Суу түтүктөрү – өздөрү өзү үчүн

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаң-Жол АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Кыргызстан калкынын үчтөн бир бөлүгү таза суунун жетишсиздигинен жабыркап келишет: айрымдары химикат аралашкан кир сууну аралаш ичсе, башкалары жерди 7 км тереңдикте казышат. Жыл сайын суунун төмөн сапатта болгонунан ашказан-ичеги ооруларына кабылган адамдардын саны өсүүдө. Аксы районундагы Жаңы-Жол АА Кой-Таш айылында таза суу маселеси эң көйгөйлүү деп биринчи планга чыгарылган. Айылда 442 короо бар, ал жакта 1283 адам жашайт. Мында калктын 90% таза суу менен камсыздалган эмес. Таза сууну киргизүү боюнча долбоор 1999-2000-жылдары эле “Таза суу” долбоорунун алкагында даярдалган. Калктан өз салымынын 5% чогултулган, бирок ушул күнгө чейин ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат алына элек. Таза суунун жетишсиздиги жергиликтүү калкка бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Бир топ жылдардан бери калк дарыянын суусун ичип келет.

Эмне жасалды?

2011-жылы Кой-Таш айылынын тургундарынын демилгеси менен таза суу маселеси боюнча жалпы чыйын өттү. Жыйынга айыл өкмөттүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, депутаттар катышты. Жыйында 90 000 сом өлчөмүндөгү (“Таза суу” долбоору боюнча 5%) чогултулган акча каражатын таза суу долбоорун ишке ашыруу үчүн колдонуу жана ар бир түтүндөн жаңы кошо каржылоо үчүн кошумча каражат чогултуу зарыл деген чечим кабыл алынды. Мындай сунушка ар бир түтүн макул болду. Жергиликтүү лидерлер Марат Акматов, Таалайгүл Жолдошбаева жана Улукбек Ыдырысбеков 4,5 км суу түтүк линиясын тартып, суу колонка орнотула турган жерди бетондоштуруу үчүн анализ жүргүзүп, долбоордун бюджетин даярдашты. Долбоордун жалпы суммасы 1 200 000 сомду түздү, алардын ичинен калктын салымы накталай 300 000 сом болду, 650 000 сом – калктын эмгек салымы, 250 000 сом БУУнун Азык-түлүк программасынан азык продуктысы түрүндөгү жардам болду.

Долбоорду ишке ашырууга айылдын бардык 1283 тургуну катышты. Алар коомдук иштерге чыгышты: канал казып, суу түтүк трубасын монтаждап, суу колонкасын орнотуп, анын тегерегиндеги участокторду бетондоп чыгышты.

Натыйжалар

Долбоорду ишке ашыруу боюнча аткарылган бардык иштердин натйжасында 4,5 км суу түтүк трубасы тартылып, 16 суу колонкасы орнотулуп, жергиликтүү калктын 90% (1200) адам таза суу менен камсыздалды. Мурда суунун жетишсиздигинен айылда бир да мончо болгон эмес, тургундар кошуна айылга барышчу. Эми болсо өзүнүн Кой-Таш айылында мончо салып алышты.

Бул демилге Аксы районундагы башка муници-палитеттер үчүн үлгү болду. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Медетбек Айдаралиев буларды айтты: “Ушул долбоордун ишке ашырылышы калктын артыкчылыктуу көйгөйү эгерде чындап эле артыкчылыктуу болсо, калктын өзүнүн түздөн-түз катышуусу менен чечиле алаарын көрсөттү”.