Спорттук залдын жана маданий борбордун ачылышы

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Курорттук мезгил маалында Бостери аймагындагы эки айылдын калкы тынбай иштейт. Негизги жумушчу күч – жаштар. Саны болжол менен 1000ге жеткен киши жайында санаторийлерде, пансионаттарда жана жеке мейманканаларда ищтеп, эс алуучуларды тейлеп, балык, жер-жемиш, балмуздак, суусундук ж.б. сатышат. Бирок жай мезгили бүткөндөн кийин айыл тургундары ишсиз отуруп калат: улуулар үй тиричилиги менен алек болсо, балдар мектепке барышат. Бирок ал жакта окуу китептери, компьютерлер жетишсиз жана эң негизгиси жаштар бош убактысын кантип өткөрөөрүн билбейт. Андыктан жаштар (сөз эки мектептин 1500 окуучусу тууралуу жүрүүдө) сабактан кийин көчөдө басып калат, ичип, чегип, мушташып, ар кандай кылмыштуу иштерге аралашкандар да бар.

Эмне жасалды?

Бостери айылынын тургуну, айылдык кеңештин жаш депутаты Калыс Джээнтаев, Дене тарбия институтунун бүтүрүүчүсү бир топ кызыктуу идеялардын сунуштады. Алар болсо андан аркы аракеттердин негизин түздү.

Бостери айылында спорттук залы менен чакан, эски клуб бар. Бул клуб 10 жылдан ашуун убакыттан бери ремонт көргөн эмес жана дубалдарын көк басып калганга чейинки абалга жетип калган. Депутат Жээнтаев балдар жана “Эссенд” бейөкмөт уюму менен биргеликте спортзалдын көйгөйүн жамааттын талкуусун алып чыгышты. Айылдык чогулушта жаштар лидерлери жана бейөкмөт уюмдун мүчөлөрү калкка бул имаратты жаштар үчүн оңдоп-түзөсө болоорун, алар бош убактысын клубда жана спортзалда өткөрөөрүн айтып беришти. Чогулушта айылдык кеңештин депутаттарына кийинки жылдын бюджетине имаратты ремонттоого чыгымдарды киргизүү тууралуу кайрылуу кабыл алынды. Депутаттар бул идеяны колдоп кетишти жана спорттук залдын ремонтуна сметаны кийинки жылдын бюджетине киргизишти. Бирок 650 000 сом өлчөмүндөгү акча толук оңдоп чыгуу үчүн жетмек эмес, андыктан демөөрчүлөргө кайрылууга туура келди. Ремонтко жардам берүү өтүнүчү менен кат даярдап, лидерлер өз ара санаторийлерди жана пансионаттарды бөлүштүрүп алып, ар бири өзү ошол каттарды эс алуу жайларынын жетекчилигине тапшырып чыкты. Айылдын бакубат жашаган тургундарына да кайрылып, алардан колдоо табышты. Жалпы аракеттер менен 450 000 сом чогулду. 2008-жылдын августунда ашар жолу менен ремонт иштери башталып, 2009-жылдын кыш мезгилинде спортклубдун ремонту соңуна чыкты. Металлпластиктен терезе-каалгаларды Бишкек шаарынын тургуну Жакып Салымбеков алып келди. Спорт залда жуунучу жай жана мончо бар. Мончо жайын “Толкун” пансионаты белекке берди. Ошентип спортзал каалоочуга эшигин ачты.

Спорттук жабдууларды да алып келишип, эркин күрөш менен машыга башташты. Түшкү саат 2ден 4кө чейин балдар машыкса, кечки төрттөн саат алтыга чейин жеткинчектер, 18:00дөн 20:00гө чейин жогорку класстын окуучулары, ал эми сегизден баштап улуулар машыга баштады. Ушул жайда спортзалда Казакстан жана Орусиядан эс алганы келген спортчулар бош убактысында машыгып турушту. Алгачкы жеңишке маашырланган жаштар лидерлери жана бейөкмөт уюмдун мүчөлөрү кайрадан айыл тургундарына кайрылып, “Чайка” клубун оңдоп берүүнү өтүнүштү. Бостери АА жетекчилиги менен сүйлөшкөн соң, демилгелүү топ (жаштар лидерлери, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү) бул маселени жергиликтүү жамааттын жалпы талкуусуна алып чыгууну чечишти. Чогулган жергиликтүү тургундар жазында чогулушта бюджетке клубдун ремонту жана жаңы эмерек сатып алуу үчүн 800 000 сом киргизүүнү сунуш кылышты.

Клубдун имараты оңдолуп-түзөлдү, ага 50 000 сом кетти (ремонтту ашар жолу менен жасашты), жаңы кресло, үстөл, отургучтарды (750 000 сом) сатып алып, клуб ишин баштады. Балдар жана улуулар үчүн ийримдер ачылды. Бүгүнкү күндө ийримге 50 адам катышат (катышуучулардын жашы 5тен 75ке чейин). Эми бардык майрамдык иш-чаралар жакшынакай оңдолуп-түзөлгөн клубда өтүп турат.

Натыйжалар

Жаштар лидерлеринин, бейөкмөт уюмдун мүчөлөрүнүн жана Бостери айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин биргелешкен иш процессинде спорттук зал жана “Чайка” айылдык клубу ремонттолуп, кайрадан ачылды.

Спортзалдын жана клубдун ачылышынан улам жүздөн ашуун адамдын саламаттыгы жакшырып, клубдун алдындагы ийримге катышкан 50-60 адамдын бош убактысы пайдалуу өтө баштады. Жарандар айыл өкмөтүнүн бюджети тууралуу жакшыраак билип, айылда жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жергиликтүү жамааттын ортосунда өнөктөштүк жакшырды. Жаштар жана мектеп курагындагы балдар арасында кылмыштуулук азайып, жаштар кечке маал көчөлөрдөгү кырдаалды көзөмөлдөп жатышты. Алар айылдагы тартип үчүн өз жоопкерчилигин сезе башташты. Кеңештин депутаттары спортзалга көбүрөөк келип, өздөрү да машыгып, жаштар менен да баарлашып, алар менен көйгөйлүү маселелерди талкуулап, чечүүгө жардам беришет.

Айылдын спортчулары 2009-жылдан тарта республикалык беттешүүлөргө катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишет. Ушул эле жылы спортзалда 9-Майга арналган эркин күрөш боюнча Республикалык турнир өтүп, ага бардык республикадан 200 адам катышып, ошол салт бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

2012-жылы эркин күрөш боюнча КР Чемпионатында биздин спортчу Жаныбек Кыдыралиев алтын медаль утуп алып, Саха Республикасынын Якутск шаарында өтө турган “Азиянын балдары” эл аралык оюнуна жолдомо алды. Биздин спортзал иштеп жаткан 4 жылдан бери Калыс Жээнтаев эркин күрөш боюнча КР спорт чеберине төрт талапкерди тарбиялаган. Ал эми биздин спортчу Аваз Докеев 2010-жылы спорттун улуттук түрү – күрөш боюнча КР спорт чебери наамын алган.

“Чайка” клубунун көркөм демилгелүүлүк ийриминин катышуучулары 2009-жылы “Ыр кесе” сынагын мыкты өткөргөнү үчүн Ысык-Көл району боюнча Гран-при утуп алышкан. Ошондой эле алар дайыма эле райондук, облустук ведомстволордун Ардак грамоталары менен сыйланып келишет. Башка айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери (райондо алар 13) спортзалга жана клубга көп келишет жана жамаат мындай жыйынтыкка кантип жеткенине кызыгышат. Анткени бул спортзал Ысык-Көл облусу боюнча мыктылардын бири деп эсептелет.

Эмесе, биргелешкен эмгектин жыйынтыктары:

1. Ата-энелердин көңүлү тынчып калды, анткени балдары кечкисин бош эмес.

2. Аялдар күйөөлөрү үчүн тынчсызданбайт – алар кечинде арак ичкендин ордуна машыгууда.

3. Биздин кайраттуу милиция тынч жатат – кылмыштуулуктун саны азайып, спортчулардын өздөрү көчөдөгү тартипке көз салып калышты.

4. Пансионаттардын жетекчилери да тынч уктап калды, анткени аларда коопсуздук кызматы – бул кайрадан эле биздин спортчулар.

Биздин айылдын тургундары өзүбүздө спорттук зал болгонуна ыраазы, атүгүл аны менен сыймыктанышат жана башкаларга да айтып беришет.

Айыл тургундарынын пикирлери

“Клуб ачылгандан кийин өспүрүмдөр дагы да тарбиялуу, аракетчил болуп калышты. Алар эми атүгүл көчөдө улуулар менен сөзсүз учурашат, мурда мындай да болчу эмес, алар унчукпай жаныңан чуркап кетишчү”.

“Мен спортзалда 2008-жылдан бери машыгам, спорттун улуттук түрү – күрөш боюнча КР спорт чебери наамын алдым, ири мелдештерде жеңүүчү болдум, машине да утуп алдым”.

“Клубдун жана спорттук залдын ишинин жанданышы – бул менин 1994-жылдан берки кыялым болчу жана ошол кыялым орундалды. Азыр жаштар ийримдерге жана спорттук секцияларга катышууда, бул болсо кылмыштуулуктун азайышына жана балдардын туура өнүгүүсүнө көмөктөшөт”.

“Айыл өкмөттүн жана демөөрчүлөрдүн күчү менен ушул спорттук залды ачканыбызга кубанычтамын. Ага биздин жаштар гана келбестен, ошондой эле башка өлкөлөрдөн да – мисалы, Орусиядан, Казакстандан жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн да спортчулар келет”.