Дыйкандын өз ара жардамдашуу топторун жана талаа мектебин уюштуруу айылды бириктирүүгө жардам берди

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Багыш АА ийгилик баяны

 Маселенин тарыхы

Жакында эле Багыш аймагындагы айылдар жумушсуздуктан, жаштардын борборго жана өлкөнүн сыртына кетип жатканынан жабыркаган кошуна айылдардан көп деле айырмаланчу эмес. Эми 16 миңден ашуун адам жашаган Багыш аймагындагы айылдарда 10 өз ара жардамдашуу тобу, 3 дыйкандын элеттик мектеби иштейт. ӨЖТ (өз ара жардамдашуу топтору) уюмдары, дыйкандардын элеттик мектеби айылдын коомдук турмушун калыбына келтирүүдө көйгөйлөрдү чечүүдө жергиликтүү жамаатка жардам беришти. Анын ичинде топтун курамына кирген аялдардын бир топ көйгөйлөрүн чечип беришти: 35 аял топторго биригип, жашоо деңгээлин жогорулатты.

Эмне жасалды?

Багыш АА айылдарда 10 ӨЖТ, 3 ДТМ (дыйкандын талаа мектептери) түзүлдү. Ушул уюмдарды түзүүгө DCCA жана ФАО жардам берди. Багыш айыл өкмөтү Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан аянты 3 гектар болгон жерди жеңилдетилген түрдө ижарага берди. Өз ара жардамдашуу тобунун мүчөлөрү, негизинен аялдар өсүмдүк өстүрүү (помидор, бадыраң өстүрүү), канаттууларды багуу (тоок), мал чарбачылыгы (сүт берген тукумдагы эчкилер) боюнча окуудан өтүштү.

Дыйкандын талаа мектептери Багыш аймагындагы Октябрь жана Сафаровка айылдарында ФАО программаларынын колдоосу менен ишмердүүлүгүн баштады. Багыш айыл өкмөтү тарабынан жерлер бөлүнүп, анда ДТМ катышуучулары окуу процессинде алган билимдерин иш жүзүндө колдонушту.ДТМ мүчөлөрү аялдар гана эмес, бул ишке эркектер да кызыгуусун билдиришти. Мисалы, Багыш айыл өкмөтүнүн бухгалтери Рустам Батыров үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте ДТМ билим алып, жеке каражатын томат жана бадыраң өстүрүүгө жумшап, абдан жакшы түшүм алды. Дыйкандын мектебинде алынган билимдер ага үй-бүлөлүк бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө жол ачып, экономикалык абалды жакшыртты. Дыйкандын мектебинин бир топ катышуучулары алынган билимдерин өз короолорундагы участоктордо колдонуп, муну менен чакан эле аянтта чоң түшүм алышты. Октябрь айылынын тургундары Бусулма Шералиева, Зумрат Нурбаева, Эрнст Бокоев буга мисал боло алат.

ДТМ катышуучулары сапаттуу үрөн материалдарын тандаганды, аны кайсы учурда себүү керектигин, айыл чарба маданиятынын түшүмдүүлүгүн кантип арттыруу керектигин, агротехниканы колдонуунун ыкмаларына, оорулар жана зыянкечтер менен күрөшүү жолдорун, тамчылап сугаруу ж.б. үйрөнүштү. Теориялык билимдерин бекемдеп алуу үчүн топтун мүчөлөрү короо алдындагы участокторунда өсүмдүктөрдү өстүрүштү. Алынган билимдин алкагында өсүмдүктөрдүн өсүшүнө, гүлдөшүнө, бышканына мониторинг жасалып, бул түшүмдү көп алууга жардам берди.

Натыйжалар жана перспективалар

Биргелешип иш алып баруунун натыйжасында социалдык тосмолорду алып салууга, бир топ айылдыкты коомдук турмушка тартууга мүмкүн болду. Өз ара жардамдашуу топторунун мүчөлөрү өзүнүн жеке абалын жакшыртуунун үстүнөн иштеп жатып, муну менен социалдык-коомдук турмуштагы мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүштү. Өз ара жардамдашуу топторунда тыгыз байланыштар түзүлүп, тажрыйба жана маалымат алмашуу жүрүп, экономикалык кризистен чыгуу жолдору иштелет. Топтун курамына кирген аялдардын экономикалык абалы жакшырды. Багыш АА жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында калктын айылдын коомдук турмушуна тартуу мүмкүнчүлүгү пайда болуп, калк алдында жоопкерчилиги күчөдү. Өз кезегинде жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө дагы да активдүү катыша баштады.

Дыйкандын талаа мектептерин түзүү менен тургундар тажрыйбалуу дыйкан болушат, бул болсо айыл чарбаны заманбап жүргүзүү үчүн зарыл. Келечекте жакшы түшүм, пайда жана туруктуулук дыйкандардын колдогу мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле жаңы технологияларды жана ресурстарды колдонуусуна зарыл.