Муниципалдык-жеке шериктештик – айылдагы ийгиликке данакер

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Көк-Таш айыл аймагында 3 300дөн ашуун адам жашайт, 4 мектеп, 2 ФАП, 1 аймактык оорукана, 12 дүкөн, 1 жатакана, 2 аскер бөлүгү, 2 чек ара бекети бар. Калк негизинен малчылык жана дыйканчылык менен алпурушат. Ар бир түтүндө алма бак, өрүк, шабдаалы, алмурут, карк өрүк, чие бар. Сатууга мүмкүн болбогондуктан, жер-жемиштен киреше түшпөй калган. Экологиялык жактан таза деп мурда жер-жемишти Өзбекстанга, Тажикстанга, Орусияга ташып барып сатышчу. Чек аралар жабылганы сыртка сатуу токтоп, түшүм күйүп кетип жаткан эле.

Эмне жасалды?

Калктын өтүнүчү менен жергиликтүү бийликтер консерва цехи үчүн эки бөлмө бөлүп, оңдоп түздөштү. Консерва цехин жеке ишкер Олмахан Арзыматова уюштурду. Ал колу тетик кыздарды бириктирип, цехтин максатын түшүндүрдү. Продукцияны кайра иштетүү боюнча адамдардын ой-пикирин эске алуу менен бизнес-план түзүп, алгачкы эсеп-кысабын жүргүзүштү. Цехти уюштуруу үчүн баш-аягы 50 миң сом жумшалды, бул каражатка 40 литрлик эки чоң кастрюль, 2 чака, 4 сузгуч, 1 электр шире сыккыч жана 1 кол менен шире сыккыч, дагы башка жабдуулар сатылып алынды. Тийиштүү органдардан KG 417/КЦА, ОСП.004.02 15674 KG #091773 үлгүлөрүндөгү сертификат алынды. Ишкана толугу менен санитардык кароодон өткөрүлдү.

Ошентип цех жашылча-жемиш бышкан маалда даяр болду. Элден 3 тонна чие, 1 тоннадан ашык өрүк, 3 тонна кара өрүк, 4 тонна помидор, 500 кило капуста, 300 кило сарымсак, 1500 кило мурч, 250 кило ачуу мурч сатылып алынды. 13 түр жашылчажемиштен (кулпунай, чие, өрүк, шабдаалы, кожогат, малина, помидор, болгар мурчу, алма, капуста, барбарис, кара өрүк) консерва продукциясынын 9 түрү: компот, варенье, кургак жемиш, шире, джем, аралашма томат, туздама, томат, салат жасалды.

Бүгүн 8 миңден ашуун адам биздин ишкананын кызматына кайрылды. 84 адамдан турган 12 жамаатка материалдык көмөк көрсөтүлдү. 36 миң сом өлчөмүндө маяна төлөнүүдө. Төрт мектеп (270 бала) жана жатакана (40 окуучу үчүн жатак) шире менен камсыз болгон. Даярдалган продукция калкка сатылууда. Көк-Таш айыл өкмөтү консерва цехинин көргөзмөлөргө катышуусуна жана цехтин продукциясын рекламалоого жардам берет. Азыркы учурда консерва цехинин продукциясы “КазахмысГолд Кыргызстан” компаниясына сунуш кылынды.

Бул мисал муниципалитет менен жеке сектор шериктешип айыл калкына кызмат көрсөтүү үчүн жакшы шарт түзүү мүмкүн экенин күбөлөйт. Көк-Таш АА ийгилигинин сыры ушунда.

Айыл тургундарынын пикирлери

“Биздин айылда консерва цехинин ачылышы калкка экономикалык пайда алып келүүдө, айылдыктар жер-жемишин жана жашылчасын нак акчага сатышты”.

“Консерва цехинен окуучулар үчүн ширелерди алабыз. Бул экологиялык жактан таза продукция балдардын ден соолугуна пайдалуу”.

Версия для печати: print

Иш-чаралар