Пресс-сессия: 2019-жылдын жергиликтүү бюджеттери: Элеттик муниципалитеттерде өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү барбы? (Нарын)

Пресс-сессия Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө

ЖМК ҮЧҮН ЧАКЫРУУ                                                18-декабрь, 2018-ж, Нарын ш.

Өнүгүү үчүн аймактарга мамлекеттик акча каражаттары керек. Муниципалитеттер жолдорду, таза суу менен камсыздоону, соцциалдык объекттерди жана башка көптөгөн багыттарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого милдеттүү. Шаарларда жана айылдарда шарттарды түзүүгө так ошолор жооптуу. Бирок жергиликтүү бюджеттердин мамлекеттик каржыдагы жалпы үлүшү дээрлик ошол бойдон калууда. Аны менен бирге түрдүү аймактарды каржылоодогу айырмачылык кескин чоңойгондугу байкалууда. Мисалы, Исфана шаары коммуналдык чарабаны каржылоого шаардын 1 км2 аянтына 9248 сом сарптаса,  Нарын шаары ошол эле аянтка болгону 1 072 сом же дээрлик 8 эсе аз өлчөмдөгү акча каражатын сарптайт; Талас облусунун Кара-Буура районунда бир адамга 17 сом, ал эми Нарында – 240 сом же 14 эсе көп акча каражаты каралган. Кара-Балта шаары өз тургундарынын эс алуусуна жана маданиятына 687 сом сарптаса, Ат-Башы районунун бир айыл аймагы киши башына болгону 155 сом же 4 эсе аз акча каражатын багыттай алат!

2018-жылдын 29-ноябрында КР Жогорку Кеңешинин депутаттары өлкөнүн 2019-жылга карата республикалык бюджетин бекитишти.  

Көпчүлүк шаарлардын жана айылдардын өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү барбы? Жергиликтүү бюджеттер 2019-жылы кандай болот? Жергиликтүү бюджеттердин үлүшү чоңойдубу? Территориалдык чоң айырмачылыктар сакталабы же кыскарабы? Муниципалитеттерде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү менен бирге өз алдынчалыкты сактап калууга акча каражаттары барбы? 2019-жылдын бюджети аймактарга эптеп күн өткөрбөстөн, өнүгүүгө кадам таштоосуна жардам береби?

Ушул жана башка көйгөйлүү маселелер “Жергиликтүү бюджеттер: өзгөрүүлөрдү үмүт менен күтүү” деген аталыштагы пресс-сессияда талкууланат. Сиздердин суроолоруңуздарга Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ | DPI) муниципалдык бюджеттер боюнча адиси Азамат Мамытов жооп берет. Иш-чара 2018-жылдын 18-декабрында Нарын шаарындагы “АКИпресс” пресс-борборунда өтөт.

Пресс-сессиянын программасы:

 

Бардык суроолор боюнча ӨСИнин Коомдук байланыш жана маалымат боюнча адиси Нургүл Жаманкуловага кайрылыңыздар: 0770 771-711, 0555 / 0500 313-385.