• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана...

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча методикасы тартууланат

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча методикасы тартууланат

Методиканы тартуулоого арналган алгачкы иш-чара бүгүн Бишкек шаарында өтөт.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча Методикасы Финансы министрлигинин 2022-жылдын 14-майында № 84-Б Буйругу менен бекитилген.

Жаңы Методиканы тартуулоо максатында 2022-жылдын 26-майынан 8-июнуна чейинки аралыкта Кыргызстандын аймагында коомдук бюджеттик угуулар, муниципалдык кызматкерлерди окутуу жана региондорду өнүктүрүү фонддору боюнча аймактык жолугушуулар өткөрүлөт.

Биринчи жолугушуу бүгүн, 26-майда, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Чуй райондорунун айыл өкмөттөрүнүн (АӨ) ФЭБ башчылары, Жалал-Абад облусунун Токтогул шаары, Токтогул районунун АӨлөрүнүн ФЭБ башчыларынын катышуусунда Бишкекте өтүп жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга аталган тема менен бирге муниципалдык кызматкерлерди окутуу жана региондорду өнүктүрүү фонддору (РӨФ) жөнүндө маалымат дагы берилет.

Аймактык жолугушуулардын катышуучулары: айыл өкмөттөрдүн финансы-экономика бөлүмдөрүнүн башчылары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (КР ФМ) шаардык жана райондук башкармалыктарынын жетекчилери жана регионалдык өнүктүрүү фонддорунун (РӨФ) өкүлдөрү.

Иш-чара Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору (Долбоор) тарабынан КР Финансы министрлиги, КР Экономика жана коммерция министрлиги (КР ЭКМ), КР Финансы министрлигинин Окуу борбору, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруула Союзунун (ЖӨБ Союзу) катышуусунда өткөрүлөт.

Версия для печати: print

Иш-чаралар