Чакан гранттар программасы 2017

Долбоордук табыштамалар Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2017-жылдын 15-мартынан кеч эмес мөөнөттө тапшырылыш керек.

Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланат.

Долбоордун негизги максаты – ЖӨБ органдарынын жоопкерчилигин жана жарандардын чечим кабыл алуу процессинде катышуусун бир кыйла жогорулатуу аркылуу, ЖӨБ органдарына бюджеттик каражаттарды ачык жана  натыйжалуу башкаруусуна көмөктөшүү. Бул Долбоордун алкагында чакан гранттар программасы ишке ашырылат.

Чакан гранттар программасынын максаты

Чакан гранттар программасынын негизги максаттары төмөнкүлөр:

Гранттардын максаттуу багыты

Долбоордун Чакан гранттар программасынын каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттын жашоо шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулат. Долбоордук идеялар калктын катышуусу менен анкета жүргүзүүнүн, фокус-топтордун жана элеттин көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо боюнча иш-чаралардын (ЭКБА/PRA-сессиялар) жардамы менен аныкталган артыкчылыктарга шайкеш келиш керек.

Арыз берүүчүлөр

Чакан гранттар программасына арыз берүүчүлөр - Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары.

Гранттык долбоорлордун узактыгы: 6 айдан ашпаш керек

Гранттын суммасы

Бир муниципалитет үчүн гранттын суммасы болжол менен 1 000 000 сомдон ашпайт. Мында жамааттын салымы же долбоорду колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттын үлүшү долбоордун жалпы баасынан 10% кем болбошу керек. Салым акчалай түрүндө да, ошондой эле материалдык жана эмгек ресурстары түрүндө да боло алат. Арыз берүүчү бир гана табыштаманы тапшыра алат, мында суралып жаткан сумма гранттын суммасынан ашпаш керек.

Долбоордук табыштаманы берүү мөөнөтү

Долбоордук табыштамалар Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2017-жылдын 15-мартынан кеч эмес мөөнөттө тапшырылыш керек.