Швейцария өкмөтүнүн колдоосу алдында Чүй облусунун Александровка айылдык аймагында бала бакча ачылды, 19.03.2018

2018-жылдын 19-мартында “Балдардын достугу – улуттун күчү” долбоорунун жыйынтыкталганына байланыштуу расмий иш-чара болуп өттү. Аны Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Беш-Көрүк айылынын тургундары биргелешип өткөрүүдө. Аталган долбоордун алкагында мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттар түзүлгөн. Бул долбоорду Александровка айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ) колдоосу менен ишке ашырышты. ЭҮЖӨБОЖ долбоорун Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

Иш-чаралар