Кичи гранттар программасы

Долбоордун Гранттык фондунун каражаттары жергиликтүү жамааттын жашоо шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулат.

Тиркемелер:

Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан Улуу Британиянын Эл Аралык Өнүктүрүү боюнча Министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланат.

Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүү. Бул Долбоордун алкагында Кичи гранттар программасы ишке ашырылат.

Кичи гранттар программасынын максаты
Кичи гранттар программасынын негизги максаттары төмөнкүлөр:

Гранттардын максаттуу багыты
Долбоордун Гранттык фондунун каражаттары жергиликтүү жамааттын жашоо шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулат. Долбоордук идеялар калктын катышуусу менен анкета жүргүзүүнүн, фокус-топтордун жана элеттин көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо боюнча иш-чаралардын (ЭКБА/PRA-сессиялар) жардамы менен аныкталган артыкчылыктарга шайкеш келиш керек.

Арыз берүүчүлөр
Кичи гранттар программасына арыз берүүчүлөр - Ысык-Көл облусунун жана Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары.

Гранттык долбоорлордун узактыгы: 6 айдан ашпаш керек

Гранттын суммасы
Бир айылдык аймак үчүн гранттын суммасы 20 000 Швейцар франкынан ашпайт. Мында жамааттын салымы же долбоорду колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттын үлүшү долбоордун жалпы баасынан 10% кем болбошу керек. Салым акчалай түрүндө да, ошондой эле материалдык жана эмгек ресурстары түрүндө да боло алат. Арыз берүүчү бир гана табыштаманы тапшыра алат, мында суралып жаткан сумма гранттын суммасынан ашпаш керек.

Долбоордук табыштаманы берүү мөөнөтү
Долбоордук табыштамаларды “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтуна 2013-жылдын 12-мартынан кеч эмес мөөнөттө тапшырылыш керек.

Кичи гранттар программасын ишке ашыруунун тартиби
Кичи гранттар программасын ишке ашыруу процессинде бардык арыз берүүчүлөр үчүн милдеттүү шарт катары эсептелген төмөнкү аракеттер катары менен аткарылыш керек:
1-кадам. Артыкчылыктарды аныктоо. ЖӨБО ар бир айылдын калкын мүмкүн болушунча көбүрөөк тартуу менен айылдык аймактардагы айылдардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктайт (анкета жүргүзүү фокус-топтор жана PRA-сессиялар, айылдык жыйындар аркылуу); жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын аныктайт; демилгелүү топторду түзөт (мындан ары – ДТ) .
2-кадам. Артыкчылыктуу тапшырмаларды чечүүнү пландаштыруу. ЖӨБО ДТ менен биргелешип жооптууларды аныктоо аркылуу табылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча аракет планын иштеп чыгат.
3-кадам. Жамаатты маалымдоо. ЖӨБО долбоордук идеяларды чогултуу тууралуу маалымат өнөктүгүн өткөрөт жана долбоорду башкаруу жана иштеп чыгуу боюнча тренингге өкүлдөрдүн катышуусун камсыздайт. Тренингдин убактысы жана орду тууралуу Долбоор кошумча маалымдайт (тренингдин катышуучулары: ДТ, АӨ кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары). Тренингдер жана Долбоордун башка иш-чаралары тууралуу маалыматтар алдын ала Долбоордун www.vap.kg сайтында жайгаштырылат.
4-кадам. Долбоорду тандоо. Айылдын жыйынында артыкчылыктуу долбоор тандалат: ДТ долбоорду тартуулайт, айлдык жыйындын катышуучулары артыкчылыктуу долбоорду тандайт, БМжБ боюнча Жумушчу топтун курамын тандайт, долбоорду кошо каржылоо маселеси талкууланат.
5-кадам. Долбоордун иштеп кетүүсүн текшерүү. ЖӨБ аткаруу органы долбоордун ишке ашуусун текшерип, эксперттик баа берет, ДТ долбоордун техникалык-экономикалык негиздүүлүгүн даярдоодо колдоо көрсөтөт.
6-кадам. Маалымдоо. ЖӨБО грантка тандалып алынган долбоор боюнча маалымат өнөктүгүн жүргүзөт.
7-кадам. Бекитүү. Жергиликтүү кеңештин сессиясы артыкчылыктуу долбоорду бекитет, жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоонун үлүшүн жана жергиликтүү жамааттын каражатынан салымды бекитет, Долбоорго биргелешип мониторинг жүргүзүү жана баалоо (БМжБ) боюнча Жумушчу топтун курамын бекитет.
8-кадам. Долбоордук табыштаманы даярдоо. Айыл өкмөтү ДТ катышуусу менен Долбоордук табыштаманы бардык тиркемелери менен бирге толтуруп, Долбоордун кеңсесине тапшырат. Кеңсенин дареги: Бишкек ш., Үсөнбаев көч, 44-үй.

Долбоордук табыштамаларды карап чыгуу жана сынактын негизинде тандоо
Арыз берүүчүлөр форма боюнча даяр долбоордук табыштамаларды Долбоордун кеңсесине беришет (“Долбоордун табыштамасынын формасы” №1 тиркеме) Долбоордун кызматкерлери сынактын негизинде тандап алуу үчүн алдын ала даярдык көрүү ишин жүргүзөт. Тагыраак айтканда:

Сынактык комиссия табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаган учурдан тарта 15-20 иш күнүнүн ичинде табыштамаларды баалайт. Комиссиянын мүчөлөрү табыштамаларды балл боюнча критерийлерге ылайык баалайт жана кандай баалаганы боюнча түшүндүргөнү үчүн жооптуу эмес. Эң көп балл алган долбоордук табыштама жеңүүчү деп табылат. Сынактын жыйынтыгы тууралуу маалымат Долбоордун сайтындагы “Жаңылыктар” деген бөлүмдө жана “Муниципалитет” журналында жарыяланат. Жеңүүчүлөр Сынактык комиссия чечим чыгаргандан кийин бир апталык мөөнөт ичинде жазуу түрүндө маалымдалат.

Сынактык комиссиянын курамы:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлү;
  2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин өкүлү;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана регионалдык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү;
  4. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирикмесинин өкүлү;
  5. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБ өкүлү;
  6. Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү;
  7. Долбоордун өкүлү.

Меморандумга кол коюу
Сынактын жеңүүчүсү аныкталгандан кийин Долбоор менен Арыз берүүчүнүн ортосунда Долбоордук табыштаманы ишке ашыруу тууралуу Меморандумга (мындан ары – Меморандум) кол коюлат.

Каржылоо
Акча каражаттарынын кыймыл схемасы төмөнкүдөй:
«Долбоор – жергиликтүү бюджет – аткаруучу».
Меморандумга кол коюлгандан кийин Арыз берүүчү:

Гранттык каражат Арыз берүүчүнүн эсебине Долбоордун эсеби кайсы коммерциялык банкта ачылса, ошол жактагы гранттык каражат которула турган күндүн курсу боюнча Кыргыз сому менен которулат. Арыз берүүчүнүн иш планына ылайык, каражатты которуу транш аркылуу жүргүзүлөт. Арыз берүүчү алынган гранттык каражат боюнча аткарылган иштердин актыларын жана мурдагы транш боюнча отчетторду тапшыргандан кийин гана кийинки транш берилет.

Ресурстарды мобилизациялоо
Жергиликтүү бийлик органдары жана (же) жамааттар тарабынан кошо каржылоо кичи грант берүүнүн милдеттүү шарты болуп эсептелет. Сынактын жеңүүчүсү кошо каржылоо үчүн арналган бардык каражаттарды чогултуш керек. Эгерде:

Эгерде гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде Арыз берүүчү кошо каржылоо боюнча милдеттемени толугу менен, же жарым-жартылай аткарбаса, Долбоор гранттык каржаттарды кайра чакыртып алуу укугуна ээ.

Сатып алуунун жол-жоболору
Гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде товарларды, жумуштарды же кызматтарды сатып алуу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Товарларды, жумуштарды же кызматтарды сатып алуулар төмөнкү критерийлерге шайкеш келиш керек:

Сынактын жеңүүчүлөрү үчүн “Сатып алуунун жол-жоболору” аттуу темага тренинг өткөрүлөт.

Долбоорду ишке ашырууну көзөмөлдөө
Гранттык каражаттын максаттуу пайдаланып жатышын жана эффективдүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн Арыз берүүчү Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү (БМжБ) боюнча Жумушчу топ түзүш керек. Жумушчу топ долбоордун аткарылышына мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгын, финансы каражаттарынын максаттуу жана эффективдүү пайдаланылышын жана аткарылып жаткан ишти баалайт. Жумушчу топ жергиликтүү кеңештин сессиясында түзүлөт. Жумушчу топтун курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, ЖӨБнун аткаруу органынын өкүлдөрү, демилгелүү топтун мүчөлөрү кириш керек. Гендердик фактор сөзсүз эске алыныш керек: комиссия мүчөсүнүн 30 пайызынан кем эмес аялдар түзүш керек. Жумушчу топтун сандык жана сапаттык курамы, ишинин регламенти жергиликтүү кеңештин ачык сессиясында аныкталат жана анын чечими менен бекитилет.
Долбоор мониторингдик сапарлар, отчеттор жана зарыл болгон маалыматты талап кылуу менен өзүнүн мониторингин жүргүзөт.
Гранттык долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы үчүн жамаат алдындагы жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн. Гранттык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө, же анын жыйынтыгы боюнча жетишпестиктер же каталар аныкталса, Долбоор бул тууралуу кызыкдар тараптарды, анын ичинде жамаатты жана Долбоорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо (БМжБ) үчүн түзүлгөн Жумушчу топту маалымдоо укугуна ээ. Ошондой эле зарыл болгон учурда КШБ өкүлдөрү ишке ашырылып жаткан объекттерге барып, жамааттын чогулуштарына катышып, мониторинг жүргүзө алат.
Грант алуучу долбоорду ишке ашыруунун алкагында жетишилген жыйынтыктар боюнча айылдык аймактын жергиликтүү жамааты жана жергиликтүү кеңештин алдында ай сайын отчет берип турууга милдеттүү. Айкындуулукту, гранттык каражаттын максаттуу колдонулуп жатканын камсыздоо, долбоордун иши тууралуу кеңири маалымат берүү үчүн грант алуучу айыл өкмөттүн имаратынын алдында маалымат тактасын уюштуруш керек. Ал тактада долбоордун бюджети, иш планы, учурда болуп жаткан иштин түрү, ага жооптуу адамдар, каржылоонун булактары тууралуу толук маалымат болуп, объекттен сүрөттөр илинип туруш керек.
Долбоорго байланыштуу иш-чаралар белгиленген мөөнөттөрдө аткарылыш керек. Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтүнө таасирин тийгизе турган күтүлбөгөн окуялар болгон учурда Арыз берүүчү үч күндүн ичинде Долбоорду маалымдап, Долбоорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо (БМжБ) боюнча Жумушчу топко өзгөрүүлөр боюнча негиздемени кагаз жүзүндө тапшырыш керек. Долбоордогу сунушту ишке ашыруу мөөнөтү өзгөргөн учурда Долбоор менен Грант алуучунун ортосунда Меморандумга кошумча Макулдашуу түзүлөт.

Гранттык долбоордун соңу
Долбоор аяктагандан кийин 15 календардык күндүн ичинде Арыз берүүчү эки нуска менен долбоор аяктаганы тууралуу тиешелүү документтерди тиркөө менен жыйынтыкталган сүрөттөмөнү жана каржылык отчетторду даярдайт. Бул документтерди айыл өкмөтү бекитип, жергиликтүү кеңештин сессиясы жактырыш керек жана маалымат тактасында жайгаштырылып, андан тышкары жамаат алдында ачыкталыш керек (ММК, баракчалар, чогулуш ж.б.). Жыйынтыкталган сүрөттөмөнүн жана каржылык отчеттордун, аны менен кошо тиркемелердин экинчи нускасы Долбоорго тапшырылат.
Гранттык долбоордун жүрүшү тууралуу бардык маалымат оң тажрыйба катары андан ары жайылтуу үчүн Долбоорго тапшырылат.

Долбоорлордун туруктуулугу
Гранттык долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн же сатылып алынган объекттер муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилет жана алуучу бул мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн эсебине өткөрүүгө милдеттендирилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары объекттин андан ары да туруктуу иштей беришин камсыздоого милдеттүү. Арыз берүүчү объектти жамаат үчүн мындан ары да туруктуу иштетүү боюнча иш-чаралардын планын түзүш керек. Ага бул иш-чаралардын аткарылып жатышына жергиликтүү кеңеш (муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссия) тарабынан мониторингди ишке ашыруу боюнча көрүлгөн чаралар кошулуш керек.

Отчеттуулук
ЖӨБ органдарынын жамаат алдындагы жоопкерчилигин камсыздоо үчүн долбоордун ишке ашырылышы тууралуу отчеттор иш планында каралган мөөнөттөрдө жамааттын иш-чараларында тапшырылып, ачыкталып туруш керек, маалымат тактасында илинип, Биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча жумушчу топко берилиш керек
Долбоордун талаптарына ылайык, Арыз берүүчү ар бир алынган транш боюнча каржы отчетун Долбоорго тапшырат, жыйынтыкталган сүрөттөмө отчет (“Отчеттун формасы” №3 тиркеме) менен бирге соңку каржы отчету ЖӨБ органына айылдагы жалпы жыйында, жергиликтүү кеңешке жана Долбоорго берилиш керек.