Липенканын балык өстүрүүчү адистери

Нечендеген жылдар бою адамдар балык өстүрүп келаткан Липенкада кырдаал өзгөрө баштады.

Бүгүнкү күндө улуу муундун өкүлдөрү “балык бейшембини” сагынуу менен эскеришет. Бул күнү коомдук тамактануучу жайлардын бардыгында трескадан жанчылган этти, маринаддалган хекти, борщтун ордуна балыктын шорпосун, ал эми гуляштын ордуна куурулган сазан же карп берилчү.Деңиз жана дарыя балыгы баштан өйдө жетчү.Айтор, канча кааласам, ошончо жей берем. Бирок СССР урагандан кийин азык-түлүк кырдаалы кескин өзгөргөн. Балык дүкөндөрдөн жоголо баштады. Ал эми балыктын баасы асманга чыгып кетти.

Себеби ачык эле: адистердин айтымында, мурдагы СССРге кирген бардык республикаларда жана жарым-жартылай Кыргызстанда да мамлекеттин көңүлүнүн тышында кала берди. Андыктан тез эле жоголуп кетүү коркунучуна кабылды. Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу балык чарбачылыгы департаменти бир нече жолу жоюлуп, кайра түзүлүп жатты. Бирок иш жүзүндө эч ким көйгөйдү чечүү менен алектенген эмес.

Кошумча материалды жасалма кайрадан өндүрүү жана өстүрүү үчүн жооп берген балык заводдору талап-тонолуп, же менчиктештирилип кеткен. Ал эми сакталып калгандары болсо анда-санда мамлекеттик заказды аткарып турушту. Жылдар бою кошуна республикалар менен түзүлүп калган байланышты жоготуп алдык. Натыйжада жасалма көлмөдөн, бассейндерден жана башка чарбачылыктан кармалган балыктар жок кылынды. Браконьерлер өзүн эркин алып жүрүштү. Анткен менен ал жылдары балыкты каалаган ишсиз кармап калган.

Мунун баары чогулуп келип, көлмө чарбачылыгынын абалына гана эмес, ЮНЕСКОнун коргоодогу объекттеринин тизмесине киргизилген Ысык-Көлдүн уникалдуу ихтиофаунасына да терс таасирин тийгизди.

Нечендеген жылдар бою адамдар балык өстүрүп келаткан Липенкада кырдаал өзгөрө баштады. 2006-жылы балыкчылыкты кайра бутуна тургузууну каа-лаган демилгечилер бул үчүн Ассоциацияга биригишти. Адегенде бул уюмдун мүчөлөрүнүн бири көлмөнү ижарага алган. Ал эми үч жылдан кийин айылдык аймактагы дээрлик бардык көлмөлөрдүн ээлери пайда болду (Липенка айылдык аймагында түрдүү көлөмдөгү 24 көлмө бар).

Анткен менен билимдин жана тажрыйбанын, балык уулоо үчүн зарыл болгон сапаттуу жабдуулардын жанауюшкандыктын жоктугунан алгачкы жылдары адамдар бул иш үчүн сарптаган каржылык жана материалдык ресурстарын кайтара алышкан жок. Фермерлер чыгымга учурады. Бирок бара-бара жалпы аракетти бириктирип, жолугушуулар, маалымат жана практикалык тажрыйба менен алмашуу үчүн бейформал аянтча түзгөндө иш ордунан жылды.Көлмө чарбасында ал маалда балык көбөйүп деле кеткен жок, бирок байланыштар түзүлдү.

2010-жылы ПРООН/ГЭФ эксперттери Ысык-Көл облусундагы көлмөлөрдү изилдеп чыгып, фермерлерди Чолпон-Ата шаарындагы Эко-центрге семинарга чогултуп, ортодогу көйгөйлөрдү талкуулады. Ал эми ошол эле жылдын күз айында ошол форумдун тогуз катышуучусу Венгрия Республикасында аква-маданиятты алып кетүүнүн алдыңкы ыкмаларын үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Семинар алынган билимди Ысык-Көлдө жайылтуу, ошондой эле венгр тажрыйбасын биздин шарттарда пайдалануу үчүн чоң дем болуп берди.


Ошол окуялардан көп өтпөй эле “Ысык-Көлдүн көлмө ээлери” аттуу коомдук бирикме каттоодон өттү. Анын демилгечилери жана негиздөөчүлөрү болуп 43 гектар көлмөнү ижарага алган Липенка АА 12 балык өстүрүүчүлөрү чыкты. Азыр бирикмеге 28 киши мүчө,жалпы көлмө фонду 200 гектарды түзөт. Ага “Каракол балыгы” да, биздин региондогу ири кайра иштетүүчү “Фаир” компаниясы да кирди. Коомдук уюм өзүнүн алгачкы күндөрүнөн баштап эле эл аралык институттар менен активдүү кызматташа баштады. ПРООН/ГЭФ долбоорунун жардамы менен анын мүчөлөрү 7 тоннадан ашык карп полимаданияты үчүн зарыл материалдарга ээ болуп, жемди кайра иштетүү боюнча жабдуу алды. Мунун арты менен коомдук бирикменин Ысык-Көл облусунун бардык райондорунда жайгашкан көлмөлөрүн балыкка толтура алышты.

2012-жылдан тарта фермерлер алгачкы продукцияны ала башташты. Аны менен бирге практикада чет өлкөлүк тажрыйбаны да колдонуп көрүштү – көлмөлөргө судак өңдүү балыктын жырткыч түрүн коё беришти. Судак амур чебагы, элеотрис ж.б. өңдүү майда балыктарды жок кылган биологиялык мелиоратордун ролун аткарды.СССР ыдырап кеткенден кийин мындай практика республикада биринчи жолу колдонулду.

Натыйжалар таң калтырды: бир жылдык судактын өсүш темпи көптү көрүп калган балыкчылардын да оозун ачырды. Кыска аралыкта 30-40 грамм майда балык 400-600 граммдык балыкка айланып жатты. Бул практикага КР Улуттук илимдер академиясынын ихтиология кафедрасынын илимий кызматкерлери да кызыгып, учурда коомдук бирикме республиканын окумуштуулары менен да кызматташып келатат.

Ийгиликтерге карабастан ысыккөлдүк балык уулоочулар бир орунда туруп калгысы келбейт. Ыңгайлуу учуру келсе эле алар окушуп, семинарларда билимин тереңдетүү менен алек – коомдук бирикменин бир нече мүчөсү потенциалды жогорулатуу боюнча Финляндияда, Тажикстанда окуп келишти. Өлкөдөгү бул маанилүү тармакка Жогорку Кеңештин депутаттары да көңүл бурушту. Май айында Тоң айылында парламентарийлердин фермерлер менен жолугушуусу өтүп, аква-маданияттын көйгөйлөрүнө жана жалпысынан балык өстүрүүнү натыйжалуу жана туруктуу өнүктүрүүнүн ыкмаларына тиешелүү бир катар маселелер көтөрүлдү.

Бул тармакты таанытуу максатында Липенкада Балык фестивалы уюштурулду (биздин республикадагы алгачкы фестиваль). Анда социалдык жана экологиялык темалар үстөмдүк кылып, майрам абдан жакшы өттү. Фестивалды жыл сайын өткөрүп туруу макулдашылды.

Көлмө чарбасынын Липенкада кайра жаралуу тажрыйбасы шыктандырат. Эгерде ал жакта адамдар Азыктүлүк программасы жана калкты иш менен камсыздоо өңдүү маанилүү маселелерди чечкен бул бизнести жолго коюп кете алса, анда муну көлмө бар жерлерде да ишке ашырса болот.

Бүгүнкү күндө өтө көп фермер-балык өстүрүүчүлөр коомдук бирикмеге кирүү тууралуу арыздары менен кайрылып жатышат. Алар бирикменин мүчөлөрү чыгарган продукция бара-бара мыйзамсыз жол менен Ысык-Көлдөн балык кармаган браконьерлерди четке сүрүп баратканын көрүшүүдө. Бул болсо азыркы муун кийинки муун үчүн кыргыз кереметинин биоартүрдүүлүгүн сактап калууга жөндөмдүү болгондугунун кепилдиги.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кат жазыңыз:mametovmaksat@rambler.ru.


Автор: Маскат МАМЕТОВ, Липенка АА, Ысык-Көл областы