“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун үчүнчү, жыйынтыктоочу фазасы башталды

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун үчүнчү, жыйынтыктоочу фазасы башталды

Жыйынтыктоочу фазанын максаты – жетишилген жыйынтыктарды бириктирүү жана алынган тажрыйбаны бардык КРнын ЖӨБ органдары арасында жайылтуу.

Долбоордун жалпы максаты болсо мурдагыдай бойдон кала берүүдө (туюндурмада бир аз өзгөрүүлөр болгонун эсепке албаганда): жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарды чечим кабыл алуу процессине тартуу менен, мамлекеттик финансыны дагы да ачык-айкын, жоопкерчиликтүү башкарышат.

Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү жана географиясы:

  • I фаза: 2011-жылдын ноябрь айынан 2015-жылдын мартына чейин. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустары;
  • II фаза: 2015-жылдын апрель айынан 2020-жылдын мартына чейин. Кыргыз Республикасынын Чүй, Ош жана Нарын облустары;
  • III (жыйынтыктоочу) фаза: 2020-жылдын сентябрь айынан 2022-жылдын март айына чейин. Кыргыз Республикасы.

​Сегиз жылдын ичинде, 2011-жылдан 2020-жылга чейинки мезгил аралыгында Долбоор эл тарабынан ЖӨБ органдарынын отчеттуулугун талап кылганына колдоо көрсөтүп, жамааттын тартылуусун, катышуусун жана жоопкерчилигин камсыз кылууга жардам берип келди. Экинчи жагынан, Долбоор ЖӨБ органдарына жарандык демилгелерге адекваттуу реакция жасоого жардам берди. Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, ЖӨБ органдарынын жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга, бюджеттик процесске катышуу укугун камсыз кылуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган мыйзамдарды өркүндөтүүдө КР Өкмөтүнө жана Парламентине олуттуу колдоо көрсөттү. Эми болсо, жыйынтыктоочу фазада Долбоордун күч-аракеттери жарандардын отчеттуулукка болгон суроо-талабы жана ЖӨБ органдары тарабынан бул суроо-талапка жообу Долбоор бар-жогуна карабастан күчүндө болушу үчүн туруктуулукту камсыз кылууга багытталмакчы. Долбоор эки негизги багыт боюнча иш алып барат.

1-багыт“ЖӨБ органдарынын потенциалын көбөйтүү системасынын туруктуулугун жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу”. Бул багыттын алкагында Долбоор өнөктөштөрүн – ЖӨБЭММАнын, ЖӨБ Союзунун жана ӨСИнин демилгелерине колдоо көрсөтөт: ЖӨБ органдарынын башкаруунун алдыңкы усулдарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ЖӨБдүн мыкты практикасы Порталы аркылуу билим жана тажрыйба алмашуу демилгелерин колдоп берет. Ошондой эле Долбоор Мамлекеттик кадр кызматынын муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун расмий системасын өркүндөтүү боюнча аракеттерине колдоо көрсөтмөкчү. Бул ишке аймактардагы университеттер жана башка окуу жайлары да тартылат. Аймактардагы университеттерге муниципалдык кызматчыларды окутуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн кошумча колдоо көрсөтүлөт.

2-багыт – “Жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга, анын ичинде бюджеттик процесске катышуусун күчөтүү, мында гендердик теңдикти эсепке алуу жана калктын аярлуу катмарын катыштыруу”. Бул багыттын алкагында Долбоор жарандардын бюджеттик процесске катышууга укугун колдонуусу үчүн укуктук жана техникалык шарттарды бекитүүгө башкаруунун улуттук деңгээлине жардам берет. Күч-аракеттер төмөнкүдөй багыттарга жумшалат: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодексти иштеп чыгуу жана кабыл алуу, Кодекстин жоболорун түшүндүрүү боюнча маалымат өнөктүгүн өткөрүү, ошондой эле улуттук мыйзамдар жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн эл аралык принциптерине канчалык шайкеш келгенине мониторинг жүргүзүүнүн механизмдерин кеңири жайылтуу багыттарына өзгөчө көңүл бурулат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Европа хартиясы мындай мониторингдин механизмдеринин бири болуп бере алат.

ЖӨБ органдарынын финансылык туруктуулугун, алардын жарандардын артыкчылыктуу муктаждыктарына жооп берүү мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө максатында ЖӨБ органдары менен мамлекеттин ортосундагы бюджет аралык диалогду уюштуруу процессинде Долбоор ЖӨБ Союзуна көмөк көрсөтөт. Бул процесс жергиликтүү кирешелердин божомолун жакшыртууга жардам берип, мамлекеттик бюджетти теңдештирүү жана стимул берүү процессинин ачык-айкын болушуна көмөк көрсөтөт.

Долбоор бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугуна жана отчеттуулугуна коюлган ченемдик талаптарды бекитүүдө улуттук өнөктөштөргө көмөктөшөт. Аны менен катар, КР Финансы министрлиги, ошондой эле ЖӨБЭММА жана ЖӨБ Союзу аркылуу ушул кезге чейин бул талаптарды көп жакшы аткарбай келген ЖӨБ органдарында бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугун киргизүү үчүн чаралар көрүлөт. Долбоор мыкты практикаларды аныктап, ЖӨБ органдарынын жергиликтүү бюджеттерди түзүү, жергиликтүү демилгелерди каржылоо боюнча коомдук угууларды уюштурууда жана өткөрүүдө алдыңкы тажрыйбаны колдонууга шыктандырат. Бул максатта Долбоор ЖӨБ Союзу жана ЖӨБЭММА менен кызматташтыкта атайын конкурстарды өткөрөт.

2021-жылдын жаз мезгилинде өтчү жергиликтүү шайлоонун алдында Долбоор жергиликтүү кеңештерге талапкерлигин коюу ниети бар кыз-келиндер үчүн Лидерлик мектебин өткөрүүнү пландап жатат. Мектепте лидерлик, коммуникация жана тармактарды түзүү жаатында жеке өнүгүү боюнча жалпы семинарлар өткөрүлөт. Буга кошумча Мектеп муниципалдык башкаруу, саясаттын негиздери, жергиликтүү жамааттын жана жарандык коомдун катышуусу, ошондой эле гендердик өңүттөрдү эсепке алуу менен бюджетти түзүү боюнча тренингдерди өткөрөт.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору тууралуу кошумча жана ыкчам маалыматты төмөнкү шилтеме боюнча Долбоордун сайтынан таба аласыз: http://vap.kg/ky   

Версия для печати: print

Иш-чаралар