Демилге артынан жаңы иш орундар ачылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Көк-Таш айыл аймагындагы калк менен жолугушууларда жана чогулуштарда ар дайым жумуш орундары, анын ичинде жаш аялдарды иш менен камсыз кылуу маселеси көтөрүлүп келаткан. Атап айтканда, биринчи кезекте аялдар ишсиз болгондуктан, тигүү цехин уюштуруу жагы талкууланган эле. Ал эми эркектердин 70 пайызы «КазахмысГолд Кыргызстан» компаниясында иштейт.

Эмне жасалды?

Көк-Таш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен жаңы иш орундарын уюштуруу боюнча демилгелүү топтун биргелешкен аракети аркасында тигүү цехин ачуу чечими кабыл алынды. Бул үчүн Көк-Таш айыл өкмөтү цехке деп эки бөлмөлүү турак жай бөлүп берди, устаттыкка үйрөтүү үчүн колу уз жана тикмеч аялдарды чакырышты. Ишсиз кыздар жайды оңдогонго акча каражатын топтоду. Анын ичинде электр өткөргүчтөр жаңыртылып, үйдөн эмерек, палас, килем, терезе жапкыч жана тигүүчү машинкаларды алып келишти. Кыскасы, демилгени жүзөгө ашырууга баш-аягы 30 миң сом короду, анын 10 миңи электр өткөргүчтөргө, 5 миңи эмерекке жана 15 миң сому зарыл материалдарды сатып алууга жумшалды.

Натыйжалар

Ошентип Хафиза Байназарова жетектеген тигүү цехи өз ишин баштады. Адегенде эле кийим-кечегин оңдотом деп айылдыктар кардар түшүп келе баштады, андан соң мектеп формасын тигүү боюнча мектептен заказ келип түштү, ал эми клуб болсо улуттук кийимдерди тигүү заказын берди. Натыйжада 200 мектеп формасын, андан соң улуттук стилдеги 15 аял көйнөк жана 15 эркек костюмду жергиликтүү клубда концерт, майрамдык оюн-зоокторду өткөрүү үчүн тигишти. Андан тышкары 20 комплект балдар костюму тигилди. Заказ боюнча колуктулардын себин да камдап беришет. Бүгүн цехтеги кызматкерлердин орточо айлыгы 4500-4900 сомду түзөт. Тигүү цехинде 10 аял иштейт. Миң кардарга кызмат көрсөтүлдү. Заказдар боюнча ишти жакшыртуу үчүн жумуш графиги, заказдар журналы түзүлдү. «КазахмысГолд Кыргызстан» компаниясынын өкүлдөрү тигүү цехинин иши менен таанышып, өз жумушчулары үчүн атайын кийимдерди тигүү боюнча кызматташууну сунуш кылышты. Алдыга азыр ишенимдүү карашат, анткени жакын жердеги аскер бөлүгүндө 200 аскер кызматчысы, айылдык оорукана жана жатакана бар эмеспи. Алар да тигүү цехинин кызматына кайрылышат.

Айыл тургундарынын пикирлери

“Хафизанын тигүү цехи жашообузду жеңилдетти, анткени мурда биз керек оокаттар үчүн 100 чакырым алыстагы Ала-Букага барчубуз. Цех – биздин айылдын чоң жетишкендиги”.

“Бүгүн биздин окуучулар өзүбүздүн цехтен тигилген мектеп формасын кийип жүрүшөт, сапаты да жакшы”.