БШК Жергиликтүү кеңештин депутаты үчүн Колдонмону бекитти

БШК Жергиликтүү кеңештин депутаты үчүн Колдонмону бекитти

Булак: https://shailoo.gov.kg/kg/npacik/Postanovleniya_CIK_KR-BShKnyn_toktomdoru/24012021-30-o-rukovodstve-dlya-kandidata-v-deputaty-mestnogo-kenesha/

Колдонмодо жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге карата талаптар, талапкерлерди кѳрсѳтүүнүн тартиби жана аны каттоо, ошондой эле талапкерлердин шайлоо фондусун түзүүнүн жана каражаттарын чыгымдоонун тартиби, талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрүнүн, ишенимдүү адамдарынын жана ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүнүн статусу жана ыйгарым укуктары камтылган.

24.01.2021 №30 Жергиликтүү кеңештин депутаты үчүн  ​​​​​​​Колдонмо жөнүндө

Жергиликтүү кеңештин депутаты үчүн Колдонмо жөнүндө

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жергиликтүү кеңештин депутаты үчүн Колдонмо бекитилсин.
  2. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 24-январы

№ 30

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар