Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 21-январында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 21-январында кабыл алынган.

Мыйзам жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары ошондой эле тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан чакыртып алганда мөөнөтүнөн мурда токтотуулаарын аныктоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизген 2013-жылдын 16-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясынын 5-бөлүгүнүн сегизинчи абзацын, 2-статьясынын 2-бөлүгүн, 3-статьясынын 1-бөлүгүн конституциялык эмес деп табылгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимин аткаруу максатында кабыл алынды.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамдарга тиешелүү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыялаган күндөн тартып күчүнө кирет.

Версия для печати: print

Иш-чаралар