COVID-19 кыргызстандыктардын конституциялык укугун кантип чектеди?

COVID-19 кыргызстандыктардын конституциялык укугун кантип чектеди?

2020-жылдын 30-октябрында Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесинде COVID-19 пандемия шартында жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүүгө арналган семинар болуп өттү. Семинарга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер Агенттигинин (ЖӨБЭММА), “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсынын, КР ЖӨБ Союзунун, Чүй облусунун Гроздь, Ак-Башат жана 1-Май айылдык аймактарынын финансы-экономика бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

Иш-чара Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (#SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саяссат институту тарабынан аткарылган “Элдин үнү ана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору тарабынан  уюштурулду.

Семинардын катышуучуларына Долбоордун адиси Азамат Мамытов ЖӨБ органдары тарабынан жарандык бюджетти түзүүдө веб-багытындагы тиркеме жөнүндө кыскача маалымат берип, 2021-жылга карата жергиликтүү бюджеттердин долбоору боюнча коомдук угуулар пандемияга байланыштуу жер-жерлерде массалык түрдө өтпөй калгандыгы тууралуу маалымат берди.

Андан соң катышуучулар COVID-19 пандемиясынын шартында ЖӨБ деңгээлинде бюджеттик саясатка байланыштуу мыйзамдардын талаптарын аткарууда коопсуздукту сактоо жана натыйжага жетишүү тууралуу талкуулашты.

Жарандык бюджетти түзүүдө веб-багытындагы тиркемени мындан да жакшыртуу максатында Москва районунун 1-Май айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жумагулова Нургуль төмөнкүлөрдү сунуштады:

  • веб-багытындагы тиркемедеги чыгашаларды мындан да ачык көрсөтүү, мисалы кайсы мектеп же бала бакча, кайсы көчө же айыл;
  • веб-багытындагы тиркемени маалымат берүүгө гана эмес, жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкулоого аянтча кылуу сунушун берди.

Семинардын катышуучуларына 2020-жылы Чүй облусунун Ак-Башат айылдык аймагы 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетти талкуулоо боюнча коомдук угууну өткөрүүдөгү маалымат өнөктүгү жана жалпы эле иш-чара тууралуу өз тажрыйбасы менен аталган аймактын айыл өкмөтүнүн адиси (ошол мезгилде АӨ башчысынын орун басары болгон) Атыркүл Жумабаева айтып берди: “Биз алдын ала эки жума мурун маалымат өнөктүгүн өткөрдүк. Албетте бардык коопсуздук эрежелерди сактоо аркылуу. Белгиленген күнү биз аймактын Маданият үйүндө катышуучуларды тосуп алып, ар бирине беткап берип, колдоруна кире бериште антисептик сээп, коомдук угуу өтүүчү залдагы отургучтардын аралыгын да белгилеп койдук. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү да так эле ушундай эрежелер менен өздөрүн алып жүрүштү. Негизинен, биз бул иш-чараны уюштуруп жатып, кыйла эле кооптондук, бирок ошого карабастан, ийгиликтүү өткөрүп, тургундарыбыздан сунуштарды алдык, пикирлерин уктук.”

Катышуучулар тарабынан мындан сырткары учурдагы COVID-19 пандемиясынын шартында 2021-жылга карата коомдук угууларды өткөрүү зарылчылыгы, бюджеттин долбоорун жергиликтүү калк менен талкуулабай эле жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитип койгонго мыйзам жол береби, коомдук иш-чараларды өткөрүүдө тараптардын жоопкерчилиги,  бюджет долбоорун жергиликтүү тургундар менен талкуулоонун дагы кандай жолдору бар экендиги  тууралуу көйгөйлүү маселелер да каралды.

Бул өңдүү суроолорго Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев мындай деп жооп берди: “Кыргыз Республикасынын ар бир жараны маалымат алганга укуктуу. Бул укук биздин Баш мыйзамда (Конституцияда) бекитилген. Ал эми азыркы учурдагы шарттарга байланыштуу биздин ЖӨБ органдарыбыз бюджет долбоолорун жергиликтүү тургундар менен талкуулап, андан соң алардын сунуш, сын-пикирлерди угуп, топтоп, алар канчалык деңгээлде мыйзамга туура келгени же келбегендигин аныктап чыгып, алардын туура келгендерин бюджет долбооруна киргизүүсү чындыгында бир аз татаал болуп турат. Бирок аны менен катар жарандарга маалымат жеткирүү үчүн заманбап ыкмалар бар экендигин бардыгыбыз билебиз. Болгону ошолордун легитимдүүлүгүн мыйзам чегинде тактап, аныктап алуу зарыл. Эгер талкуу, добуш берүү, кандайдыр бир муниципалитет же мамлекет тарабынан тейлөө кызматтарын электрондук түрдө эле алуу мүмкүнчүлүгү болсо, мен ойлойм, бул биздин жарандарга да ыңгайлуу болот. Мисалы, Эстония мамлекетинде цифровизация абдан мыкты деңгээлде өнүккөн. Ал жакта жарандар башкаруу органдарына же кызмат көрсөтүүчү мекемелерге өздөрү барып жүрбөй эле, смартфондору же компьютер аркылуу эле бардыгын бүтүрүп алат экен. Ошондуктан бул – ар бир адамдын жеке кабыл алуусу. Биздин өлкөдө да ушул система өз нугуна коюлса, айталы, бюджетти талкуулоого менде онлайн катышуу мүмкүнчүлүгүм болсо, анда мен ал жакка бармак эмесмин. Анткени, ага зарылчылык болмок эмес. Ошол себептен менин айтайын дегеним, өлкөбүздөгү ар бир жаран маалымат алганга укуктуу. Ал эми сиздер, ЖӨБ органдары, ошого мыйзам чегинде бардык шарттарды түзүп беришиңиздер керек”.

Өнөктөштөр менен иш алып баруу боюнча Долбоордун координатору Алтынай Бузурманкулова COVID-19 пандемиясынын шартында коомдук талкууларды уюштуруу ыкмалары тууралуу маалымат менен бөлүштү: “Албетте азыркы учурда бардыгыбыздын эркиндигибиз бир аз чектелип калды. Бирок ошого карабастан жергиликтүү бюджеттер тууралуу маалыматты калкка жеткирүү, аны жайылтуу, талкуулоо, сунуштарды кабыл алуу жолдору да жок эмес. Мисалы, маалыматты расмий же муниципалдык веб-сайттарга, же презентация катары даярдап, аны YouTube каналына жайгаштырып, анын шилтемесин WhatsApp мессенджери аркылуу аймактын тургундарына жиберсе болот. Албетте бул процессте кайра байланыш үчүн (сунуш, пикир, суроолор үчүн) толук маалымат камтылышы керек. Долбоордун бул багытта бөлүшө ала турган тажрыйбасы бар. Анткени быйыл жаз-жай айларында биздин Ош, Чүй жана Нарын облустарындагы максаттуу муниципалитеттерибиз өздөрүнүн Биргелешкен аракеттер пландарынын жана Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын долбоорлорун так ушундай ыкмалар менен жергиликтүү тургундары менен талкуулап, сунуштарды топтой алышкан”.

Катышуучулардын ар бири өз пикирлерин айтып, сунуштарды беришти. Мисалы, ӨСИ жарандык катышуу боюнча консультанты Айнура Балакунова: Жергиликтүү бюджеттин долбоорун презентация түрүндө айыл өкмөт башчысы / мэр тарабынан тартууланган видеосун да ошол эле  ыкмалар менен старосталар/квартал башчылары аркылуу жайылтуу менен бул темага жергиликтүү деңгээлде кызыкчылыкты жогорулатууну сунуштады.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын укуктук ченемидик актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоо жана жарандын бюджетти түзүүдө веб-багытындагы тиркемени семинарда түшкөн сунуштардын негизинде жакшыртуу болду.

Версия для печати: print

Иш-чаралар