Мектептерде балдарды окутуу шарттарын жакшыртууда жамааттар менен ЖӨБ органдарынын биргелешкен иши

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Б. Мамбетов АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун адистери өткөргөн ЭКБА-иш-чараларына катышкандан кийин Б.Мамбетов айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери жана жамааттын лидерлери ушундай эле иш-чараларды өз айылдарында өткөрүүнү чечишти. Аныкталган көйгөйлөр боюнча бир катар жолугушуулар өттү, андан кийин жергиликтүү жамааттын чогулуштары уюштурулду. Анын жүрүшүндө төмөнкүдөй маселелер талкууланды:

1) жергиликтүү жамааттын активдүүлүгү, адамдардын өз аймагына мамилеси, патриоттук маанайлардын күчөшү;

2) жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;

3) демилгелүү топтордун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштерине катышуусу, отчеттук жыйындар, бюджетти талкуулоо жана жергиликтүү жамаат боюнча жарандардан сунуштар;

4) инфраструктура, мектептерде ремонт жана окуучулардын тамактануусу.Бир топ көйгөйлөр аныкталды, бирок өсүп келаткан муунду тарбиялоо чөйрөсү эң эле артыкчылыктуусу табылды. Андыктан “Инфраструктура, мектептердин ремонту жана окуучулардын тамактануусу” көйгөйү артыкчылыктуу жана биринчи кезекте чечилиш керек деп аныкталды.

Эмне жасалды?

Мектеп көйгөйлөрүн чечүү үчүн 6 кадам жасалды:

Биринчи кадам – ата-энелердин, айыл өкмөт башчысынын, саламаттык боюнча комитет мүчөлөрүнүн, депутаттардын, раймамадминистрациянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссия түзүлдү. Комиссия 4 мектептин (Ак-Сай айылы, Ж.Турусбеков ат. мектеп; Көк-Сай айылы, Ж.Жамгырчиев ат. мектеп; Жер-Үй айылы, А.Көлбаев ат. мектеп; Ишперов айылы, М.Догдуров ат. мектеп).

Экинчи кадам – 1 606 000 сомго 3 мектепте терезе-каалгаларды оңдоо жана алмаштыруу боюнча долбоорду иштеп чыгуу. Долбоор Ысык-Көл облустук фондуна көрсөтүлдү. Акча каражаты бөлүнүп, терезе каалгалар алмаштырылды.

Үчүнчү кадам – мектептерде таза сууга жетүүнү камсыздоо. Эки мектепте окуучулардын таза сууга жетүүсүн камсыздап, 20 миң сомго ремонт жасалса, дагы эки мектепте 60 миң сомго суу менен жабдуу системасын киргизишкен. Жергиликтүү бюджеттен жалпысынан 80 миң сом бөлүндү.

Төртүнчү кадам 4 мектептин ашканасына идиш сатып алуу (айры, кашык, чайнек, газ баллондору, табак ж.б.). Жергиликтүү бюджеттен жалпысынан 60 миң сом сарпталды.

Бешинчи кадам – мектептерде интернет байланышын киргизүү. 40 миң сомго зымсыз СДМА-телефондор сатылып алынды, алар аркылуу интернетке туташуу мүмкүн болду.

Алтынчы кадам – канц. товарларды сатып алууга, ремонтко жана башка иштерге жергиликтүү бюджеттен 60 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүү пландаштырылды. Бул иш-чаралар аткаруу процессинде турат.

Натыйжалар

Планды ишке ашыруунун натыйжасында билим алуу үчүн жакшы шарттар түзүлдү: окуучулар жылуулук менен камсыздалды, ашканада тамактануу үчүн жакшы шарттар түзүлдү, таза суу алуу мүмкүнчүлүгү камсыздалды.

Бардык негизги кадамдар жасалып бүткөндөн кийин чогулуш өттү. Ал жерде жергиликтүү жамаат жасалган иштер тууралуу маалымат алгандан кийин айыл өкмөт аппаратына жана жамааттардын лидерлерине калк аныктаган жана көтөрүлгөн көйгөйлөрүн чечкени үчүн чоң ыраазычылык билдирди. Жергиликтүү жамаат үчүн бул айыл өкмөтү менен биргеликте жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун ийгиликтүү үлгүсү жана андан ары да биргелешип иштешүүгө түрткү болуп калды. Натыйжада айыл өкмөтү менен биргеликте 2013-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы иштелип чыккан. Ошондой эле иштин жыйынтыгы облустук сыналгыдан көрсөтүлүп, облустук мамадминистрациянын ардак тактасында өз ордун ээлеген.

Айыл тургундарынын пикирлери

“Көйгөйдү аныктоонун жүрүшүндө бир топ сөздөр айтылды. Алардын бир бөлүгү чындыкка дал келсе, калган бөлүгү калп. Бирок ачык диалог жолу менен чындыктын жүзүн ачып, натыйжалуу биргелешкен иш ту-уралуу макулдаша алдык”.

“Айыл өкмөтү менен жергиликтүү жамааттын ортосундагы өнөктөштүк жыйынтыгын берүүдө. Мурда баары өз өзүнчө иштечү, ар ким өз жолу менен жүрчү, эми иш чогуу жасалууда. Калк айыл өкмөтүнө көбүрөөк ишене баштады”.