Үрөн фондун түзүү – айыл тургундарынын кирешесин арттыруу

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Б. Мамбетов АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Б.Мамбетов АА Көк-Сай айылы деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте Тоң районунун бийик тоолуу бөлүгүндө жайгашкан. Калктын негизги кирешеси мал чарбачылыгынан жана картошка өстүрүүдөн түшөт. Көк-Сай айылында 258 үй чарбалыгы бар жана анда дээрлик миң адам жашайт. Айдоо аянты 806 гектарды түзөт, анын ичинен 230 гектары картошка айдоого кетет. Мында ар бир үй чарбалыгы тамыр жемиштерин өстүрүүгө мажбур, анткени башка жемиштер жаратылыш-климат шарттарына чыдабайт.

Акыркы жылдары үрөн материалынын төмөнкү сапаты, жарамдуулук мөөнөтү, оорулар, которуштуруп айдоо эрежелеринин сакталбаганы үчүн картошканын түшүмү азайып кеткен. Үрөн материалдарынын жаңыртылышына анын Тоң районунда жоктугу, дыйкан чарбаларынын алыста жайгашкандыгы, ошондой эле уруктардын баасынын жогору болгону тоскоолдук жаратууда. Сапаттуу үрөндөр Ак-Суу районунда гана болчу. Мында 1 килограммы 40 сомдон 80 сомго чейин бааланчу. Бирок мына ушундай жогорку баада да үрөндөр жетишсиз. Айыл тургундары өзүнүн үрөн фондусун түзүү зарыл деген тыянакка келишти.

Эмне жасалды?

2008-жылдан тарта ЮНИФЕМ долбоорунун колдоосу менен ӨЖТА (Өз ара жардамдашуу топторунун ассоциациясы) иштей баштады. Ага “Жусуп”, “Белсен” уюмдары жана дагы 8 ӨЖТ (өз ара жардамдашуу топтору) кирди. 2009-жылы “Ишеним” өз ара жардамдашуу демилгелүү тобу “Кыргызстандагы айылдарда аялдардын жашоосундагы экономикалык коопсуздукту күчөтүү” долбоорунун алкагында грант алды. Ошол каражаттын эсебинен 2010-жылы үрөн фонду түзүлдү. Гранттык каражатка үрөн фондунун 15 мүчөсү “Санте” аттуу сапаттуу үрөн материалы болуп эсептелген сорттогу 8 тонна үрөн сатып алды. Колдоо көрсөтүү жана өнөктөш мамилелерди өнүктүрүү үчүн жергиликтүү кеңеш үрөн өстүрүү үчүн АБЖ жерлеринен 2 гектар бөлүп берди. Алынган түшүмдүн бөлүгү аз камсыздалган 150 үй-бүлөнүн ортосунда теңме-тең бөлүштүрүлүп берилди, дагы бир бөлүгү кийинки жылкы айдоого үрөн сатып алуу үчүн сатылды жана калган бөлүгү калкты сапаттуу үрөн менен камсыздоо үчүн үрөн фондунда калтырылды. Ошондой эле “Жыйынтык” жана “Ишеним” ӨЖТ Дыйкандын талаа мектептеринде окуудан өттү, ал жерде алар картошканы айдоо, казуу жана сактоо технологияларын үйрөнүштү.

Натыйжалар

Үрөн фондун түзүүнүн жардамы менен Б.Мамбетов АА 4 айылынын калкын үрөн менен камсыздоо көйгөйү чечилди. Картошканы өстүрүү, чогултуу жана сактоо технологиялары боюнча жергиликтүү дыйкандардын дарамети жогорулады; ал эми картошканын айдоо түшүмдүүлүгү 2-2,5 эсе өстү (эгерде мурда бир гектардан 7-8 тонна картошка чогулса, акыркы эки жылда түшүмдүүлүк 1 гектарда 20-22 тоннага чейин өстү). Түшүмдүүлүктүн өскөнүнүн эсебинен картошка саткан дыйкандардын кирешеси 30 пайызга өстү.

Айыл тургундарынын пикирлери

“Бул тажрыйба биздин гана эмес, ошону менен бирге башка айылдар үчүн да пайдалуу болду. Анткени картошканын сапаттуу үрөндөрүн алар биздин үрөн фондубуздан алса болот. Акыркы эки жылда Көк-Сай айылынын тургундарынын кирешелери бир кыйла өстү”.

“Бүгүн экологиялык жактан таза продуктылар тууралуу маселе актуалдуу болуп турат. Биологиялык кошумчаны колдонуу жана картошканы өстүрүү боюнча үрөн фонду өткөрүп жаткан окуулар биз үчүн абдан пайдалуу болуп жатат”.

“Өткөн жылы “Желли” аттуу картошкадан 1 тонна алдык, бул жылы да өстүрүп жатабыз. Бул сорт биздин шарттарга туура келет экен, жакшы түшүм болот. Мында баа жеткис жардамчы – Өз ара жардамдашуу топторунун ассоциациясы. Биз маалымат үчүн кайда баруу керектигин билебиз, пайдалуу семинарларга катышабыз”.