• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Бюджет тууралуу көбүрөөк маалымат жамаатта күмөндү азайтат: 2012-жылы жергиликтүү бюджеттердин...

Бюджет тууралуу көбүрөөк маалымат жамаатта күмөндү азайтат: 2012-жылы жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы боюнча коомдук угуулардын сабактары

Арал, Сакалды жана Сумсар айылдык аймактары үчүн бюджет боюнча коомдук угуулар

Өзүнөн өзү бюджет боюнча коомдук угуулар көптөн бери эле жаңылык деле болбой калган. Бирок бул Арал, Сакалды жана Сумсар айылдык аймактары үчүн, ошондой эле бюджеттин аткарылышы боюнча угуулар кантип өтөөрүн көрүү максатында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун башка он пилоттук аймагынан келген коноктор үчүн бул иш-чара жаңылык болду. Бул угуулардын өзгөчөлүгү – 3 муниципалитет тең биринчи жолу көп адам катышкан масштабдуу иш-чара өткөрүп, ал жерде 2012-жылы жергиликтүү бюджет канчалык натыйжалуу сарпталганы талкууланды.

Мурда айыл өкмөтү жыйын өткөрүп, ал жерде калкка жасалган иштер тууралуу отчет тапшырып, бюджет тууралуу кыска маалымат берчү. Эми болсо үч айылдык аймактын тургундары алардын акча каражаты кантип сарпталып жатканын ийне-жибине чейин билип, чыгашалардын ар бир беренеси боюнча толук түшүндүрмө алышты: билим берүү, социалдык маселелер, коммуналдык кызматтар, АӨ ишмердүүлүгү, коомдук тартип, маданият жана спорт, айлана-чөйрө, башка чыгашалар. Мындан тышкары айыл тургундары бюджет кантип түзүлөөрүн жана ал эмнеден тураарын билишти.

Угуулардын маанилүү өзгөчөлүгү – жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин депутаттары катышып, алардын ыйгарым укугуна бул кирсе да, көбү үчүн жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу маселеси аягына чейин түшүнүксүз болчу.

Жалпысынан үч угууга 15 айылдан 350гө жакын киши катышты. Алардын ичинде жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жамааттардын лидерлери, мекемелердин жетекчилери жана айылдык аймактардын карапайым тургундары бар. Баарына алдын ала чакыруу барактары таратылып, анын ичинде 2012-жыл үчүн чыгашалар тууралуу кыскача маалымат камтылган.

Уюштуруучуларга коноктор келди: башка аймактардан 4-5тен адам (АА башчылары жана алардын орун басарлары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана жергиликтүү кеңештердин бюджеттик комиссиясынын төрагалары, финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн жетекчилери, долбоордун координаторлору, ошондой эле долбоордун райондук консультанттары. Жалпысынан эки облустун алмашуу сапарына долбоордун 10 пилоттук айылдык аймагынан 40тан ашуун киши катышты. Алар иш жүзүндө өз кесиптештеринин тажрыйбасын үйрөнүп, ушул өңдүү коомдук угууларды өз айылдык аймактарында да өткөрүүнү пландаштырып жатат.

Ысык-Көлдүн тажрыйбасы: Арал айылдык аймагы

“Жергиликтүү бюджет – 2012: канча, кайда жана эмне үчүн?” деп аталган коомдук угуулар 15-февралда Арал АА (Ысык-Көл облусунун Түп району) Сары-Дөбө айылындагы клубдун имаратында өттү. Айыл өкмөтүнүн адистери өз тургундарына 17859 500 сом өлчөмүндөгү бюджеттин киреше бөлүгү кантип түзулгөнүн, жергиликтүү бюджеттен 17673 758 сом эмнеге сарпталганын жана 185 742 сом өлчөмүндө арткан калган акча кантип сарпталаарын деталдуу түрдө айтып беришти.

Угууларга беш айылдан 150дөн ашуун адам катышты. ЭУЖӨБОЖ долбоорунун алкагында тажрыйба алмашуу максатында төрт АА өкүлдөрү конокко келди: Ак-Чий (Ак-Суу району), Бостери (Ысык-Көл району), Улахол (Тоң району) жана Липенск (Жети-Өгүз району).

Көрсөтмө угууларды эмне үчүн дал ушул Арал АА базасында өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды? ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун эксперттери Арал айылдык аймагында угууларга даярдыкка көз салып турушкан жана жетекчилердин, ошону менен катар башчынын орун басары Бакыт МАМЫТОВдун чоң кызыгуусун, ошондой эле финансы-экономикалык бөлүмдүн жетекчиси Назира САРМОЛДОЕВАнын жогорку кесипкөйлүгүн байкашкан. Тажрыйба алмашуу үчүн конокторду чакырчу жерди тандоодо аймактын көлөмү же бакубаттуулугу эмес, адамдардын өз жашоосун жакшы жакка өзгөртүү каалоосунун болгону маанилүү роль ойнойт. Мына ушул каалоо Арал АА толук өлчөмдө бар.

Натыйжада угуулар толук аншлаг менен өтүп, залда адамдар орун таппай калып, туруп турса да өтө кунт коюу менен угуп, темага байланыштуу актуалдуу суроолорду узатып, так жана тең салмактуу жоопторду ала алышты. Арал АА айылдарынын тургундарын мына булар кызыктырды:

СУРОО. Эмне үчүн ички жолдорго өтө көп акча сарпталды? Адамдар өздөрү эле чуңкурларды толтурбады беле?

ЖООП. Чындыгында эле, жарандар чуңкурларды өздөрү толтурган, бирок жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдар алынган: майда таш, шагыл, ижарага алынган машине күйүүчү май менен камсыздалып турду.

СУРОО. Эмне үчүн маданият жана спортко 495100 сом өлчөмүндө өзүн актабаган чоң акча сарпталган? Иш жүзүндө спорт жана маданият тармагында чоң жетишкендиктерди деле көргөн жокпуз го?

ЖООП. Негизги чыгашалар кызматкерлердин маянасына жана Социалдык фондго чегерүүлөргө (456012 сом), имараттарды кармоого, коммуналдык кызматтарга жана ремонтко кетти, ал эми иш-чараларга болгону 20 миң сом сарпталды.

СУРОО. Эмне үчүн жакыр үй-бүлөлөрдүн турак жайын оңдоого каражат бөлүнгөн эмес?

ЖООП. Кийинки жолу биз бул сунушту эске алабыз жана кеңештин сессиясында карап чыгабыз.

СУРОО. Бизде АРИСтин жардамы менен сатып алынган экскаватор бар. Эмне үчүн ал муниципалдык менчикте эмес, аймактык инвестициялык комитеттин балансында турат?

ЖООП. Биз азырынча мындай кымбат автотранспортту кармай албайбыз. Анын үстүнө бизде коммуналдык ишкана, муну менен катар штаттык түзүм да жок.

СУРОО. Эмне үчүн АӨ кызматкерлеринин штаты мынчалык чоң (20 адам)? Муну азайтса болобу жана кызматкерлердин маянасына кеткен чыгашаны азайтуу мүмкүнбү?

ЖООП. Штаттык түзүмдүн структурасын өкмөт бекитет, ал эми маяна ансыз да аз. Эгерде аны да кыскартып салсак, бул жер-
де эч ким иштебей калат.

Суроо-жооптордон маалым болгондой, Арал АА тургундарын деталдар кызыктырат, алар жамааттын менчигинин тагдырына тынчсызданууда, жергиликтүү бюджетке карата талаптары күчтүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлери туура жана ачык жоопторду берүүгө аракеттенип жатышты. Анткен менен кемчиликтер да болду. Угуулардын негизги кемчилиги – иш-чарага өз объекттерине кеткен бардык чыгашаларды тастыктап бере ала турган муниципалдык мекемелердин жана ишкана-
лардын жетекчилери катышкан жок. Анткени көпчүлүк суроолор дал ушул мекемелердин ишмердүүлүгүнө тиешелүү болчу. Ошентсе да башчынын орун басары Бакыт МАМАТОВ алып баруучунун ролун мыкты алып барып, көпчүлүк суроолорго канааттандырарлык жооп бере алды.

Угууларды өткөрүү процессинде жарандар өз сунуштарын билдире алганы, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларды карап чыгууга, мүмкүнчүлүк болсо ишке ашырууга милдеттүү болгону өтө маанилүү. Аралдагы угуулардын жүрүшүндө төмөнкүдөй сунуштар түштү:

• беш айылдын ар биринде бюджет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жалпы иши тууралуу бардык маалыматтарды дайыма илип турган такта орнотуу;

• квартал сайын ушул өңдүү иш-чараларды өткөрүп, аткарылган иштер тууралуу отчет берүү;

• мындай угууларга жергиликтүү бюджеттен каражатты түздөн-түз алган мекемелердин жетекчилеринин катышуусу маанилүү. Алар акча кантип жумшалганын айтып бергени оң.

Жалал-Абаддын тажрыйбасы: Сакалды айылдык аймагы

19-февралда Сакалды АА (Жалал-Абад облусунун Ноокен району) Сакалды айылынын тургундары К.Абдразаков атындагы №10 мектепте чогулуп, өткөн 2012-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын алгачкы жолу талкуулашты. Иш-чарага сегиз айылдан 115 өкүл катышты. Алардын ичинен 79у эркек жана 36сы аял. Жергиликтүү кеңештин 15 депутаты да иш-чарага катышты. Финансы-экономикалык бөлүмдүн жетекчиси Нурмира ЮСУПОВА калкка 2012-жылга бекитилген бюджеттин негизинде каржы тууралуу кеңири отчет берип, жергиликтүү бюджеттен 46 466 500 сом эмнеге сарпталганын, бюджеттин киреше бөлүгү 46 766 900 сом өлчөмүндө кантип түзүлгөнүн жана акча каражатынын калдыгы – 434 700 сом эмне үчүн артып калганын аймактын тургундарына кеңири айтып берди.

Сакалды айылына Жалал-Абад облусунун үч башка муниципалитетинен кесиптештер конокко келди: Бел-Алды (Токтогул району), Бешик-Жон (Базар-Коргон району) жана Багыш (Сузак району) айылдык аймактарынан 15 өкүл. Алгачкы суроолорду мына ушул коноктор узатып, коомдук угуулардын жүрүшүн аныктап беришти. Угуулардын коноктору суроолорду жаадырышты: жайыт комитеттери барбы, алар канча салык чогултат, АӨ бюджетине канча чегеришет,эгер андай болбосо, эмне үчүн бюджеттен малды саноого акча каражаты бөлүнөт; эмне үчүн чоң сумма сарпталган башка чыгашалар боюнча берене толугу менен ачыктала элек? Андан ары айыл тургундары да демилгени колго алып, чыгашалардын ар бир беренесине кызыгышты.

Актуалдуу суроолорду жергиликтүү кеңештин мурдагы төрагасы Мурат ЖУНУСОВ узатты. Мисалы, ал аймак бюджеттин профицити менен кантип чыкканына кызыкты. Балким сөз каржылоо толук ишпей калганы менен түшүндүрүлөт чыгаар? Анткени жергиликтүү бюджет тең салмактуу, балансталган болуш керек. Жооп: 434 700 сом өлчөмүндөгү бюджеттин профицити 2011-жыл үчүн өз убагында төлөнбөй калган салыктар боюнча карыздар төлөнгөнүнө байланыштуу болду. Кийинки суроо электр энергиясына байланыштуу болду, аны төлөөгө кеткен чыгаша 992 800 сомду түздү жана жылуулук (көмүр 363 460 сомго сатылып алынган).

Жооп: аймакта кабаттуу 8 чоң мектеп, 3 бала бакча, айыл өкмөтүнүн бир имараты, үч айылда көчө жарыгы бар. Мына ушул объекттерге каражат сарпталган.

Коомдук угуулардын соңунда аймактын тургундары өз сунуштарын киргизишти:

• калкта күмөн саноолор жана шек пайда болбошу үчүн “башка чыгашалар” беренесин кеңири чечмелеп берүү;

• муниципалдык менчиктеги объекттер үчүн электр кубатына жана көмүрдү сатып алууга кеткен чыгымдарды катуу көзөмөлдөө;

• демилгелүү топ менен биргеликте 2014-жылдын бюджет долбоорунда ар бир берене боюнча чыгашаларды так аныктоо;

• сегиз айылдын ар биринде квартал сайын кеңештин сессиясын өткөрүү. Ошондо бюджет боюнча угууларды өткөрүү жеңил болмок жана маалыматы жоктор менен нааразылар азаймак.

Жалал-Абаддын тажрыйбасы: Сумсар айылдык аймагы

20-февралда Сумсар АА (Жалал-Абад облусунун Чаткал району) Сумсар айылындагы орто мектептин имаратында эки айылдык аймактын 91 тургуну 2012-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча угууларга катышты. Сумсарга конокко Жаңы-Жол (Аксы району) жана Көк-Таш (Ала-Бука району) айылдык аймактарынын өкүлдөрү келди. Сумсар АӨ адистери 2012-жыл үчүн 34 225 500 сом өлчөмүндө кирешелердин жана чыгашалардын аткарылышы боюнча жалпы маалымат беришти. Чыгашалардын ар бир беренеси боюнча деталдуу маалымат берилди. Мисалы, “Турак жай-коммуналдык чарбачылык” бөлүмүнө 77 000 сом сарпталды. Алардын ичинен: Беккер чуңкурун курууга – 3000 сом, сейил бактын тегерегин тосууга – 15 000 сом, эки көпүрөнүн долбоорун иштеп чыгуу боюнча кызматы үчүн архитектурага – 34 500 сом, аймактын территориясын тазалоого – 10 000 сом, борбордук даараткананы тазалоого – 6 000 сом, габион-торчосун сатып алууга – 14 500 сом, пионерлер лагериндеги көпүрөнү калыбына келтирүүгө – 5 500 сом.

Арал жана Сакалды аймактарынын бюджетине салыштырмалуу Сумсардын бюджети калдыксыз 100% аткарылды.

Аймактын тургундарын кызыктырган суроолор:

СУРОО. Ремонт иштеринин сапатын жакшыртуу үчүн торук уюштурууга болобу?

ЖООП. Ремонтко торук өткөрүлбөйт. Ал эми азык-түлүк сатып алууга өткөрүлөт. Торукту өткөрүү үчүн негиздеме – сатып алуунун суммасы 500 миң сомдон төмөн болбош керек.

СУРОО. Силер эки мектептин гана ремонтун жасайсыңар. Эмне үчүн башка муниципалдык объекттердин ремонтуна акча
бөлүнбөйт?

ЖООП. Орто мектептердин ремонтуна каражат имараттын аянтына жараша республикалык бюджеттен бөлүнөт. Башка мекемелер ремонтко каражатты өздөрүнүн атайын кирешелеринен бөлөт.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сунуштары:

• жергиликтүү салыктар боюнча кеңири маалымат берүү керек. Мүмкүн болсо ар бир бөлүм боюнча, анын ичинде салыксыз түшүүлөр. Мисалы, жерге жана мүлккө салыктардан кирешелер кандай, компаниялардан жана фирмалардан кандай салыктык төлөмдөр түшөт, алар кантип бөлүштүрүлөт;

• кийинки жылдын бюджет долбооруна Мугалимдер күнүнө 10 миң сом бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу.

Тажрыйба алмашуу

Коноктор жергиликтүү калк менен биргеликте талкууларга активдүү катышып, актуалдуу суроолорду узатып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө өздөрүнүн оң тажрыйбалары менен бөлүштү. Угуулардан кийин алмашуу сапарынын катышуучулары ӨСИ консультанттары менен биргеликте өздөрүнүн айылдык аймактары боюнча топторго бөлүнүп алып, өздөрү катышкан иш-чарага анализ жасашты. Ар бир АА таблица түрүндө салыштырмалуу анализ жасады. Ал таблицада күчтүү жана чабал жактары, АӨ мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, сунуштар иштелип чыкты.

SWOТ-анализ деген эмне? Биринчиден, алмашуунун катышуучулары бюджетти коомдук талкууга алып чыгууну уюштурганда өздөрү үчүн көптөгөн тоскоолдуктарды ачышып, башкалардын катасын кайталабоо жана өз айылында коомдук угууларды уюштурууга даярдык көрүү жана өткөрүү процессинде ийгиликтүү ыкмаларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Экинчиден, уюштуруучулар анализге жана талкууга катышуу менен кесиптештеринен өз аракеттерине карата объективдүү баа алышты. Бул баа келечекте ушул өңдүү иш-чараларды натыйжалуу өткөрүү жана уюштуруу үчүн керек болот. Мындан тышкары Арал АА берилген сунуштар бюджетин ачык кылууга, аны талкуулоого калкты тартууга, өз жамаатынын жашоосун дагы да жакшыртууга, жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүүгө умтулган Кыргызстандын башка аймактарына да ашыкча болбойт.

Токтобаева Роза, Бостери АӨ боюнча адис: “Бул тажрыйба алмашуу биз үчүн жемиштүү болду. Аралдыктар коомдук угууларды биринчи болуп өткөрүштү жана муну жакшы уюштурушту. Биз, чакырылган катышуучулар, көп нерсени үйрөндүк: элди кантип чогултуш керек, коомдук угууларды кантип уюштуруу керек, элдин көңүлүн кантип бурдуруп, бет ачарды кандайча өткөрүү зарыл, суроолорго кантип жооп берип, алып баруучу калкты кызыктырган чыгашалардын ар бир түрү боюнча конкреттүү мисалдарды келтирип, тургундардын көңүлүн мүмкүн болушунча кантип бурдура алат. Эми биз да коомдук угууларды өткөрөйүн деп турабыз. Ошон үчүн болгон аракетибизди жакшы даярдык көрүүгө жумшап, угуулар Арал айылдык аймагынан кем эмес өтөт деп үмтөтөбүз”.

Арал АА коомдук угууларга карата алмашуу сапарынын катышуучулары берген SWOT-анализдин натыйжалары

КҮЧТҮҮ ЖАКТАРЫ:

• жарандардын катышуусу (саны көп);

• жарандардын жергиликтүү бюджетке кызыгуусу;

• таратып берме материалдардын калк үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү болгон;

• алып баруучунун жана сөз сүйлөөчүнүн жогорку билим деңгээли;

• уюштуруучулар узатылган суроолорго даана/так жоопторду беришти;

• АӨ аппараты эптүү иштеди;

• анкета толтуруу;

• калктын бардык катмары катышты (эркектер, аялдар, жаштар, карылар ж.б.)

• мүмкүн болушунча ачык/айкын болуп, өз пикирин ачык жана эркин билдирүү үчүн калкка шарт түзүлүп берилди;

• алдын ала даярдык иштери жогорку деңгээлде болгон; (зал тематика боюнча даярдалган, окуучулардын концерти, оргтехника менен толук камсыздалган, угууга көп сандагы катышуучулар тартылган);

• кийинки жылдын бюджети үчүн сунуштар берилди;

• жаштар көп санда катышты;

• коомдук угуу башка АӨ үчүн үлгү болуп калды;

• калктын тилектештиги билинип турду;

• тажрыйба пайдалуу болду.

ЧАБАЛ ЖАКТАРЫ:

• коомдук угуу өткөн имарат жакшы, ремонттолгон, бирок суук экен (клуб);

• жаштар пассивдүү;

• башка кызматкерлер маалымат берген жок (мисалы, салыктар боюнча адис, айыл башчы, мектептердин жана бала бакчалардын директорлору);

• темадан тышкаркы суроолор берилип жатты;

• жаштардын чабал катышуусу;

• айрым катышуучулар үчүн таратып берме материалдар акырына чейин түшүнүктүү болгон жок.

МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР:

• коомдук угууларды башка темаларга да өткөрсө болот;

• жергиликтүү маанидеги иштерге калк өзү да активдүү катышса болот;

• кызыгуу пайда болду;

• бюджеттик көбөйтүү багытында иштөө;

• калк менен тыгыз өз ара мамилелерди түзүү;

• катышкан аялдардын санын көбөйтүү.

СУНУШТАР:

• иш-чара өткөн жерди жылуулук менен камсыздоо;

• коомдук угууларды тез-тез өткөрүп туруу;

• гранттар боюнча толук маалымат берүү;

• мүмкүн болушунча кеңейтилген бюджетти бериш керек;

• көрсөтмө материалдарды көп санда колдонуш керек;

• таратып берме материалдарды коомдук угуулар башталган чейин эртерээк берүү;

• уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин дагы да активдүү катыштыруу.

Версия для печати: print

Иш-чаралар

  • Коомдук угууларды өткөрүү үчүн көмөкчү материалдар

    2018-жылдын май-июнь айларынын аралыгында Ош, Нарын жана Чүй облустарында өткөрүлгөн атайын тренингдердин катышуучулары үчүн, бюджет долбоорун талкуулоого арналган коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн көмөкчү материалдар.

Конкурсы