«Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилени өнүктүрүү” темасында парламенттик угуу

Өтүүчү орду жана убактысы: 2020-жылдын 31-январы, Жогорку Кенештин жыйындар залы, саат 14-00. Катышуучуларды каттоо 13:30да башталат.
Булак: http://kenesh.kg/ky/news/show/9452/31-yanvarda-kirgiz-respublikasinda-byudzhetter-aralik-mamileni-onukturuu-temasinda-parlamenttik-uguu-otot

Жогорку кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети БУУӨПтүн долбоору менен Швейцариянын Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун көмөгү менен «Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү” темасында парламенттик угуу өткөрөт.

Иш-чарага өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдордун, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй областары менен Бишкек шаарынын мамлекеттик жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен айыл өкмөттөрүнүн жана  башка өкүлдөр чакырылат.

Өтүүчү орду жана убактысы: 2020-жылдын 31-январы, Жогорку Кенештин жыйындар залы, саат 14-00. Катышуучуларды каттоо 13:30да башталат.

Кошумча маалымат алуу жана катышуучуларды алдын ала каттоо телефондору: 63-92-24 жана 63-92-67.

П Р О Г Р А М М А С Ы:

Чыгып сүйлөө үчүн регламент: Негизги баяндама 15 мин., кошумча баяндама 10 мин., чыгып сүйлөөчүлөргө - 5 минутка чейин, суроолорго - 2 минуттан, жоопторго - 3 минут көп эмес.