Жергиликтүү бюджеттердин негизинде жарандык бюджетти түзүү: WEB багытындагы тиркеме

Жергиликтүү бюджеттердин негизинде жарандык бюджетти түзүү: WEB багытындагы тиркеме

2019-жылдын 23-апрелинен 25-апрелине чейин Нарын шаарындагы Борбордук Азия Унверситетинин базасында "Жергиликтүү бюджеттердин негизинде жарандык бюджетти түзүү" деген аталышта тренингдер өткөрүлөт. 

"Жергиликтүү бюджеттер боюнча Жарандык бюджетти түзүүнүн веб багытындагы тиркемесин иштеп чыгуудагы эң негизги максат – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын финансы кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү жана бюджеттик маалыматты берүүнүн бирдиктүү форматын жыйылтуу. Тиркеме КР Финансы министрлигинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №166-П буйругу менен бекитилген Жергиликтүү бюджеттер боюнча жарандык бюджетти түзүү методикасынын негизинде иштелип чыкты. Бул иш аракет Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында КР Финансы министрлиги жана КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик менен өнөктөштүктө  ишке ашырылууда. Тиркемени туура колдонуу үчүн Жарандык бюджетти тескөө боюнча атайын Колдонмо даярдалды. Бул Колдонмо бюджеттик маалыматты алууну каалаган жарандарга да, Тиркеменин иштеши үчүн маалыматтарды киргизип турууга милдеттүү ЖӨБ органдарынын жооптуу адамдарына да пайдалуу болот. Тренингдердин практикалык бөлүгүндө катышуучулар тиешелүү маалыматты веб-тиркемеге жайгаштырган соң, каалоочулар өздөрүнүн айылдык аймактарынын жарандык бюджеттери менен http://gb.minfin.kg сайтынан тааныша алышат", - дейт Азамат Мамытов, тренер, Долбоордун муниципалдык каржылар боюнча адиси.

Тренингдер:

  • 23.04.2019 – Кочкор жана Жумгал райондоруна караштуу айыл өкмөттөрүнүн финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн башчылары
  • 24.04.2019 – Ак-Талаа жана Ат-Башы райондоруна караштуу айыл өкмөттөрүнүн финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн башчылары
  • 25.04.2019 – Нарын районуна караштуу айыл өкмөттөрүнүн финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн башчылары

үчүн уюштурулуп, алар менен катар КР Финансы министрлигинин райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилери да катышууда. 

Тренингдер Долбоор тарабынан уюштурулуп, КР Финансы министрлиги жана КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө өткөрүлүүдө. 

Ушул эле программанын негизинде тренингдерди Ош жана Чүй облустарында да өткөрүү пландалган.