Бишкекте Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган көргөзмө ачылат, 02.11.2017

Расмий ачылышы 2017-жылдын 2-ноябрында саат 15.00дө болгон бул көргөзмө 19-ноябрга чейинки аралыкта Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде уюштурулат. Көргөзмөдө Кыргызстандын аймагында 2017-жылдын 1-майынан 1-октябрга чейин өткөрүлгөн "ЖАКШЫ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР - 2017" аттуу плакаттардын Улуттук сынагынын катышуучуларынын иштери коюлат.

Иш-чаралар