Жамаат идеалдуу бала бакчаны түзүүдө

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

100 орунга эсептелген “Сумсар” балдар бакчасы 1963-жылы курулуп, 1994-жылы Сумсар поселкалык кеңештин балансына өткөрүлүп берилген. 2004-жылга чейин бала бакчада эч кандай ремонттук иштер жүргүзүлгөн эмес жана жабдуулар жаңыртылган эмес. Ошол маалга карата балдардын саны 40ка чейин азайды. Бала бакчанын чатырынан суу агып, аянтынын 90% жараксыз абалга келген. Буюмдар, эмеректер, жабдуулар жана төшөнчүлөр, матрац менен жууркандар өтө эски болчу. Бирок бала бакча абдан зарыл. Анткени поселокто 3286 аял жана мектеп жашына чейинки курактагы 628 бала жашайт. Мына ушундай сандагы балдар үчүн болгону эки бала бакча иштейт. Поселоктун көпчүлүк тургундарынын балдары мектепке чейинки билимден куру калышты. Ушундан улам бала бакчаны кеңейтүү зарылчылыгы жаралды.

Эмне жасалды?

2004-жылы Мерси Ко жана АӨБ колдоосу менен бала бакча имаратынын чатыры жана жылуулук системасы оңдолду. Бардык жергиликтүү жамаат бул иштерге катышып, ар бир түтүн дарак отургузду. 2005-жылы АРИС жана АӨБ долбоору боюнча эмерек жана буюмдар сатылып алынды. 2006-жылы Мерси Ко бала бакчанын спорттук залын жана чатырын ремонттоого каражат тартты. 2007-жылы АӨБ колдоосу менен китепкана ачылды.

2008-жылы АӨБ колдоосу жана жергиликтүү жамааттын катышуусу менен даярдык класс ачылып, бала бакчанын тегереги курчалды. 2008-жылы ата-энелердин өтүнүчү менен бала бакча кеңейтилип, орундардын саны 70ке жетти.

2007-жылдан 2011-жылга чейин бала бакча облустук деңгээлдеги сынактарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп, анын жамааты дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланган.

Ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен бала бакчанын жамааты көмөкчү чарбалык жана бакча уюштуруп, ал жерде алма жана алмурут өстүрүп жатышат. Айылдын тургундарынын бири Базарбаев К. беш коюн берген эле, эми бала бакчанын 25 баш кою жана эчкиси бар.

Натыйжалар

Ушул тапта бала бакча эң жогорку талаптарга жооп берет жана бул бала бакчанын жамаатынын жана айыл өкмөтүнүн гана эмес, ошону менен бирге жергиликтүү жамааттын да жетишкендиги. Бала бакчада 70 жеткинчек тарбияланат, бакча жүргүзүлгөн ремонттук иштерден кийин жакшы абалда турат. Бакчада балдар кыргыз жана орус тилдерин үйрөнүп, майрам күндөрү иш-чараларды өткөрүп турушат. Бала бакчадагы тарбия наристелердин мектепке даярдыгына жакшы таасирин тийгизүүдө. Анткени балдар бул жерде баштапкы билимге жана жөндөмгө ээ болушат.

Айыл тургундарынын пикирлери

“Биздин 70 баланын ата-энелери бала бакчадагы тарбияга жана шарттарга ыраазы. Биздин балдарды тарбиялоо үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. «Сумсар» бала бакчасынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Менин балдарым бала бакчага 2005-жылдан бери барат. Бала бакчада шарттар жакшы: баары таза, жылуулук иштейт, үч маал тамак берилет. Балдар үчун бардык шарттар түзүлгөн, китепкана бар, ар бир топто телевизор жана DVD бар. Атүгүл жер-жемиш өскөн бакча да бар. Ошондуктан дасторкондо дайыма жаңы жемиштер, ширелер жана кыйым турат”.

“Менин бардык балдарым мектепке чейин «Сумсар» бала бакчасында тарбияланышкан. Ал жерде балдар үч маал тамак менен камсыздалган. Дайыма эт, сүт жана башка продуктылар турат. Көмөкчү чарбалык да бар. Майрам күндөрү балдар үчүн иш-чаралар, ал эми ата-энелерге кызыктуу сынактар жана оюндар өтүп турат. Жайкы балдар бассейни бар”.

“Менин кызым Карина «Сумсар» бала бакчасында тарбияланат. Бул жерде ажаткананын имараттын ичинде болгону маанилүү. Группаларда дайыма жылуу жана жайлуу, шейшептер таза. Биз «Сумсар» бала бакчасынын кызматкерлерине ыраазыбыз жана биздин айылда ушундай идеалдуу бала бакча болгону менен сыймыктанабыз”.