Швейцария Кыргызстанга Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгрессинин “Жергиликтүү демократия боюнча өнөктөш” статусун алууга көмөктөшөт

	 Швейцария Кыргызстанга Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгрессинин “Жергиликтүү демократия боюнча өнөктөш” статусун алууга көмөктөшөт

Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгресси – Европа Кеңешинин жергиликтүү бийлик органдарынын өнүгүүсүн колдоого арналган органы.

Кыргыз Республикасынын делегациясы 2022-жылдын 8-10-июнунда Страсбург шаарында (Франция) Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгресси[1] менен «Жергиликтүү демократия боюнча өнөктөш» статусун Кыргыз Республикасы тарабынан алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени[2] талкуулоодо. 

Таанышуу сапарынын жүрүшүндө тараптар Европа Кеңешинин жергиликтүү жана аймактык бийлик конгресси менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашат. Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана натыйжалуу региондук түзүмдөрдү өнүктүрүүнү колдоо; аймактар ​​аралык кызматташтыкты, өзгөчө чек арага жакын аймактарда, жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу.

Иш сапар Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту (ЭҮЖӨБОЖ долбоору) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

  • Жантаев Элчибек, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин (МКЖӨБМА) директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин позициясын билдирет;
  • Конгантиев Куванычбек, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;
  • Ормонова Авазкан, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрайымы;
  • Орозбаев Бектурган, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун директору; уюм Кыргыз Республикасы тарабынан “Жергиликтүү демократия боюнча өнөктөш” статусун алуунун үстүнөн иш алып барат;
  • Градваль Сабина, Өнүктүрүү саясат институтунун башкармалыгынын мүчөсү;
  • Бекиев Бекболот, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун жетекчиси.

_________________

[1] Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгресси – Европа Кеңешинин жергиликтүү бийлик органдарынын өнүгүүсүн колдоого арналган органы.  

[2] Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгрессинин Башкы катчысы Андреас КИФЕР "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун алкагында 2022-жылдын 3-мартында Бишкекте өткөрүлгөн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын биргелешкен ишинин натыйжасында жакшырган жашоо шарттары” аттуу эл аралык конференцияга катышкан. Түз алып берүүгө шилтеме: https://fb.watch/dyPJnqWfEp/  

Версия для печати: print

Иш-чаралар