• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештердин болочок депутатынын мектеби: биринчи жыйынтыктар,...

Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештердин болочок депутатынын мектеби: биринчи жыйынтыктар, кыйынчылыктар жана аларды чечүүнүн жолдору

Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештердин болочок депутатынын мектеби: биринчи жыйынтыктар, кыйынчылыктар жана аларды чечүүнүн жолдору

Маалымат каражаттары үчүн маалымат: Нургүл Жаманкулова, долбоордун PR адиси: 0555 / 0500 313-385, 0770 771-711, njamankulova@dpi.kg

2021-жылдын 27-28-декабрында жергиликтүү кеңештин аялдар жана жаштар иштери боюнча болочок депутатынын мектебинин жыйынтыгын чыгаруу боюнча эки күндүк иш-чара болуп өттү [1]. Иш-чараны Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору өткөрдү.

Тажрыйба алмашуу 2 бөлүктөн туруп, экинчи бөлүгү Чүй облусунун Москва районундагы Садовский жана Беловодский айыл аймактарынын базасында өттү.

Бишкекте өткөн биринчи күнү катышуучулар – жергиликтүү кеңештин 30дан ашык депутат айымдары, жергиликтүү кеңештин аялдар жана жаштар иштери боюнча болочок депутаты мектебинин бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн алгачкы кадамдарын, жетишкендиктерин, кыйынчылыктарын жана аларды чечүүнүн жолдорун айтып, кийинки жылга пландары менен бөлүштү. 

"Катышуучулар жергиликтүү кеңештин депутаты катары жеке жетишкендиктерин талкуулап, баяндамаларды даярдап, өз кесиптештерине тартуулашты. Социалдык тармактарда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен сүйлөшүү жана өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн атайын медиа-эксперт тартылган. Ал коомдук отчеттуулук формасы жана байланыш каналдарын тандоо боюнча билими жана инструменттери менен бөлүштү. Ошондой эле катышуучулар коопсуздукту эске алуу менен социалдык тармактарда расмий отчеттон пост даярдоонун маанилүүлүгүн жана ыкмасын үйрөнүштү, - дейт мектептин тренери Айнура Балакунова.

Иш-чаранын экинчи күнүндө катышуучулар Садовский айыл өкмөтүнүн башчысы менен жолугушуп, иш сапарынын объектилери боюнча бир нече презентация материалдарын угушту:

  • “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр: жергиликтүү кеңештин депутаты эмнени билиши керек?”, презентатор: Нуржан Мамыралиева, мектеп тренери.
  • “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын иши кандай жолго коюлган? Садовский ААнын тажрыйбасы", презентатор: Саркулов Баялы, АКнын төрагасы; Молдокулова Жамал, туруктуу комиссиянын төрайымы.
  • "Бюджеттик процессте гендердик сезимталдык. Садовский ААнын иш тажрыйбасы", презентатор: жергиликтүү кеңештин депутаты Асадова Анара.
  • "Жергиликтүү кеңештин депутаттары балдардын билим алуу шарттарын жакшыртууга кандай көмөктөшөт?", презентатор: Саратовцева Лидия, туруктуу комиссиянын төрайымы.
  • “Социалдык шаарча – бул жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана аялдардын лидерлеринин инвестиция тартуусунун натыйжасы”, презентатор: Ахматова Жазгүл, жергиликтүү кеңештин депутаты.

Андан соң катышуучулар депутат-аялдардын катышуусунда курулган же эксплуатацияланган жана Садовский айыл аймагынын аймагында жайгашкан объектилер менен таанышты: социалдык шаарча, клуб, аллея жана мектеп окуучулары үчүн ысык тамак уюштурулган; «Бирдиктүү терезе» аркылуу калкка кызмат көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү практикасы менен таанышты.

Эки күндүк тажрыйба алмашуу турунун жыйынтыктоочу бөлүгү Москва районунун Беловодский айыл аймагынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу комитетинин практикасы болду. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары-аким иш-чаранын катышуучуларын кайрадан куттуктап, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук сыяктуу фактылар өздөрүнүн айыл аймактарынын тургундарын кыйгап өтсө деген ишенимин билдирди. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча Беловодск комитетинин төрагасы Сыдыгалиев Кеңешбек жана Беловодск айылдык кеңешинин депутаты, ҮБЗАКтын Москва району боюнча координатору Сыдыгалиев Кеңешбек, Элеонора, Сыйданова «Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу тууралуу райондук деңгээлде» практикасын киргизүү, аны түзүүнүн себептери жана жетишкендиктери тууралуу жеке тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Презентациянын видеосу шилтемеде жеткиликтүү:

Маалымат каражаттары үчүн: Нургүл Жаманкулова, долбоордун PR адиси: 0555 / 0500 313-385, 0770 771-711, njamankulova@dpi.kg 

____________

[1] Мектеп тууралуу кененирээк: https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=ru&id=29 

Версия для печати: print

Иш-чаралар