Ички көпүрөлөрдү калыбына келтирүү

Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Арал АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Арал айылдык аймагындагы Сары-Дөбө айылында акыркы 15 жылдан бери жолдор оңдолгон эмес. Буга негизинен бюджетте акча болбогону себеп. Жолдогу чуңкурлар айыл тургундарынын жеке машинелерин тез эле талкалап, мындан улам алар аны калыбына келтирүү үчүн үй-бүлөлүк бюджеттен бир топ каражат сарптап келишкен. Балдар жолдогу өңгүл-дөңгүлдөрдөн жана чоң ылайлардан өтүп мектепке барышчу. Эң чоң машакатты Урманбетов көчөсүндөгү жол алып келчү. Бул – айылдын негизги чоң жолу. Анын боюнда мектеп, ФАП, клуб, мечит жайгашкан жана 70% ашууну машине түгүл, жөө басууга жарабай калган.

Эмне жасалды?

Айылдыктар эки көчөнү оңдой турган болушту. Демилгени айылдык кеңештин депутаты Мелис Убайдылдаев көтөрүп, кум жана майда таш менен камсыздады. Айылдыктар депутатты колдоп кетишти жана ар бир короодон дагы бир машинеден майда таш жана кум жеткиришти. Депутат Мелис Аблакаев трактор менен жардам берди. Ооган согушунун ардагерлеринин өкүлү Талант Жумабеков жергиликтүү жүк ташуучу машинелерди ээлеринин жардамы менен кумду жана майда ташты бекер жеткирди. Садыркун Урманбетовдун небереси да четте калган жок. Ал чоң атасынын ысымын алып жүргөн көчөдөгү жолдун ремонтуна өз үй-бүлөсүнүн атынан 30 миң сом бөлдү. Мындан тышкары “Үлгүлүү үй чарбалыгы” аттуу сынак жарыялап, жеңүүчүлөргө баалуу белектерди тапшырды.

Арал аймагынын башчысы да тургундардын демилгесин колдоп, жергиликтүү бюджеттен 10 миң сом бөлүп, кумду жана майда ташты жүктөө үчүн трактордун ишин камсыздады. Мындан тышкары №4 Автожол ишканасы менен сүйлөшүү жүргүзүп, автогрейдерди ижарага алып берди. Айылдын тургундары жолго майда ташты колу менен сээп чыгышты, ал эми депутат Мелис Аблакаев өз тракторунда автогрейдердин жардамы менен аны тегиздеп чыкты. Эки көчөгө жалпысынан 250 каттам жасалды. Жергиликтүү тургундардын бул демилгеси Түп райондук мамлекеттик администрациясы уюштурган “Мыкты көчө” сынагында жеңип алды.

Айыл тургундарынын пикирлери

“Эми жолдор оңолуп, балдар мектепке оңой эле жетип калышты. Айылда өз жамаатынын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабаган демилгелүү адамдардын болгону жакшы экен. Алар өз көйгөйлөрүн өз күчү менен чечүүгө жана бул үчүн башкаларды мобилдештирүүгө даяр”.