Эфирде “Нооруз” телестудиясы

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Чоң-Багыш – бул Кыргызстандагы кадимки көп айылдардын бири. айыл пахта талаалары менен курчалган. Бул жерде типтүү, эки кабаттуу, мурда эле кароосуз калган, терезе-каалгалары талкаланган балдар бакчасынын имараты бар. Ал эми бакча абдан керек! Балдар бакчасы көйгөйүн чечүү үчүн бүт айыл бирикти: ата-энелер, пенсионерлер, демөөрчүлөр Сакалды АӨ жетекчилиги менен донордук уюмдарга долбоордук табыштаманы беришти.

Эбегейсиз чоң аракеттердин, бир топ материалдык, адамдык жана эмгек ресурстарынын салымынын жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук Сакалды АА Чоң-Багыш айылындагы “Нооруз” №14 балдар бакчасы оңдолуп-түзөлүп, балдарды кабыл ала баштады.

Эмне жасалды?

Балдар бакчасынын имараты калыбына келтирилди, эски отургучтар жаңыртылды, заманбап бассейн курулуп, уктоочу бөлмө, ашкана, окуу бөлмөсү үчүн заманбап балдар жабдуусу жана эмереги сатылып алынды. АРИС, АКТЕД, МЕРСИКО, стимулдаштыруучу грант боюнча долбоор, Калкты жумуш менен камсыздоо Борбору долбоору жалпысынан 2 200 000 сомго жардам берди. Айылдын калкы, ата-энелер 200 000 сомго жардам көрсөттү (жабдуулар, төшөнчүлөр сатылып алынды). Жергиликтүү жамаат тырышчаак эмгек жана көктүк, өз ишиңди ардактай билүү көп натыйжага жеткирээрин өз мисалында көрсөттү. Ошондой эле бул элет жергеси болгонуна карабастан өз идеяларыңды жана кыялдарыңды ишке ашырууга, өнүгүүгө жана билим алууга болот. Албетте айылдыктар да четте калган жок: бири бала бакчанын аймагын көрктөндүрсө, экинчиси көчөт отургузуп, сырдап, актап, жумушчулар үчүн тамак жасап берсе, башкасы ташып, жеткирип, мык кагып жардам берди. Эми жыл сайын Сакалды айыл өкмөтү катардагы ремонтуна жана бала бакчанын күнүмдүк чыгашаларына болжол менен 60 000 сом бөлүп турат.

Балдар бакчанын дарбазасынан киргенде эле жомокко түшкөндөй болосуң. Кире бериште жомоктогу үйдүн жашоочулары, күүлөнчөктөр, адаттан тыш гүлдөр (пластик бөтөлкөлөрдөн жасалып, ар кандай түскө боёлгон), таң калычтуу, бирок көзүнөн эле боорукер экени билинген жандык, бассейн жана жашыл багы бар тыкан, чоң аймак тосуп алат.

140 балага эсептелеген, эки кабаттуу бала бакчанын типтүү имаратында 6 топ иштейт, ал жерде 185 бала тарбияланат. Жеңилдик алган 6 бала бекер тарбияланат. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Орус, англис тилдеринин ийрими иштейт. 6 тарбиячы, 1 музыка сабагынан мугалим иштейт.

“Бардыгы үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында бул жылы 26 бала балдарды мектепке даярдоо боюнча атайын программа менен окутулду (240 саат).

“Нооруз” балдар бакчасы Кыргызстан боюнча заманбап техникалык каражатты колдонуп “Нооруз” телестудиясын иштеткен жалгыз бала бакча болуп эсептелет. Телестудия ушул жылдын май айында балдар бакчасынын башчысынын жана музыканттын демилгеси менен өз ишин баштаган. Телестудия үчүн камера жана студия жайгашкан атайын жер бөлүнүп берилди. Бул телестудиянын өзгөчөлүгү – 6 топтун балдары телевизордон билим берген сабактарды көрүп, өткөн темаларды кайталап турат. Адина Марипбаевна, балдар бакчасынын башчысы, улуттук кийимин жана башына элечек кийип, “Чоң эненин жомогу” берүүсүндө балдарга жомок айтып берет. Балдар өздөрү да чыгат: жомок, ыр айтып, ырдашат. Телестудия өз берүүлөрүн аптасына 3 жолу саат 10:00дон баштап айтат. Балдар сырткы көрүнүшүнө көбүрөөк көңүл бура баштаганы, көпчүлүк балдарда дикторлукка, актерлукка кызыгуу арта баштаганы, ар бир балада талант ойгонуп, балдар арасында жаш манасчылардын – “Манас” эпосун айтуучулардын саны өсүп жатканы байкалат.

Телестудиянын практикасында балдарды тарбиялоодо эң маанилүүсү – айылдын кадыр-барктуу адамдары, урматтуу аксакалдары, көрөгөч чоң эне-лери телестудияга келип, камера алдында балдарга кыргыздын унутулуп калган элдик жомокторун айтып берип, элдик ырларды ырдап, тарбиялык мазмундагы окуяларды баяндап, багыт берип, жакшы кеңештерин ортого салышат. Бул болсо балдардын тартиптүү, сылык, боорукер, кайрымдуу болуп тар-бияланышына жардам берет. Телестудиянын иши тууралуу чакан тасма даярдалууда.

Ушул тапта бала бакчаны, группалык бөлмөлөрдү жасалгалоо, новатордук ыкмаларды колдонуу боюнча иш тажрыйбасы жана эң негизгиси телестудиянын ишине башка балдар бакчасынын тарбиячылары, башчылары кызыгууда. “Нооруз” балдар бакчасына методисттер, балдар бакчасынын жетекчилери, атүгүл Базар-Коргон районундагы Арсланбоб айыл өкмөтүндөгү мектептен, Жалал-Абад шаарынан, Ош облусунан өкүлдөр келүүдө.

2012-жылы методикалык кабинеттин иш жыйынтыгы боюнча “Нооруз” балдар бакчасы Майлуу-Суу шаарындагы, Ноокен жана Базар-Коргон райондорундагы балдар бакчалар арасындагы сынакта биринчи орунду ээледи. Андан кийин облустук сынакта жеңип алып, “2012-жылдын мыкты бала бакчасы” деген наамга ээ болду. 2012-жылдын күз айында балдар бакчасынын кызматкерлери Бишкекке, жыйынтык чыгаруу жана иш тажрыйбасы менен бөлүшүү боюнча республикалык семинарга чакыруу алышты. Республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча 4-байгелүү орунду ээлешти.

Айыл тургундарынын пикирлери

Айылда көптөр “Биздин бала бакча – биздин сыймыгыбыз” деп айтышат. Сакалды аймагынын башчысы Махаматали Султановдун тыгыз иш графигинде бала бакчага барып, көйгөйлүү маселелерди талкуулап, жардам көрсөтүүгө убакыт табылат. Башчы буларды белгиледи: “Балдар бакчанын ишинин натыйжасында мектепке тартиптүү, жаңы билим алууга даяр балдар келет. Бала бакча – билим булагы. Мында тарбиячылардын жана бала бакчанын башчысынын мыкты ишин белгилеп коюш керек.Тынбай эмгектенген, дайыма чыгармачыл издөөдө жүргөн башкы адам – бала бакчанын жетекчиси Адина Салимова бул чөйрөдө 37 жылдан берки тажрыйбага ээ, билим берүүнүн отличниги. 2012-жылдын сентябрь айынын башында айылдык кеңештин сессиясында Адина Марипбаевнага Сакалды айылдык аймагынын ардактуу атуулу аттуу наам тапшырылды”.

“Биз бала бакчанын ишине ыраазыбыз. Башчынын новатордук идеяларын дайыма колдогонго аракет жасайбыз. Анын натыйжасынла биздин балдар абдан ылайыктуу шартта тарбия алышууда”.

“Иш издеп өлкөнүн сыртында көп жүрүп калып, биздин элеттик бала бакчадагы шарттар бир топ шаардык бала бакчалардан жогору болгонуна көзүм жетти”.