Жамааттын күчү менен жаңы электр зымы жашоону жарык кылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жерге-Тал АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Жерге-Тал АА райондук борбордон 12 км түндүгүрөөк жайгашкан. Ал 3 айылдан турат, мында 2 075 түтүн бар, анда 7 261 адам жашайт. Тургундардын көпчулүгү мал чарбалыгы жана дыйканчылык менен күн көрөт.

Колхоздорду жана совхоздорду кайра бөлүштүрүү мезгилинде Жерге-Талда клубдар, бала бакчалар, коомдук мончолор менчиктештирилген. Ушул тапта социалдык объекттердин жоктугу чечилбей келаткан курч көйгөй болуп эсептелет. Бала бакча жок, таза суу жок, спорттук зал жок. Бардык коммуникациялар, анын ичинде электр линиялар эскирип, ички жолдордун абалы начар. Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары менен жолугушууларда калк электр жарыгынын тынбай өчүрүлүп жатканына байланыштуу маселени көтөрүп келет. Электр өткөрүүчү линиялар эскирди, айылдын калкынын саны өсүүдө, айыл кеңейүүдө. Натыйжада электр линияларына ашыкча күч келип, авариялык өчүрүүлөр орун алууда.

Эмне жасалды?

Бул маселени чечүү үчүн жумушчу топ түзүлүп, жооптуу деп Жеңиш Алимбеков дайындалды. РЭС кызматкерлеринин консультативдик жардамы менен Капчыгай айылында электр жеткирүүчү линияны реконструкциялоо боюнча долбоор иштелип чыкты. Бул долбоор АРИСке каржылоого берилип, долбоорду жактыруу тууралуу чечим кабыл алынды.

Долбоордун бюджети 450 000 сомду түздү. Анын ичинен АРИС долбоорду 300 000 сомго колдоп берсе, жергиликтүү жамаат 100 000 сомго акчалай каражат жана матераилдарды чогултуп берди. Ал эми Жерге-Тал ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджеттен 25 000 сом бөлдү. Долбоор боюнча 12 000 метр электр түтүгү жана 18 устун сатылып алынды жана орнотулду.

Натыйжалар

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында электр жарыгын дайыма өчүрүү көйгөйү чечилип, пайданы Капчыгай айылынын 1 500 тургуну, элеттик мектеп, ФАП, жеке цехтер алды.

Айыл тургундарынын пикирлери

“Электр линиялары айыл түптөлгөндө, 60-70 жыл мурда өткөрүлгөн. Зымдардын жаңыртылышы биздин айыл үчүн маанилүү
окуя болуп калды”.