“Мектептин бюджетин талкуулоого жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу” улуттук сынагы

Өтүнмөлөрдү Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине төм. дарек боюнча жиберүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 108. Тел. (0312) 97-65-30 (31, 32), моб. (0770) 771 156. (0770)061 216 факс: 97-65-29 же электрондук дарек: ABuzurmankulova@dpi.kg, GJanalieva@dpi.kg

Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун1 алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жетекчилигинин алдында Дүйнөлүк акча апталыгын өткөрүү боюнча демилгелүү топтун курамында болуп, “Мектептин бюджетин талкуулоого жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу” Улуттук сынагын жарыялайт.

Сынак Дүйнөлүк акча апталыгын (Global Money Week-2018) – жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык өнөктүктүн алкагында уюштурулууда. Апталыктын негизги максаты – финансылык билим алууга жана финансылык сабаттуулукка кызыктуу интерактивдүү иш чаралар аркылуу коомчулуктун көӊүлүн буруу, балдардын жана жаштардын акча менен туура пайдалануу туралуу маалымдуулугун жогорулатуу.

2018-жылы Дүйнөлүк акча апталыгы 12-мартынан 18-мартка чейинки мезгил аралыгында өтөт. Апталыктын 2018-жылдагы темасы (слоган) - “Акча маселелери мааниге ээ” деп коюлуп, улуттук валютанын 25 жылдыгына арналат.

Сынакка өзүнө негизги уюштуруучунун милдеттерин алган жана Апталыкты, мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүү тууралуу отчетту даярдаган мугалимдер жана мектеп администрациясынын кызматкерлери катыша алат. Экинчи этаптын жыйынтыгы боюнча мектептер байге алышат. Ошондой эле иш-чаралардын жооптуу адамдары да айрым байгелер менен сыйланат. Баары болуп 8 (сегиз) мектеп жана 8 (сегиз) мугалим жана администрация кызматкери тандалып алынат. 

Дүйнөлүк акча апталыгына катышуу ниетин билдирген катты, ошону менен бирге апталыктын алкагында мектептин аймагында пландалган иш-чаралар планын (пландын Формасы 2-тиркемеде) 2018-жылдын 15-февралынан 1-мартка чейинки мезгил аралыгында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине жиберүү керек.

Сынактын байге фонду (мектептер үчүн) – 135 000 сом, мугалимдер үчүн сынактын байге фонду – 40 000 сом.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө (мектептерге) байгелер төмөнкүдөй тартипте берилет:

Байге каражаттары мектептин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, анын ичинде коомдук иш-чараларды (ачык сабактарды, чогулуштарды, сынактарды ж.б.) өткөрүү үчүн жабдууларды сатып алууга жумшалса болот. Ыктымал байгелердин тизмеси (жабдуулардын тизмеги) ушул Жобонун 1-тиркемесинде берилди.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө (мугалимдерге) байгелер төмөнкүдөй тартипте берилет:

СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТОЛТУРУЛУУЧУ ТИРКЕМЕЛЕР

 

-----------------

1 Долбоор калкты жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске тартуу, калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда диалог куруу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, жергиликтүү жамааттын муктаждыктарына дагы да жакшы жооп бере алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин жогорулатуу максатын көздөйт.