Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын мектеби

Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын мектеби

Өтүнмөлөр 2020-жылдын 11-декабры, саат 17:00гө чейин төм. дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Шевченко көчөсү, 114 же электрондук дарекке жөнөтүңүз: ABuzurmankulova@dpi.kg

Өнүктүрүү саясат институту Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (мында ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) долбоорунун алкагында Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын мектебин уюштурууда. Мектептин максаты – жигердүү аялдардын, анын ичинде кыз-келиндердин элеттик муниципалитеттердеги жергиликтүү кеңештерде өз потенциалын ишке ашыруусу үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү.

Максаттуу аудитория – Кыргыз Республикасынын жараны болгон жана айылдарда жашаган 20 аял (28 жаштан жогору курактагылар) жана 10-20 кыз-келин (28 жашка толо электер).

Аял талапкерлерге коюлган талаптар:

  • жашы 18ден жогору болушу керек;
  • айылдык аймакта (айылда) туруктуу жашоого тийиш;
  • өз айылынын өнүгүүсүнө жигердүү катышууга каалоосу болуп, буга даяр турушу керек;
  • мектептин бардык этаптарына жигердүү катышып, мектепке келип окууга жана/же онлайн окууга каалоосу жана даярдыгы болушу керек;
  • мүмкүн болсо, бирок милдеттүү түрдө эмес: ЖӨБ органдары менен иштөө тажрыйбасынын бар болгону; жергиликтүү жамаат менен иштөө тажрыйбасынын бар болгону; айылда аны колдогон топтун бар болгону;
  • 2019-2020-жылдар аралыгында ушуга окшош мектептерге катышуу тажрыйбасы болбошу керек.

Мектепке катышуу үчүн кызыкдар жактар жогоруда айтылган критерийлерге шайкеш келиши керек; өз тажрыйбасын жана пландарын сүрөттөп бергенде жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу каалоосу бар болгонун, буга умтулганын далилдеши керек. Катышуучулар өтүнмөнү тиркелген формага ылайык толтуруп чыгууга тийиш.

Мектептин катышуучулары конкурстун негизинде тандалып алынат.

ЖҮКТӨП АЛУУ ҮЧҮН МАТЕРИАЛ:  МЕКТЕП ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ӨТҮНМӨ ФОРМАСЫ

Документтерди толук көлөмдө 2020-жылдын 11-декабры саат 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча тапшырыш керек:

  • 720001, Бишкек шаары, Шевченко көчөсү, 114, же болбосо 
  • Алтынай Бузурманкулованын атына электрондук кат жиберсеңиз болот. Дареги: ABuzurmankulova@dpi.kg.

Толугу менен толтурулган өтүнмөнү жана дилбаянды:

  • электрондук форматта да,
  • кагазга жазылган форматта да берсе болот (кагазды басып чыгарыңыз).

Мектепке же өтүнмөнү толтурууга байланыштуу суроолор пайда болсо Долбоордун кызматкерине, Мектепти уюштуруу ишинде Порталды колдоого жооптуу болгон Алтынай Бузурманкулованын электрондук дарегине кат жазыңыз (ABuzurmankulova@dpi.kg) же телефон чалыңыз: 0312 976530, 0770 771156.

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар