтүнмөнү тиркелген формага ылайык толтуруп чыгууга тийиш. Мектептин катышуучулары конкурстун негизинде тандалып алынат.

ЖҮКТӨП АЛУУ ҮЧҮН МАТЕРИАЛ: МЕКТЕП ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ӨТҮНМӨ ФОРМАСЫ

 

Документтерди толук көлөмдө 2020-жылдын 11-декабры саат 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча тапшырыш керек: 

Толугу менен толтурулган өтүнмөнү жана дилбаянды:

Мектепке же өтүнмөнү толтурууга байланыштуу суроолор пайда болсо Долбоордун кызматкерине, Мектепти уюштуруу ишинде Порталды колдоого жооптуу болгон Алтынай Бузурманкулованын электрондук дарегине кат жазыңыз (ABuzurmankulova@dpi.kg) же телефон чалыңыз: 0312 976530, 0770 771156.

 

______________________

[1] Жергиликтүү кеңештердин азыркы курамында жаштар көбүрөөк болуп калды. Бирок жергиликтүү кеңештердин сапаттык курамын алганда гендердик теңсиздик байкалат. Айталы, өткөн чакырылышка салыштырмалуу жалпысынан Кыргыз Республикасы боюнча 2016-жылы айылдык жергиликтүү кеңештерде аялдардын саны 2 пайызга азайып, депутаттардын жалпы санынан 13 пайызды түзгөн. Шаардык кеңештердин курамында да аялдардын үлүшү азайып кетти – 24,6 пайыздан 20,5 пайызга түштү. Жергиликтүү кеңештердеги гендердик теңсиздик аялдар үчүн 30 пайыздык квоталарды киргизүүгө себепчи болду. Бул ченем мыйзамдарга 2019-жылы киргизилген. Булак: ЖӨБ-2017 аттуу жыл сайын чыгуучу басылма. Өнүктүрүү саясат институту, 2018-жыл.