Элеттик китепкананын экинчи өмүрү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо АА ийгилик баяны

 Маселенин тарыхы

Маалыматтык цивилизацияны түзүү шарттарында ар бир коомдун ийгиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн башкы куроочусунун бири – жарандардын баарынын маалыматка эркин жетүүсү. Жарандардын маалымдуулугу алардын жашоо ишмердүүлүгүнүн ар бир маселесин камсыздоо үчүн маанилүү: саламаттыкты калыбында кармоо жана чыгармачыл жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү үчүн, туура турмуштук жолду тандоо жана билим алуу үчүн, өндүрүш ишмердүүлүгү жана үй чарбалыгын жүргүзүү үчүн, мамлекетти жана жергиликтүү жамаатты башкарууга катышуу үчүн. Буга байланыштуу билим берүүгө, маалыматка, маданиятка мамилени кайра карап чыгуу, жарандарды агартуу, аларды жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздерине, укуктук жана маалыматтык маданиятка окутуу.

Болгон социалдык институттардын ичинен элеттик китепкана коомдогу ушул керектөөлөрдү ишке ашырууну камсыздоого өзгөчө даяр. Совет мезгилинде өлкөнүн ар бир жаранына партиянын саясатын жеткирүү үчүн атайын элеттик китепканалардын эбегейсиз чоң түйүнү түзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул китепканалар өлкөдөгү элет калкынын негизги бөлүгүн тейлеп келишет. “Жергиликтүү тургундар үчүн үзгүлтүксүз уланып жаткан билим алуунун, өз алдынча чечим кабыл алуунун жана адамдар менен социалдык топтордун маданий өнүгүүсүнүн негизги өбөлгөсү болуп туруп, китепканалар коомдо жарандардын демократиялык укуктарын ишке ашыруунун социалдык гаранты ролун аткарууга жөндөмдүү” (Коомдук китепкана тууралуу ЮНЕСКОнун манифести, 1994). Өзгөчө бул чакан шаар же айыл шарттарында маанилүү.

Адатта элеттик китепкана билим, маалымат, маданият дүйнөсүнө жалгыз терезе болуп, адамдар үчүн руханий эс алуусу болуп калат. Ал мүмкүн болушунча адамдарга жакын жана жергиликтүү жамааттын жашоосуна киргизилген. Бул болсо ага өз колдонуучуларынын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн мыкты билүүнү камсыздайт. Айылда социалдык жана маданий инфраструктуранын талкаланышына байланыштуу китепкана көп эле учурда жараксыз болуп калган социалдык институттардын функцияларын өзүнө алат, башка маданий мекемелер менен биригет.

Советтер Союзу тарагандан кийин жаштар, Тогуз-Торо АА Казарман айылынын тургундары китепканага барбай калды. Алар, балким, китеп фонду толукталып турса бара бермектир, бирок заман талабына жооп бере албаган фонд бара-бара катары солгундап бараткан окурмандардын керектөөлөрүн канааттандыра алган эмес.

Эмне жасалды?

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн демилгеси боюнча социалдык маселелер боюнча алдыңкы адис Борболдоев Иманбек китепкананын кызматкерлери менен биргеликте тургундарды тартуу максатында ар бир түтүндү кыдырып чыгып, карточка таратуу чечимин кабыл алышты. Жалпысынан каржы чыгымдары көп деле эмес болчу – кагаз сатып алуу үчүн болгону 500 сом керек эле. Башка иш-чаралар да өткөрүлө баштады: жеке чакыруу баракчаларын жиберүү, Энелер күнү, Балдар күнү, Мамлекеттик тил күнү өңдүү майрамдарды уюштуруу.

Натыйжалар

Тургундар бош убактысында китепканага көбүрөөк келе башташты. Айрымдар башкаларга окуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, китепканага жеке китептерин тапшыра башташты. Тогуз-Торо айыл өкмөтү менен биргелешкен башталгыч иштердин арты менен китепканалар бир аз да болсо жамаатты маалыматка эркин жетүүсүн жана калкты маалымдоону камсыздоого жакындата алды. Бул ишмердүүлүк жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тургундар ортосундагы байланышты жакшыртууга шарт түзүп, тургундар айылдын жашоосуна, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө активдүүрөөк аралаша баштады.