Жалпы байге кору – 700 000 сомду түзгөн “Жергиликтүү демилге 2017” сынагы

Байге кору Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу түзүлдү.

“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ 2017” СЫНАГЫ

Сынакты өткөрүүнүн максаты:

  1. калкты жамааттын турмушуна жана жеринде чечим кабыл алуу процессине дагы да активдүү катышууга шыктандыруу,
  2. жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча жакшы үлгүлөрдү шыктандыруу жана алар тууралуу маалыматты таратуу максатында аныктоо,
  3. Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жергиликтүү жамааттар менен өнөктөштүктө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө алдыңкы усулдарды жана жаңы ыкмаларды колдонууга көмөктөшүү.

СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ

Сынакты өткөрүү тартиби: Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар, өз алдынча же болбосо биргелешип Өнүктүрүү саясат институтуна өз айылында алардын биргелешкен демилгеси менен киргизилген/өткөрүлгөн жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өзгөчө жемиштүү, натыйжалуу тажрыйбанын/иш-чаранын сүрөттөлүшүн жибере алат. Иш-чара төмөндө көрсөтүлгөн формага ылайык деталдуу түрдө сүрөттөлүш керек.

Бул сынактын алкагында жергиликтүү демилге катары жергиликтүү коомчулук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге көтөрүп ишке ашырууда коомчулукка пайда келтирген; улантууну же болбосо муниципалитетте кайталоону талап кылган жана КМнин башка айылдарында колдонула турган  иш чаралар, механизмдер же методдор эсептелет. Ашар жолу менен чечилген жергиликтүү маанидеги маселе же бир жолку иш-чара эмес, өнүгүүгө багытталган демилгелерге артыкчылык берилет. Сынакта төмөндөгүдөй жергиликтүү демилгелер каралат:

Жергиликтүү демилге жергиликтүү маанидеги маселелерге тиешелүү, бирок төмөнкүлөр кошулганы менен, булар менен гана чектелбейт:

Ар бир арыз берүүчүдөн жергиликтүү демилгени сүрөттөгөн мисалдардын саны чектелген эмес, бирок ар бир мисал бир гана көйгөйгө тиешелүү болуш керек. Сүрөттөө 1500 сөз менен чектелиш керек. Сүрөттөр бет ачардын көркүн андан да чыгармак (табыштаманын формасын караңыз).

Мисалды/мисалдарды сүрөттөгөн табыштаманы табыштамалардын көрсөтүлгөн формасы боюнча Өнүктүрүү саясат институтуна 2017-ж.  1-августунан 30-августуна чейин тапшыруу керек.

Тандоо критерийлери. Бардык табыштамалар тандоонун төмөнкү критерийлерине негизделген мазмундуулугу жана туура түзүлгөндүгү жагынан каралат:

Комиссия чечим кабыл алганга чейин жергиликтүү демилгени жеринде ишке ашыруу тажрыйбасы менен таанышуу максатында сынакка катышкан айылдык аймакка барып же барбоону Долбоор өзү чечет.

Бардык критерийлер маанилеш салмакка ээ. Демилгелер өз-өзүнчө ар бир критерий боюнча 5 баллдык өлчөм менен бааланат. Кимдин табыштамасы мүмкүн болушунча көбүрөөк баллга ээ болсо, ошол жеңүүчү деп табылат.

Сынактык комиссия. Сынактык комиссия катышуучулар тапшырган документтерди ыктымал толуктоолор менен карайт. Ал толуктоолор сынакка көрсөтүлгөн демилге тууралуу маалыматка ээ болгон эл аралык уюмдардын, долбоорлордун, башка бейөкмөт уюмдардын ой-пикирлери түрүндө болушу мүмкүн. Толуктоолорду мындан тышкары арыз берүүчүлөр, табыштама берген муниципалитеттин тургундары, ЖӨБ органдары менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Долбоор да бериши мүмкүн. Табыштамаларды баалоо аларды тапшыруу мөөнөтү аяктагандан тарта 2-3 аптанын ичинде ишке ашырылат. Комиссиянын мүчөлөрү табыштамаларды жогоруда көрсөтүлгөн тартипке ылайык баалашат. Сынактын жыйынтыгы тууралуу маалымат Долбоордун сайтындагы “Жаңылыктар” деген бөлүмдө, “Муниципалитет” журналында жарыяланат. Сынактын жеңүүчүлөрү сынактык комиссия чечим чыгаргандан кийин бир аптанын ичинде жазуу түрүндө маалымдалат.

Сынактык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

Сынактык комиссиянын чечими көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат.

Жергиликтүү демилгени жайылтуу тажрыйбасы: Долбоор өзүнүн басма каражаттарында сынакка көрсөтүлгөн жергиликтүү демилгелердин мисалдарын жарыялоону ойлонуштурууда. Биз басылмада орундун чектелүү болгонунан улам берилген тексттерди редакциялоо укугун өзүбүздө калтырдык. Ошондой эле эң мыкты мисалдар ӨСИ жана долбоордун сайттарында жайгаштырылат.

Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт уюмдар, муниципалдык мекемелер жана уюмдар, Кыргыз Республикасынын Чүй, Ош жана Нарын облустарынын айылдык аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана жергиликтүү кеңештери катышуу укугуна ээ.

Байгелер. Сынактын жалпы байге кору – 700 000 сом. Байге кору Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу түзүлдү.  

Сынактын жеңүүчүлөрүнө гранттар төмөнкү тартипте ыйгарылат:

Байге каражаттары (грант) сынамыкта көрсөтүлгөн демилгени улантуу, демилгеде аталган тажрыйбаны жакшыртуу же жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен кызматташтыкта жаңы демилгени ишке ашырууга колдонулушу мүмкүн. Байге каражаттары  жергиликтүү жамаат менен ЖӨБО бирге аракеттешүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдууну сатып алуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Долбоор курулуш-оңдоо долбоорлорун каржылоодон, эмгек акыдан же сапардан тышкары байге корун колдонуунун башка да варианттарын карап чыгышы мүмкүн.

Милдеттүү шарт – байгени алгандан кийин бир (1) айдын ичинде алынган байгени колдонуу менен жүргүзүлүп жаткан иш же өткөрүлгөн иш-чара тууралуу отчет тапшыруу.   

Сынактын жеңүүчүсүнө калкты жергиликтүү маанидеги иштерге тартууну жана жергиликтүү кызматты көрсөтүүнүн сапатын мындан ары да жакшыртуу максатында байге корун колдонуу боюнча Долбоор менен сүйлөшүү жүргүзүү укугу берилет. Сатып алууну Долбоор жеңүүчүнүн өкүлүнүн катышуусу менен бирге жүргүзөт жана ал жеңүүчүнүн колдонуусуна өткөрүлүп берилет. Каражатты иш-чараны же акцияны өткөрүү үчүн колдонгон учурда Долбоор байгенин суммасынын алкагында бардык чыгашаларды түздөн-түз жабат.

Бардык маалыматты “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтуна 2017-жылдын 1нен 30–августка чейин төм. дарек боюнча жиберүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 108-үй. Кошумча маалымат алуу үчүн Айнура Балакунова, Анара Мусаевага жана Алтынай Бузурманкуловага (0 312) 97-65-30 (34) телефон номурлары боюнча кайрыла аласыз же abalakunova@dpi.kg, amusaeva@dpi.kg, abuzurmankulova@dpi.kg  электрондук дарегине кат жазсаңыз болот.