• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • "2022 -жылга жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу" конкурсуна табыштамаларды...

"2022 -жылга жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу" конкурсуна табыштамаларды кабыл алуу узартылды!

Табыштамалар 2021-жылдын 17-сентябры саат 12:00гө чейин Долбоорду ишке ашыруучу Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесинде Долбоордун адиси Азамат Мамытовдун наамына төмөнкү ыкмалар менен кабыл алынат: Бишкек ш., Шевченко көч., 114, III кабат, же электрондук почта аркылуу: AMamytov@dpi.kg

Конкурстун потенциалдуу катышуучулары болгон ЖӨБ органдары тарабынын өтүнүчү боюнча конкурстун уюштуруучулары арыздарды кабыл алуу процессин 2021-жылдын 17-сентябры саат 12: 00гө чейин узартууну чечишти.

"2022 -жылга жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу" конкурсу 2021-жылдын апрель айында жарыяланган. Конкурс тууралуу Жобого ылайык, анда 2021-жылдын июнь, июль жана август айларынын аралыгында 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөргөн Кыргыз Республикасынын бардык облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары катыша алышат. 

Сынактын уюштуруучулары – Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлиги жана ЖӨБ Союзу менен биргеликте.

Конкурстун жалпы байге фонду – 3 200 000 сомдун тегереги. Байге фонду Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу каржыланат. 

Конкурс тууралуу Жобо жана табыштам формасы бул шилтеме аркылуу жеткиликтүү: http://vap.kg/ky/about_project/vacancies/full/139.html 

Версия для печати: print

Иш-чаралар