Төрт-Күл жайыттарына талкаланыш коркунучу туулбайт

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл АА ийгилик баяны

 Маселенин тарыхы

Ылайыктуу шарттардын жоктугунан малчылар алыскы жайыттарга барууну каалабайт. Ветеринардык кызматтын, медициналык жардамдын жоктугу жана убакыттын маданий өтпөгөнү – бул малчыларды мал жандыгын жакынкы жайыттарда кармаган көп себептердин айрымдары гана. Бул жагдай мал чарбачылыгынын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Ушул тапта Төрт-Күл аймагындагы эң эле курч көйгөйлөрдүн бири – тургундардын көптөгөн арыздары айтып тургандай эле жайыттардын талкаланышы. Маңызы эмнеде? Чабандардын малдары үчүн алыскы жайыттарды жана интенсивдүү колдонуудагы жайыттарды колдонгусу келбегендиктен айылдын четиндеги жайыттарга эле күч келүүдө. Натыйжада ошол жайыттар талкаланууга дуушар болду.

Эмне жасалды?

Алыскы жайыттарда малчыларга консультативдик жардам көрсөтүү үчүн курамына айыл өкмөт башчысы, жайыт комитетинин башчысы, медициналык кызматкер, мал доктур, зоотехник жана демилгелүү топтун мүчөлөрү кирген топ түзүлдү. Бул топ жайыттарга барып, малчылар менен жолукту. Топтун мүчөлөрү адамдарга, кош бойлуу аялдарга, балдарга консультативдик жардам көрсөтүп, дары-дармектерди бекер таратып беришти. Зоотехниктер жана мал доктурлар өз кезегинде кеңеш да берип, иш жүзүндө да жардам көрсөтүштү. Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу маселеси боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү. Суроолор жана сунуштар абдан көп болду, жолугушуунун катышуучулары өз ойлорун ачык айтышты.

Экинчи күнү топтун мүчөлөрү малчылар менен биргелешип той уюштурушту. Ага 200гө жакын адам катышып, балдарга алар жакшы көргөн тасмаларды жана “Керемет-көч” мультфильмин көрсөтүп, ата-энелер менен биргеликте Ыр-кесе сынагын уюштуруп, аягында көзгө толгондор шыктандыруучу байгелерди алышты. Талыкпаган эмгеги үчүн эң улуу малчы Асан Ибраев жана эң кичүү малчы белек алышты. Кыз куумай, тыйын эңмей, көк бөрү, ат чабыш, эр оодарыш, кол жыгыш, аркан тартмай жана эстафета өңдүү улуттук оюндар уюштурулду.

Натыйжалар

Техникалык жана консультативдик жардам көрсөтүлүп, ушундай иш-чаралар уюштурулгандан кийин дээрлик бардык малчылар кийинки жылы алыскы жайыттарга чыгууга макул болушту. Айыл өкмөт башчысы АӨ менен малчылар тил табышты деген ишенимде.