Бюджеттин ачык-айкындуулугунун муниципалдык индексти эсептөө боюнча таанышуу жолугушуусу

Бюджеттин ачык-айкындуулугунун муниципалдык индексти эсептөө боюнча таанышуу жолугушуусу

Таанышуу жолугушуусу Достук айылдык аймагында ЖӨБ жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

2019-жылдын 26-апрелинде Нарын облусунун Нарына районуна караштуу Достук айылдык аймагында «Бюджеттин ачык-айкындуулугунун муниципалдык индекси» деген аталышта таанышуу жолугушуусу болуп өттү.

“Аталган жолугушуу Бюджеттин ачык-айкындуулугунун муниципалдык индексти (мындан кийин – БАМИ) эсептөө жана анын деңгээлин жогорулатуу үчүн Долбоордун кызыкдар муниципалитеттерине көмөк көрсөтүү аркылуу Бюджеттик кодекстин ачык-айкындуулук талаптарын аткаруу жана БАМИни колдонуу тажрыйбасы менен тааныштыруу үчүн өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты – жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесске жарандарды тартууга, бюджеттин ачык-айкындуулугу, калктын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын ортосуна диалог түзүүгѳ жагымдуу чѳйрѳнү түзүүгѳ кѳмѳктѳшүү. Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүн түзгөн катышуучулар БАМИ менен таанышкан соң, 2019-жылга Индекстин иш планын талкуулоо жана 2018-жылдын Индексине базалык (баштапкы) эсептөө жүргүзүү боюнча иш алып барышты” – дейт Азамат Мамытов, «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун1 муниципалдык каржы боюнча адиси.

Бюджеттин ачык-айкындуулугунун муниципалдык индекси – бюджеттин ачык-айкындуулугунун деңгээлин баалоо индикаторлорунун бири болуп саналат. БАМИ КР Финансы министрлиги жана Долбоордун ѳнѳктѳштүгүндѳ иштелип чыгып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдѳ жарандык катышты күчѳтүүгѳ багытталган. Индекс бюджет боюнча маалыматтын ачык-айкындуулугун жана бюджеттик процесске жарандардын катышуусун баалайт жана жергиликтүү коомчулук, жарандык коомдук уюмдар (ЖКУ) жана ѳкмѳттүк эмес уюмдар (ѲЭУ) (ѳлкѳнүн бюджетинин ачык-айкындуулугунун индекси сыяктуу) тарабынан эсептелет. Индексти колдонуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 129-беренесинде каралган.

  • 1-индекс: бюджеттик документтин курамы, толуктугу жана көрүнүктүүлүгү
  • 2-индекс: калкка бюджеттик маалыматтын жеткиликтүүлүгү
  • 3-индекс: бюджеттик процессте жарандардын катышуусу

___________________

1 Долбоор Швейцариянын Ѳнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарылат.