Бала бакча эми жаныбызда

Учурда бала бакчага 58 наристе барат. Алар тарбиячылардын көзөмөлүндө болгондуктан ата-энелердин санаасы тынчып калды.

Көйгөйдү сүрөттөө

Бала бакчанын болбогонунан улам Кара Тектир айылынын тургундары өз балдарын райондун борборуна жеткирип турушчу, же чоң ата, чоң энесинин жанында калтырышчу. Бул ата-энелерге да, балдарга да ыңгайсыздыкты жаратып келген.

Эмнелер жасалды?

2011-жылы айылдын чогулушунда эски мектептин имаратында 50 орундуу бала бакчаны ачуу маселеси каралды. Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 6 бөлмө ремонттолду, жергиликтүү бюджеттен 60 000 сомго жабдуулар сатып алынды. Ремонт иштерине бала бакчада иштегиси келгендер активдүү катышты. 40 күндүн ичинде чоң иштер жасалды: имарат тазаланып, эмерек, жылыткыч өңдүү бала бакча үчүн бардык зарыл нерселер сатып алынды,септик жана скважина казылып, ашканага суу өткөрүлдү, жаңы даараткана курулду. Кошумча каражатты 85 000 сом чогулта алган марафон берди.

Натыйжасы

Учурда бала бакчага 58 наристе барат. Алар тарбиячылардын көзөмөлүндө болгондуктан ата-энелердин санаасы тынчып калды. Аларда үй-бүлөнүн пайдасы үчүн иш табуу, ал эми балдарда окуп, өнүгүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Балдарын бала бакчага берүүнү каалагандардын саны өсүп отуруп, бүгүнкү күндө кезекте 83 бала турат.

Элдик трибуна

Жамал ШАРШЕНОВА, чоң эне: “Биздин балдар көчөдө үшүп-тоңуп, кир жүгүрүп жүргөн жок. Кечинде алар үйгө келип алып, сабактан эмне өтүшкөнүн айтып беришет”.

Гүлжамал ЧОРОБАЕВА, эне: “Биз көп учурда балдарыбыздын суроосуна жооп бербей коёбуз жана аларды эч нерсеге үйрөтпөйбүз. Алар өздөрү менен өздөрү. Бала бакчага барары менен кызым өзгөрүп, өз алдынчалуулукка үйрөнүп калды. Өз кийимдерин өзү шкафка жыйнап, бут кийимин өзү эле тазалап калды. Азыр көптөгөн ата-энелер балдарын бала бакчага орноштура албай жүрүшөт, анткени орун жок. Бул маселени чечиш керек”.

Автор: Нуржамал ТУУГАНБАЕВА,  бала бакчанын жетекчиси