Жергиликтүү салыктарды чогултуу көйгөйүн кантип чечсе болот?

Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Бел-Алды АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Жалал-Абад облусундагы Токтогул районуна караштуу Бел-Алды айылдык аймагы үч айылдан турат (Бел-Алды, Сары-Согот, Коргон). Бул айылдардагы 912 короодо 4 624 адам жашайт.

2009-жылга чейин бул муниципалитетте жергиликтүү салыкты жыйноо көйгөйлүү маселе болуп келген, калктан салыкжыйымдары тууралуу маалымат толук жана кеңири эмес болчу. Мунун айынан калк ичинде нааразылык пайда болуп, жергиликтүү салыкты чогултуу боюнча план аткарылчу эмес. 

Бел-Алды айылдык аймагынын башчысы кызматына келгенге чейин айыл тургуну катары Таалай Жапаров өзү да айыл чарба жерлерин, жайыттарды ж.б. колдонгону үчүн канча салык төлөшү керектигин так билчү эмес.

Эмне жасалды?

Жергиликтүү салыкты чогултуу планын аткаруу боюнча маселени чечүү үчүн АӨ башчысынын акылына маалымат баракчасын иштеп чыгуу келди. Мында ар бир салык төлөөчүгө анын бардык салык жыйымдарынын суммасы тууралуу жеке маалымат берилет. Бул максатка жетүү үчүн Бел-Алды айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери тарабынан ар бир салык төлөөчү боюнча маалымат чогултуу, анализдеп чыгуу жана тактоо боюнча эбегейсиз чоң иш жасалды. Ар бир салык төлөөчүнүн жер үлүштөрү (сугат жана кайрак жер), айыл чарба багытындагы ижарага алган жерлери, кыймылдуу мүлктүн, соода түйүнүнүн болгондугу тууралуу маалыматтары анализден өттү. Аны менен катар Бел-Алды айылдык аймагынын бардык жерлерин инвентаризациялоо боюнча иштер жасалды.

Натыйжалар

Жергиликтүү салык боюнча иштелип чыккан маалымат баракчалары жылдын башында ар бир салык төлөөчүгө маалымат иретинде берилип, салык төлөөгө чакырык ташталган. Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин маалымат баракчалары боюнча жасалган жумуш жемишин бере баштады.

2008-2012-ж.ж. аралыгында Бел-Алды АА боюнча жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча маалымат:

• 2008-жыл – 176 миң сом
• 2009-жыл – 280 миң сом
• 2010-жыл – 330 миң сом
• 2011-жыл – 370 миң сом
• 2012-жыл – 500 миң сом (план).


Жергиликтүү салыктардын чогултулган суммасынын өсүш динамикасы салыктар боюнча иштелип чыккан маалымат баракчалары өз максатына жеткенин көрсөттү. Калк салыктын кайсы түрү боюнча канча сом төлөшү керектиги тууралуу маалымат алды. Бул болсо жыйналган салыктардын суммасын көбөйттү (таблица жана диаграмма).

Мындан тышкары Бел-Алды АА калктан жергиликтүү салыктын эсебинен түшкөн каражатты талкуулоо практикасы бар. Ар бир айылдагы чогулушта калк жергиликтүү бюджеттин эсебинен өзүнүн артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча сунуштарын берип келет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү салыктардан жергиликтүү бюджетке канча каражат чогултулганы жана ал кайда сарпталганы тууралуу калкты өз убагында маалымдап турат. Бул иш-чаралар да жергиликтүү салыкты жыйноону күчөтөт. Анткени калк жергиликтүү салык деп төлөнгөн бул каражат кантип колдонуларын билет.

Айыл тургундарынын пикирлери

“2009-жылга чейин бизде дайыма жергиликтүү салыкты эсептөө боюнча талаш-тартыштар болуп келген. Калктын ичинде түшүнбөстүктөр жана нааразылыктар пайда болчу. Азыр болсо ар бирибиз салыктар боюнча маалымат баракчасын алып, анда көрсөтүлгөн суммасы төлөйбүз”.

“Жыл башында биз айыл өкмөтүнөн төлөө үчүн салыктын бардык түрлөрү жана суммасы көрсөтүлгөн маалымат баракчасын алабыз. Ишенбей коюуга негиз жок. Өз убагында салыктан кутулуп койгонго аракет кылабыз”.

“Мурда биздин салык жыйымдарыбыздан түшкөн каражат кайда сарпталып жатканын билчү эмеспиз. Мына бир нече жылдан бери биздин айылдык аймактын башчысы биздин каражат кайда жана кантип колдонулганы тууралуу отчет берип келатат, биз да муну өз көзүбүз менен көрүп атабыз”.