“2015-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИН ТҮЗҮҮДѲ ЖАРАНДАРДЫН РЕАЛДУУ КАТЫШУУСУ” СЫНАГЫ

Долбоордук табыштаманы берүү мөөнөтү

Табыштамаларды «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2014-жылдын 1-августунан 15-августуна чейинки мезгилде бериш керек.

Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Долбоор Швейцария Өкмөтү жана Улуу Британиянын Эл аралык Өнүктүрүү Министрлигинин өнөктөштүгүндө каржыланат.
Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүү.

“2015-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИН ТҮЗҮҮДѲ ЖАРАНДАРДЫН РЕАЛДУУ КАТЫШУУСУ” СЫНАГЫ

Сынактын максаты
Сынактын негизги максаттары:
- жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу конституциялык принципти дагы да масштабдуу кармануусуна көмөктөшүү (КР Конституциясынын 52-беренеси, 3-п.);
- ЖӨБ органдарынын бюджет долбоорунда калктын керектөөлөрүн мүмкүн болушунча эсепке алуу тажрыйбасын жана ниетин колдоо;
- айыл өкмөтүнүн өз бюджет долбоорун мүмкүн болушунча реалдуу түзүү тажрыйбасын жана каалоосун колдоо;
- ЖӨБ органдарынын калк алдында айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуусуна көмөктөшүү;
- жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө чындап катышкан КР жарандарынын санын арттырууга көмөктөшүү.

Тапшырык берүүчүлөр
Тапшырык бергендер Ысык-Көл жана Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары эсептелет. Алар 2014-жылдын 1-июнунан 31-июлуна чейинки мезгил аралыгында 2015-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшөт.

Тандоо критерийлери
Тапшырыктар тиркелген материалдардын сапатынын негизинде да, ошондой эле ар бир айыл өкмөтүндө жарандык топтор менен кайра байланыштын негизинде да бааланмакчы.
Жеңүүчүлөр критерийлерге ылайык аныкталат.
Долбоордук табыштаманы берүү мөөнөтү
Табыштамаларды «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2014-жылдын 1-августунан 15-августуна чейинки мезгилде бериш керек.

Сынакты өткөрүүнүн тартиби

1. 1-майдан 30-майга чейинки мезгилде ЖӨБ органдары жергиликтүү салык жыйымдары боюнча бюджет божомолуна жана киреше бөлүгү боюнча трансферт төгүмдөрүнүн божомолу боюнча РайФБ маалыматтарына жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттик уюмдар менен мекемелердин сметаларына, СЭӨП (социалдык экономика ѳнүгүү планы), БАП (биргелешкен аракеттер планы) жана ЖӨБО башка документтерине таянып, жергиликтүү бюджеттердин долбоорун даярдашат.
2. Бюджет долбоорлорун даярдоо учурунда ЖӨБ органдары кийинки жылдын бюджет долбоору боюнча алдыда боло турган коомдук бюджеттик угууларга байланыштуу маалымат өнөктүгүн өткөрө баштайт.
3. 1-июндан 31-июлга чейинки мезгилде ЖӨБО коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшөт.
4. Коомдук бюджеттик угууларды өткөргөндөн кийин ЖӨБО угуулардын катышуучуларынын сунуштары боюнча жергиликтүү бюджеттин долбооруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, долбоорду жергиликтүү кеңешке бекитүүгө беришет.
5. ЖӨБ орган жергиликтүү кеңеш бюджетти бекиткени жана коомдук угуулардын натыйжасы боюнча кабыл алынган бардык өзгөрүүлөр жана кайсы сунуштар эсепке кандай себептер менен алынбай калганы тууралуу калкты маалымдайт.
6. ЖӨБО райондук финансы бөлүмүнө бюджет долбоорун белгиленген мөөнөттө тапшырат.
7. Эгерде ЖӨБО конкурска катышууну кааласа, коомдук бюджеттик угууларга даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн алкагында иштелип чыккан (тандоо критерийлерине өзгөчө көңүл буруңуз) документтердин көчүрмөлөрүн, фотоматериалдарды жана колдонулган көрсөтмөлүү агитациянын үлгүлөрүн ж.б. чогултат, табыштаманы толтурат жана Өнүктүрүү саясат институтуна 2014-жылдын 1-августунан 15-августуна чейин конкурска катышуу үчүн жиберет.

Табыштамаларды Долбоордун адиси Азамат Мамытовго төмѳнкү дарек боюнча берүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек ш., Усенбаев көч., 44, тел: (312) 97 65 30 / 31 /32, (факс) 97 65 29 же эл. дарек AMamytov@dpi.kg

Положение конкурса кырг_.doc

Форма заявки кырг.doc