Ички муниципалдык жолдорду калыбына келтирүү

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

СССР заманынан бери ушундай болуп калыптанып калган экен: бардык келгиндер өз эс алуу күндөрүн Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде өткөрүшөт. Мында жээк аз өздөштүрүлгөн болуп кала берген. Ал эми эгемендик алгандан кийин такыр эле унутта калды. Айылда калктын жашоо деңгээлине түздөн-түз таасир эткен бир топ көйгөйлөр жаралды. Көпчүлүк үй-бүлөлөр айыл чарбасы менен алектенип, акчасын эптеп тамак-ашка жеткирип, муну менен жашоосун улантууда. Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги элеттик жашоонун чеги – эртеңки күнгө ишенимдин болбогону, жумушсуздук, аракечтик, жакырчылык, адамдарда күчтүү мамлекетке ишенимдин жоктугу жана келечекке үмүттөр.

Улахол айылы көлгө абдан жакын жайгашкан, бирок калкта бош убактысын өткөрүүгө жана көлдүн жээгинде эс алууга, ошондой эле кандайдыр бир киреше табуу үчүн туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Себеби – жээкке жол жок. Жамаат бул маселени чогуу чечүүгө киришти.

Эмне жасалды?

2010-жылы “Алтын-булак” АГВ мүчөлөрүнүн демилгеси менен көлдүн жээгине чейинки жолдорду калыбына келтирүү боюнча иштер жасалган. Адегенде маселени айылдын элеттик жыйынына алып чыгышкан. Анын жүрүшүндө тургундар бул маселени чечүү үчүн акчалай салым кошуу ниетин билдиришкен. Андан соң долбоор иштелип чыгып, ПРООН эл аралык донордук уюмга сунушталган. Долбоор колдоого ээ болуп, 275 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Бул акчага кум, ылай, шагыл ж.б. өңдүү курулуш материалдары сатылып алынган. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында 5 көпүрөнүн курулушу боюнча кошумча иштер аныкталган. Айыл өкмөт аппараты колдоо көрсөтүп, 5 труба бөлгөн. Ашар жолу жана жаштардын күчү менен трубалар орнотулуп, көпүрөлөр жасалган. Бул долбоорду ишке ашырууда 10 күндүн ичинде 60 адам эч тыныгуусуз жолдун курулуш иштерине активдүү катышып, колу менен шагылды жана ылайды түздөшкөн. Айыл тургуну Урпачиев А. бул үчүн кой союп, жолдун курулушу менен алектенгендердин баарынын курсагын тойгузду. Бул демилге тургундардын баарын бириктирип, ишти бүтүрүү үчүн күч берди.

Натыйжалар

Бардык жумуштардын натыйжасында узундугу 2 км жеткен жаңы жол курулду. Эми айыл тургундары үчүн көлдүн жээгинде эс алуу үчүн гана эмес, ошону менен бирге жакын жердеги айдоо талааларына айыл чарба техникасынын өтүүсү үчүн да шарт түзүлдү. Мындан тышкары ушундай демилгеден кийин айыл тургундары айылдын көйгөйлөрүн чечүү боюнча бардык башталыштарга активдүү катышып, суу, ички жолдорду оңдоо боюнча өз сунуштарын айта башташты. Жумуш айылдык кеңештин сессиясында да белгиленип, мындай тажрыйбаны башка айылдарда жайылтуу тууралуу чечим кабыл алынды. Негизги бенефициарлар – Улахол айылынын 1550 тургуну. Кыйыр бенефициарлар – бул 5000 сандагы АА тургундары, туристтер жана коноктор.

Айыл тургундарынын пикирлери

“Негизги катышуучулары аялдар болгон жамааттын демилгеси үчүн чоң рахмат. Силер жасаган иш биздин айылдын калкы үчүн гана эмес, ошону менен бирге коноктор, туристтер үчүн чоң мааниге ээ. Жол көпкө кызмат кылат деп ойлойм”.

“Бүгүн биздин айыл үчүн маанилүү күн. Анткени жаштар жолду куруу үчүн өздөрүндө күч да, мүмкүнчүлүк да табышты. Эми биз бош убактыбызды кол жээгинде өткөрүп, туризмди да өнүктүрө алабыз. Мурда биз көлгө чейин 2 саат жөө басып келчүбүз. Эми болсо машине менен 15 мүнөттө эле жетип алабыз. Жамаатка жана айылдын бардык активдүү тургундарына чоң ыраазычылык билдире-биз..