“Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу” сынагы

Шыктандыруучу байге – 15 миң сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге.
Бир, же бир нече мисалды сүрөттөгөн табыштамалар Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2017-жылдын 10нан 29-сентябрга чейин жиберилиш керек.

Өнүктүрүү саясат институту Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) аткарып жатат. Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин күчтөндүрүү.

Долбоор “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу” сынагын жарыялайт.

СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ

Сынактын максаты: жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга, бюджеттик процесске катышуусунда укуктарын коргоодо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) тарабынан отчеттуулукка жетүүдө көрүнүктүү ийгиликтерге ээ болгон жарандык коом уюмдарын (БӨУ) аныктоо жана аларга дем берүү.

Сынактын тапшырмалары:

Сынактын катышуучулары жана анын географиясы: Сынакка катышууга БӨУ катары каттоодон өткөн жана Чүй, Ош жана Нарын облустарынын муниципалитеттеринин аймагында, Ош жана Нарын шаарларынан тышкары, иш алып барган жарандык коом уюмдары чакырылат.

Сынакты өткөрүү тартиби: Жарандык коом уюмдары Өнүктүрүү саясат институтуна бюджеттик маалыматты ачыктоо жана жарандарды бюджетти талкуулоого жана ал боюнча чечимдерди кабыл алууга тартуу боюнча өзгөчө натыйжалуу жана эффективдүү тажрыйбаны же иш-чараны сүрөттөгөн табыштама бериши керек. Иш-чара 2016 – 2017 - жылдардын аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр, же бюджети иш-чарада каралган жергиликтүү мекемелер менен өнөктөштүктө уюштурулуп, өткөрүлүш керек. Иш-чара төмөндөгү формага ылайык ийне-жибине чейин сүрөттөлүшү зарыл.

Байгелер: Сынактын жалпы байге фонду – 200 000 сом. Байге фондунун каражаттары Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) тарабынан берилди.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелер төмөнкүдөй тартипте тапшырылат:

Бардык маалыматтарды “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун ишке ашырып келаткан Өнүктүрүү саясат институтуна 2017-жылдын 29-сентябрына чейин Бишкек ш., Үмөталиев көч., 108 дареги боюнча тапшырууну өтүнөбүз.

Кошумча маалымат алуу үчүн Азамат Мамытовго же Алтынай Бузурманкуловага (0 312) 97-65-30 (34) номуруна телефон чалыңыз же AMamytov@dpi.kg, ABuzurmankulova@dpi.kg электрондук дарегине кат жазыңыз.