Айылдык аялдар үй-бүлө кирешесин көбөйтүп жана турмушун мазмундуу кыла алышты

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Жыгач-Коргон айылында жер семиз, сугат суу жетиштүү. Буга карабастан, айылдын көпчүлүк тургундары жашылча өстүрүү ордуна соодагерлик кылышат, бир нерсе өндүрөйүн дешкен эмес. Үйдө отурган аялдар да күнүмдүк жана консервага жашылчаны базардан сатып алышат. Жакынкы базарга чейинки жол 30 чакырым болгондуктан, ташып барып келүү жагынан кыйын жана кымбатка турат. Анын үстүнө сатып келген жашылчанын сапаты да анча эмес болуп, кышкы консервалар көбүнесе жарактан чыгып калат. Бир жагынан продуктулардын баасы да күн сайын өсүп, жашылча-жемишти базардан сатып алуу пайдасыз болууда.

Эмне жасалды?

Айыл аялдары өз ара сүйлөшүп отуруп, өз ара жардамдашуу топторун (ӨЖТ) түзөлү деген бүтүмгө келишти. Ошентип 2011-2012-жылдары 14 ӨЖТ түзүлдү. Алардын негизинде «Аруузат» айылдык фондун түзүп, жашылча өстүргөн үй кызматындагы аялдар мүчө болуп кирди. 2012-жылдын жазында айылдык фонддор Бирикмесинен жашылча өсүмдүктөрүнүн сапаттуу үрөнүн алышты. Ошентип ӨЖТ мүчөлөрү жашылча өстүрүп, жакшы түшүм алышты.

Натыйжалар

Эми ӨЖТ мүчөлөрү өз үй-бүлөсүн жаңы жер-жемиштер менен камсыздап, ашып калганын кошуналарга же базарда сатышат, кышка даярдык көрүшөт. Мында алар агрономдун кеңешин бекер алышат. Ал эми БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын линиясы менен ӨЖТ мүчөлөрү (50 үй-бүлө) 1 сезондо 4 мүшөк ундан, 16 литр өсүмдүк майынан алышты. Айыл өкмөтү аял дыйкандарга 1 тонна азот жер семирткичин, буудай үчүн 3 гектар сугат жер бөлүп берди. Немис техникалык көмөктөшүү линиясы боюнча өткөн жылы буудайдын жана жүгөрүнүн сапаттуу үрөндөрү алынды. ӨЖТ мүчөлөрү талааларда, огороддордо активдүү иштеп, жер үлүштөрүн иштетип, жакшы түшүм алып, өз убагында салыктарынан кутулушту.

Мындан тышкары 5 аял CACSARC-kg коомдук фонду уюштурган “Жүндү жана кийиздин катуу түрлөрүн иштетүү”, “Заманбап кийим кечеде этностиль», «Кол өнөрчүлүк ишмердүүлүгүндө маркетинг жана баалардын түзүлүшү” темаларына өткөрүлгөн семинарга катышып, сертификат алышты. Эми алар топ түзүп, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарын даярдашууда. ӨЖТ эки мүчөсү GIZ алкагында өткөрүлгөн “Башталгыч ишкерлер үчүн бизнес пландоо” тренингине катышты. “Аруузат” СФ мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги бардык иштерге, коомдук угууларга, Өнүктүрүү саясат институтунун семинарларына активдүү катышып, бюджет жана социалдык маселелерге кызыгышат.

Аялдар жер-жемиш өстүрө баштагандан тарта ӨЖТ менен “Аруузат” СФ мүчөлөрү гана эмес, ошону менен башка айылдыктар да жер иштете баштады. Көптөр “Аруузаттын” мүчөлөрү бир топ жылдардан бери катуу уйкуда жаткан элеттиктерди ойгото алганын айтышууда. “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбооруна катышкандан кийин аялдар дагы да активдүү жана чечкиндүү болуп калышты. Айыл өкмөтү аларга айылдык клубдан СФ кеңсесине бөлмө берди.

Айыл тургундарынын пикирлери

“ӨЖТ түзүп, биздин аялдар коомдук турмушка активдүү аралашып, айылдын көйгөйлөрүн чече башташты”.

“Менин аялым “Береке” ӨЖТ мүчөсү. Долбоор боюнча алган үрөн абдан жакшы сапатта, базардагыга караганда жакшы. Бул жылы биз помидордон жана бадыраңдан, болгар мурчунан жана капустадан жакшы түшүм алдык. Кошуналарга жана базарда сатуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Өзгөчө бул жылы капуста абдан кымбат. Бул мезгилде биздин кирешебиз 25 миң сом болду жана кышкыга да бир топ консерваланган жашылча даярдап алдык. Ошентип аялым үй-бүлөлүк бюджетке чоң салым кошту”.

“Мен үй кожойкемин. ӨЖТ мүчө болуп, жашылча өстүрө баштадым. Бизге агроном келип, зыянкечтер менен кантип күрөшүш керектигин көрсөттү. Жашылча өстүрүп да бир топ пайда тапса болот. Мындан тышкары дасторкондо дайыма жаңы продуктылар турат, аларды мурда сатып алчубуз. ӨЖТ мүчөлөрү ай сайын чогулуп, жаңылыктары жана жетишкендиктери менен бөлүшүп, эс алышат. Мунун баары жашообузду көңүлдүү жана толук кандуу кылууда”.

Версия для печати: print

Иш-чаралар