Кичи гранттар программасы 2014

Долбоордук табыштамаларды “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтуна 2014-жылдын 10-мартынан кеч эмес мөөнөттө тапшырылыш керек.

Тиркемелер:


Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланат.

Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүү. Бул Долбоордун алкагында кичи гранттар программасы ишке ашырылат. 

Кичи гранттар программасынын максаты
Кичи гранттар программасынын негизги максаттары төмөнкүлөр:

Гранттардын максаттуу багыты
Долбоордун Кичи гранттар программасынын каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттын жашоо шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулат. Долбоордук идеялар калктын катышуусу менен анкета жүргүзүүнүн, фокус-топтордун жана элеттин көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо боюнча иш-чаралардын (ЭКБА/PRA-сессиялар) жардамы менен аныкталган артыкчылыктарга шайкеш келиш керек.

Арыз берүүчүлөр
Кичи гранттар программасына арыз берүүчүлөр - Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары.

Гранттык долбоорлордун узактыгы: 6 айдан ашпаш керек

Гранттын суммасы
Бир айылдык аймак үчүн гранттын суммасы болжол менен 1 000 000 сомдон ашпайт. Мында жамааттын салымы же долбоорду колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттын үлүшү долбоордун жалпы баасынан 10% кем болбошу керек. Салым акчалай түрүндө да, ошондой эле материалдык жана эмгек ресурстары түрүндө да боло алат. Арыз берүүчү бир гана табыштаманы тапшыра алат, мында суралып жаткан сумма гранттын суммасынан ашпаш керек.

Долбоордук табыштаманы берүү мөөнөтү
Долбоордук табыштамалар Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2014-жылдын 10-мартынан кеч эмес мөөнөттө тапшырылыш керек.

Кичи гранттар программасын ишке ашыруунун тартиби
Кичи гранттар программасын ишке ашыруу процессинде бардык арыз берүүчүлөр үчүн милдеттүү шарт катары эсептелген төмөнкү аракеттер катары менен аткарылыш керек:

  1. 1-кадам. Артыкчылыктарды аныктоо. ЖӨБО ар бир айылдын калкын мүмкүн болушунча көбүрөөк тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерге караштуу болгон айылдык аймактардагы айылдардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктайт (анкета жүргүзүү фокус-топтор жана PRA-сессиялар, айылдык жыйындар аркылуу); жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын аныктайт; демилгелүү топторду түзөт (мындан ары – ДТ) .
  2. 2-кадам. Артыкчылыктуу көйгөлөрдү чечүүнү пландаштыруу. ЖӨБО ДТ менен биргелешип жооптууларды аныктоо аркылуу табылган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча аракет планын иштеп чыгат.
  3. 3-кадам. Жамаатты маалымдоо. ЖӨБО долбоордук идеяларды чогултуу тууралуу маалымат өнөктүгүн өткөрөт жана долбоорду башкаруу жана иштеп чыгуу боюнча тренингге өкүлдөрдүн катышуусун камсыздайт. Тренингдин убактысы жана орду тууралуу Долбоор кошумча маалымдайт (тренингдин катышуучулары: ДТ, АӨ кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары). Тренингдер жана Долбоордун башка иш-чаралары тууралуу маалыматтар алдын ала Долбоордун www.vap.kg сайтында жайгаштырылат.
  4. 4-кадам. Долбоорду тандоо. Айылдын жыйынында артыкчылыктуу долбоор тандалат: ДТ долбоорду тартуулайт, айлдык жыйындын катышуучулары артыкчылыктуу долбоорду тандайт, БМжБ боюнча Жумушчу топтун курамын тандайт, долбоорду кошо каржылоо маселеси талкууланат.
  5. 5-кадам. Долбоордун иштеп кетүүсүн текшерүү. ЖӨБ аткаруу органы долбоордун ишке ашуусун текшерип, эксперттик баа берет, ДТ долбоордун техникалык-экономикалык негиздүүлүгүн даярдоодо колдоо көрсөтөт.
  6. 6-кадам. Маалымдоо. ЖӨБО грантка тандалып алынган долбоор боюнча грант алуу максатында маалымат өнөктүгүн жүргүзөт.
  7. 7-кадам. Бекитүү. Жергиликтүү кеңештин сессиясы артыкчылыктуу долбоорду бекитет, жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоонун үлүшүн жана (же) жергиликтүү жамааттын каражатынан салымды бекитет, Долбоорго биргелешип мониторинг жүргүзүү жана баалоо (БМжБ) боюнча Жумушчу топтун курамын бекитет.
  8. 8-кадам. Долбоордук табыштаманы даярдоо. Айыл өкмөтү ДТ катышуусу менен Долбоордук табыштаманы бардык тиркемелери менен бирге толтуруп, Долбоордун кеңсесине тапшырат. Кеңсенин дареги: Бишкек ш., Усенбаев көч, 44-үй.