“Жергиликтүү демилге: бүгүн, эртең” форуму Нарында, 30.11.2017

Форумдун жүрүшүндө, Нарын облусунун айылдык аймактарынан жана чакан шаарларынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун (ЖК) өкүлдөрү ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын кызматташтыгы аркылуу жергиликтүү деңгээлде актуалдуу көйгөйлөрдү, аларды чечүү жолдорун карап чыгып, талкуулашты. Талкуу аяктап, иштелип чыккан натыйжалар катышуучуларга тартууланган соң, 2017-жылы Чүй, Нарын жана Ош облустарынын бардык муниципалитеттери арасында өткөрүлгөн үч конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине дипломдор жана сертификаттар тапшырылды.

Иш-чаралар