Бала бакча – өтө көйгөйлүү маселе

Айыл тургундарынын ичинен чыккан активисттердин, АӨ башчысынын, кызматкерлеринин биргелешкен иши бала бакчанын курулушун ишке ашырды.

Көйгөйдү сүрөттөө

Кара-Ой айылы – Ысык-Көл районундагы эң чоң айылдардын бири, калкынын саны 3174 кишини түзөт. Жашоочулардын негизги ишмердиги – туризм жана бакчылык. Ишкерчилик өнүккөн күндө да жумушсуздуктун деңгээли жогору. Кичинекей балдарды бирөө менен калтырууга мүмкүнчүлүгү болбогону үчүн да бул нерсе ишке орношууга тоскоолдук жаратып келатат. Аймакта бала бакчалар жетишсиз.

Эмнелер жасалды?

Адегенде бала бакчанын имаратын менчиктештирүү боюнча материалдар каралды. Андан соң АӨ аппараты жана айыл активисттери мамлекеттик менчикти сатуунун жагдайларын териштирип берүүнү өтүнүп, сот органдарына кайрылды. Сот өтө орой мыйзам бузуулар болгонун тастыктап берди. Объект АӨ балансына кабыл алынды.Анткен менен ошол учурда бала бакчанын имараты авариялык абалда турган. Ошол маалда АРИС “Карыздын конверсиясы-2” долбоорун ишке ашыра баштады. Тургундар АӨ менен биргеликте бул конкурска катышууга даярдана башташты.

Биринчи кезекте калк арасында көйгөйлөрдүн жана долбоорлордун эң артыктуусун тандап алуу боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү.

Төрт багыттын ичинен эң артыкчылыктуу деп бала бакча тандалып алынды – сурамжылоого катышкандардын 90% ошону тандаган.

Айылдын социалдык-коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча стратегиялык инвестициялык план даярдалган, адистердин катышуусу менен БАП жана долбоордук сунуштама иштелип чыккан. Бардык материалдар АРИСтин сынактык комиссиясына жиберилген. Көп өтпөй оң жооп келди. Агенттик 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушун каржылоого болжол менен 22 миллион сомдун тегерегинде грант бөлдү. АӨ ага 90 миң сом кошту. Объектти курууга тендер жарыяланды. Жергиликтүү бюджеттин каражатына зарыл болгон мүлк, жабдуулар, эмерек сатып алынып, трансформатору бар жаңы электр линиясы орнотулду.Ата-энелердин бир бала үчүн алгачкы бир жолку кошумчасы 2000 сомду түздү, ай сайын 700 сом төлөп турмай болушту. Бул акча тамактанууга кеткен чыгымды жапмакчы. Бала бакчанын иштешине жана кызматкерлердин маянасына байланышкан калган чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттер тарабынан жабылат.Ушул тапта түз бенефициарлар болуп балдар эсептелет – 156 адам, ошондой эле алардын ата-энеси – 300дөн ашуун киши. Бул ийгиликтүү тажрыйбадан кыйыр пайданы айылдын баласы бар бардык тургундары алышты. Ал эми бул болсо 2000ден ашык адам дегенди түшүндүрөт. Мындан тышкары 14 адам бала бакчада ишке орношту.

Натыйжасы

Айыл тургундарынын ичинен чыккан активисттердин, АӨ башчысынын, кызматкерлеринин биргелешкен иши бала бакчанын курулушун ишке ашырды. Бул тажрыйба жалпы максатка бириккен адамдардын аракети канчалык натыйжалуу болорун көрсөттү. Албетте бул ишке өзүнүн чоң салымын кошкон тургундарды да белгилебей кетүүгө болбос.

Авторлор: Гүлнара МАМБЕТАЛИЕВА, лидер, 
Данир ИМАНАЛИЕВ, АӨ башчысы