Ар бир короодо таза суу болгондо гана ден соолук да болот

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Сумсар поселогу райондук борбордон 180 км, облустук борбордон 270 км аралыкта жайгашкан. Поселок 1950-жылы оор металлдар казылган шахтанын тегерегинде түптөлгөн. Азыр поселокто 6002 адам жашайт, алардын ичинен 3286сы аялдар. Аймактын тегерегинде оор металлдарды камтыган 3 ачык зыян заттарды сактоочу жай жана 8 урандын иштөөгө жараксыз катмары орун алган. Поселоктогу суу менен жабдуу жана канализация системалары 60-жылдары курулган жана 2005-жылга чейин шахта башкармалыгынын балансында турган. Андан соң поселоктун балансына өткөрүлүп берилген. 2005-жылга чейин система оңдолгон эмес жана муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген учурда авариялык абалда болчу. Суу менен жабдуу системасынын узундугу 2,5 км түзөт. Поселоктун тургундары таза, ичүүчү суунун жетишсиздигинен Сумсар дарыясынан суу алып келишкен. Мындан улам сарык, аз кандуулук, ичеги таякчасы өңдүү оорулар кеңири жайылган. Анын үстүнө аялдарга жана балдарга дарыядан үйгө чейин суу ташып туруу кыйын эле.

Таза суу берүү көйгөйү көчөлөрдө да, түрдүү уюмдардын жамааттарында да, айылдык жыйындарда да талкууланып келген. Адамдар өздөрү демилге көтөрүп чыгып, суу менен жабдуу жана канализация системасынын ремонтун каржылоого өздөрү да катышышы керектигин түшүнүп турушту. Ошентсе да жамааттын өз салымы катары акчаны чогултуу үчүн демилгелүү топ айылдын ар бир тургуну менен сүйлөшүп чыгышты. Ар бир тургун долбоорду колдоп берип, зарыл болгон акча каражаты чогултулду.

Эмне жасалды?

2005-жылы АРИСтин жардамы менен 196 миң сом өлчөмүндө алгачкы курулуш-ремонт иштери жүрдү. Анын ичинен калктын салымы 33 миң сомду түздү. Аянты 3,5 гектарды түзгөн суу кашаасынын аймагы темир тор менен курчалып, суу түтүктөрүнүн ремонту жасалды. Поселоктун бардык калкы суу-канализациялык түйүндүн ремонтуна ашар жолу менен жардам берди.

2007-жылы “Айкан” коомдук фонду түзүлүп, калктын катышуусу менен фонддун демилгеси боюнча суу-канализациялык системанын ремонту боюнча долбоор иштелип чыкты. Жалпы суммасы 5 миң долларга бааланган долбоордун табыштамасын Азия өнүктүрүү банкына тапшырышты (жамааттын салымы 40 миң сом болду). АӨБ долбоорду колдоду, ага айылдын тургундары да активдүү катышты. Натыйжада таза суу берүү системасы толугу менен оңдолуп чыкты.

Натыйжалар

Долбоорду ишке ашыргандан кийин бардык поселок боюнча таза суу берүү иши жакшырды. Эң чоң жетишкендик – калк арасында, өзгөчө аялдар менен балдар ичинде оорулардын азайышы болду. Айылдын жыйынында, калктын алдында аткарылган иштер тууралуу отчет берилди. Айыл өкмөтү долбоорлорду колдоду жана каржылык, техникалык жардам көрсөттү. Түз бенефициарллар – поселок-тун бүтүндөй тургундары (6002 адам), кыйыр – Сумсарда иштеген, дарыланган, окуган же ушул аймак аркылуу өтүп турган башка кошуна айылдардын тургундары. Айылдын тургундары долбоордун ишке ашырылышы үчүн ыраазы.

Суу менен жабдуу системасынын ремонтунан кийин ар бир көчөдө, ар бир үйдө таза суу менен колонкалар пайда болду. Ушул тапта водоканалдын 272 абоненти бар. Ар бир үй-бүлөдө оорулардын, поселоктун ооруканасында жаткан бейтаптардын саны да азайды.

Айыл тургундарынын пикирлери

“Биздин поселоктогу ар бир короодо эми таза суу жүгүргөн колонка бар. Ар бир үй-бүлө аны ичүү жана чарбалык керектөө үчүн колдоно алат”.

“Биздин турак жайда 16 батир бар, ар бир квартирада суу түтүгү жана канализация бар. Суу менен камсыздоодо эч кандай маселе жок”.

“Сумсар участкалык ооруканасы суу жана канализациялык системасы менен толугу менен камсыздалды. Калк ичинде, өзгөчө балдар менен аялдар арасында оорулуулардын саны азайды”.