Ош облусунун Гулистан аймагынын тургандары артыкчылыктуу долбоорлорду талкуулашты

Ош облусунун Гулистан аймагынын тургандары артыкчылыктуу долбоорлорду талкуулашты

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Гулистан айылдык аймагында бүгүн, 2017-жылдын 16-январь күнү, артыкчылыктуу долбоорду тандоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулган айылдык жыйын болуп өттү. 

Жыйындын катышуучуларынын назарына Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Шаназаров Эргешали “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун Чакан гранттар программасынын сынагына катышуунун критерийлерин жана жалпы эле сынактын жобосун тартуулап, катышуучуларды жыйындын жүрүшүндө активдүү болууга чакырды.

Айыл өкмөтүнүн башчысынан кийин сөз алышкан жергиликтүү Демилгечи топтордун лидерлери жана мүчөлөрү өз кезегинде аймактын тургундарына 5 долбоор тартуулашты. Тартууланган долбоорлордо сүрөттөлгөн артыкчылыктуу көйгөйлөр өз убагында атайын жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү биргелешип аныктоо боюнча иш аракеттердин жүрүшүндө аныкталган. Аныкталган көйгөйлөр өзүнүн маанилүүлүгүнө жараша Биргелешкен аракеттер планына киргизилген.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга тартууланган 5 долбоор добушка коюлуп, эң көп добушка Фрунзе айылынын Жаңы-Абад участкасынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган долбоор ээ болду - 111 добуш. Калган 4 долбоор төмөнкү сандагы добушка ээ болушту: 

  • Аймактын 4 мектебине эмерек жана жабдууларды алуу – 92 добуш.
  • Гулистан айылындагы мектептин тегерегин тосуу – 77 добуш.
  • Фрунзе айылындагы бала бакчаны оңдоп-түзөө – 21 добуш.
  • Гулистан айылындагы бала бакчаны капиталдык оңдоп-түзөө – 6 добуш.

Иш-чара Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (#SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоордун иш планына ылайык, жыйындын жүрүшүндө артыкчылыктуу деп табылган долбоор Чакан гранттар программасынын сынагына катышуу укугун алат.  

Версия для печати: print

Иш-чаралар