Жолдор жамааттарды бириктирди

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кара-Жал АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Кара-Жал аймагындагы Жаңы-Арык айылында 2300 адам жашайт. Кыргызстандын башка айылдарындай эле бул жерде таштанды чыгаруу, жолдордун начар абалы, таза суунун жетишсиздиги өңдүү көйгөйлөр курч турат. Чогулуштардын биринде биздин элеттин тургундары айылдын ичиндеги жолдордун начар абалына байланыштуу бир топ дооматтарын артышты. Жергиликтүү тургундар жолдорду тез арада оңдоо үчүн биргелешкен аракеттер зарыл деген чечимге келишти.

Эмне жасалды?

Элеттин керектөөлөрүн биргелешип аныктап чыгып, анын натыйжасында өтө начар абалдагы жолдор белгиленди. Демилгелүү топ түзүлүп, анын башында сегиз лидерден турган турду. Алар жергиликтүү калк арасында маалымат иштерин жүргүзүп, жолду оңдоо үчүн 100 000 сомго жакын өлчөмдөгү каржы ресурстарын чогултушту. Айыл башчы жүк машинесин жана экскаватордук техниканы уюштуруп, грунтту жолдун жаман жерлерине түшүрүү үчүн шарт түзүштү. Андан кийин тургундардын өздөрүн ошол грунтту түздөтүү иштерине тартууну уюштурушту. Жолдорду жакшы абалга келтире алдык.

Натыйжалар

Негизги жыйынтык 2 км жолду ремонттоодо гана эмес, бул жерде демилгени төмөнкү жак көтөрүп, эл аны колдоп кетиши үчүн шарт түзүлгөндө жатат. Айылдын тургундарында эгерде жакшынакай айылда жашагың келсе, алакан жайып отура бербей, аракеттерди бириктирип, алдыга коюлган максаттарга өз алдынча жетиш керек деген түшүнүк калыптанды.

Айыл тургундарынын пикирлери

“Кудай жалгап жаан күндөрү ылай кечип, бутубуз суу болбосун деп целлофан баштык кийбек калдык”.

“Биздин жашообуз аз да болсо ыңгайлуу болуп калды. Бул акыркы жылдары сейрек болчу көрүнүш”.